Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи

80
0

Муфтият айт күнүн алдын ала белгиледи

Муфтият Орозо айт күнүн 30-мартка белгиледи. Бул тууралуу билдирүү 25-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтына чыгарылды. Бул чечим ТМУ өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва кеңешмесинде  кабыл алынган.

Мусулмандар жашап жаткан региондор, мейли бири-биринен алыста жайгашкан болсо да, алар орозо тутуу жана аны ачууда биригүүлөрү важип. Анткени, бул тууралуу ачык насс келген. Шариятта бирер маселе жөнүндө ижтихад талап кылбаган насс келген болсо ошол маселе жөнүндө айтылган сөздөргө каралбастан, бир гана насс алынат.

Биринчи далил: Алла Тааланын мына бул аяты:

«Демек, силерден ким бул айга күбө болсо орозо тутсун» [2:185]

شهد – сөзү “билди” маанисинде келген. Буга мисал Алла Тааланын мына бул аяты: «(Ханыша) айтты: «Эй адамдар, мага бул ишимде фатва-кеңеш бергиле. Мен тээ силер күбө болмоюнча бир да иш жөнүндө өкүм кылуучу эмесмин» [27:32]. Пайгамбар (с.а.в) өз сөздөрү жана иш-аракеттери менен ушул маанини баян кылып берген. Пайгамбар (с.а.в)дын өзү да өзгөлөрдүн айды көрүшү менен орозо туткан жана аны ачкан. Анткени, Расулулла (с.а.в) өз алдында «айды көрдүм» деп күбөлүк берген адамга: Алладан башка илах жоктугуна жана Мухаммад Алланын Расулу экенине күбөлик бересиңби? – дегенде, анын «ооба» деп жооп бергени менен чектелген. Анткени, бул – шаръий өкүмдөгү шахадат түркүмүнө кирет жана ал мусулман адамдан гана кабыл алынат.

Экинчи далил: Алла Тааланын мына бул аяты:

«(Эй Мухаммад) Сенден айлар жөнүндө сурашат. Айткын: ал (айлар) адамдар жана ажылык үчүн убакыт өлчөөсү болот. [2:189].

Айлар болсо он эки ай.  شهر т.а. ай деп эки жаңырган айдын ортосундагы убакытты айтабыз. Эгер кандайдыр бир мамлекетте ай көрүлсө биз балан ай жаңырыптыр деп айта алабыз. Ал болсо орозо тутуу жана ажылыкка барышыбыз үчүн убакыт өлчөөсүнө айланат.

Үчүнчү далил: Алла Тааланын мына бул аяты:

«Эй момундар, Аллага моюн сунгула жана Пайгамбарга о.э. өзүңөрдөн болгон (мусулман) акимдерге моюн сунгула! Эгер бирер нерсе жөнүндө тартышып калсаңар, эгер чынында эле Аллага, акырет күнүнө ишенсеңер, ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла! Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим» [4:59].

Аллага кайтаруу дегени анын Китебине кайтаруу болуп эсептелет, мунун мааниси мухкам (ачык-айкын) аят муташабих (түшүнүү кыйын болгон) аят үстүнөн өкүм чыгаруучу болот. Ал эми, мансух (өчүрүүчү) аят болсо насих (өчүүчү) аят үстүнөн өкүм чыгаруучу болот. Мисалы, арак арам кылынгандыгы тууралуу өкүм үч баскычта түшкөн. Алгач, зыяндуулугу тууралуу, андан соң намазда мас абалда турбоо тууралуу, акырында толук арам кылынгандыгы тууралуу аят түшкөн. Мусулмандар акыркы өкүмгө амал кылат жана ага чейинки аяттар насих кылынган.

Ал эми Расул (с.а.в)га кайтарууга келсек, мындан максат, Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген мусулман Расул (с.а.в)дын кылган иштери жана баян кылып берген сөздөрү алдында токтоосу керек болот. Ошолордун бири мүшкүлдүк жана жалпылыкты алып таштоо боюнча Пайгамбар (с.а.в)дын: «صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ»

«(Ай)ды көрүп орозо туткула жана аны көрүп ооз ачкыла…» деген хадиси.

Муну өз иш-аракети менен да көрсөтүп берген. Мисалы, башка адамдын айды көрүүсү менен орозо туткан жана ооз ачкан. Мындан тышкары, мында айдын ар түрдүү жерлерден чыгышы да, ар бир мамлекеттин аны өзү көрүүсү да айтылбаган.

Төртүнчү далил: Байхакий өз «Сунан»ында Али ибн Ахмад ибн Абдан риваят кылат. «Расулулла (с.а.в) бизге айды көрүп орозо тутууга жана айды көрүп орозону ачууга, эгер асман булуттуу болсо (шаъбанды) отуз күн кылып эсептөөгө буюрган». Ибн Аббас аны тафсир кылган абалда айткан.

Бешинчи далил: Пайгамбарыбыздын мына бул сөздөрү:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثَلاَثِينَ»

«(Ай)ды көрүп орозо туткула жана айды көрүп орозону ачкыла. Эгер (асман) булуттуу болсо санакты отуз күн кылгыла» (Т.а. шаъбанды отуз күн кылып эсептегиле).

Мусулмандар орозо тутуу жана орозону ачууда биригүүлөрү зарыл экени туурасында келген эң ачык хадис мына ушул. Себеби, Расулулла (с.а.в)дын: «صُومُوا وَأَفْطِرُوا орозо туткула жана орозону ачкыла» деген сөздөрү бүтүндөй Үммөтү үчүн айтылган. Бул – «صُومُوا وَأَفْطِرُوا орозо туткула жана орозону ачкыла» деген сөздөрү жөнүндө. Ал эми «فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ эгер (асман) булуттуу болсо» деген сөзүнө келсек, буйрукту «эгер» деген шартка байланыштуу кылган. Кудум (эгер айды булут каптап көрүнбөй кала турган болсо орозо туткула) дегени. Акыйкатта болсо, ал бизге көрүнбөгөнү менен айрым адамдарыбыз көрүшкөн. О.э. көрүнбөй калса деген өткөн чак этиши мажхул нисбатка курулган. Кудум, бул (эй мусулмандар, эгер айды кай бириңер көрсөңөр аны көрүү менен орозо тутуу жана орозону ачуу баарыңарга шарт болот) деп айтылган сөз сыяктуу болот.

Алтынчы далил: Байхакий Варко ибн Умар аркылуу Абдуляъла Саълабийден, ал болсо Абдуррахман ибн Абий Яъладан риваят кылышынча, Абдуррахман айтат: «Мен Баро ибн Аазиб жана Умар ибн Хаттаб менен Бакиъде бирге элем. Ошондо ал жаңы айга карады. Кийин бир атчан келип калды. Умар ага учурап: Кайдан келдиң? – деген эле, ал: Магрибден, – деди. Айды көрдүңбү…? – деген эле, ал: Ооба, – деди. Умар: Аллаху акбар, бул адамдын (айды) көрүшү (бардык) мусулмандарга жетиштүү болот, – деди. Дарукутний да ушул хадисти ушуга жакын мааниде риваят кылган.

Эми, астрономиялык эсептөөлөр айдын чыгышын анык белгилей алат деген сөзгө келсек, астрономдор күн батып бара жатканда айдын көрүнүшү туурасында убакытты ар түрдүү белгилешет. Ошондой болсо да, биз айдын чыгышынын акыйкаты менен эмес, аны көрүү менен орозо кармайбыз жана орозодон чыгабыз. Расулуллах (с.а.в) бизди ушуга буюрган:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозо туткула (орозону баштагыла), айды көрүп ооз ачкыла (орозону бүтүргүлө), эгер асманды булут каптаган болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла». Себеби, Рамазан айы бар болушу, бирок, булут тосуп турганы себептүү көрүнбөй калышы мүмкүн. Ошондо биз бул хадиске ылайык санакты толук жеткиребиз. Демек, орозо кармоонун далилдеринде келгендей айды көрүү важиб.

Демек, орозону кармоону жана рамазандан чыгууну белгилөөдө астрономиялык эсептөөлөр жайиз болбойт, шаръий көрүү важиб.

Жыйынтыктап айтканда, ай тууралуу ачык далилдер турганына карабай ихтилаф кылуучулар мусулмандар өлкөлөрү бөлүп ташталуусунун дагы да бекемделүүсүнө салым кошуп жатышат. Алар мындай фатваларын шаръий өкүмгө ээрчигени үчүн эмес, тескерисинче, Сайкс Пико келишимине моюн сунганы үчүн ишке ашырышууда. Аллахым бизге нусратын жакын кылсын жана бир Үммөт катары айт майрамын бир күндө белгилешибизди насип кылсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here