Эрдогандын Европа Биримдиги менен болгон дилеммасы

28
0

Эрдогандын Европа Биримдиги менен болгон дилеммасы

2025-жылдын 3-мартында Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган: «Европа континентинин коопсуздугун Түркиясыз элестетүүгө болбойт»,- деп билдирди. Бул тууралуу ал Анкарада, Адилет жана Өнүгүү Партиясынын (АК Партия) штабында өткөрүлгөн дипломатиялык ифтар маалында айтты. Ал сөзүн улап: «Биз Европанын ажырагыс бөлүгү катары Евробиримдикке кошулуу биз үчүн стратегиялык артыкчылык болуп саналат»,- деди. Ошондой эле Түркия өзүнө татыктуу орунду албаса, Европа глобалдык оюнчу катары сакталып кала албашын кошумчалады.

Түркиянын Евробиримдик менен болгон мамилесине көз чаптыра турган болсок, Анкара бул уюмга кошулуу аракетин 1959-жылдын 31-июлунан тартып баштаган. Андан бери ондогон жылдар бою ар кандай макулдашуулар, протоколдор жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бирок Түркия толук мүчө боло элек. Бул Европанын Түркияны кабыл алууга олуттуу ниети жок экенин, тескерисинче, аны бир тараптан үмүткө жетелеп, экинчи тараптан басмырлап, шантаж кылуу саясатын жүргүзүп жатканын көрсөтөт. Бул ыкма аркылуу Европа Түркияны өзүнө жакын кармап, андагы исламий баалуулуктарды азайтууну, ошондой эле, аймактагы таасирин бекемдеп, АКШга уттурган позицияларын кайтарып алууну көздөйт.

2005-жылдын 3-октябрында Түркия Евробиримдикке мүчөлүк талаптарына расмий түрдө ылайыктуу деп табылган. Бул чечимге АКШнын басымы чоң роль ойногон. Анткени Вашингтон Түркияны Евробиримдиктин ичинде өз кызыкчылыгы үчүн таасир кыла ала турган факторго айландырууну каалаган. Бул боюнча ошол кездеги Франциянын Тышкы иштер министри Бернар Кушнер да ачык айтып чыккан.

Бирок, Евробиримдик мүчөлүк маселесин улам созуп, Түркиянын алдына 35 пункттан турган талаптар тизмесин койгон. Алардын ичинде:

  • Кипр маселеси;
  • Күрттөрдүн укуктары;
  • Алавиттердин абалы;
  • Армяндар боюнча талаштар;
  • Аялдардын укуктары;
  • Адам укуктары;
  • Бир жыныстуулардын укуктары;
  • Конституциялык реформалар;
  • Демократиялык өзгөртүүлөр;
  • Жалпы мыйзамдык өзгөртүүлөр сыяктуу маселелер камтылган.

2016-жылы Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр туруктуу токтоп калды. Бул ошол учурда Эрдогандын Ахмет Давутоглуну (ал кездеги премьер-министр) кызматтан четтеткенден кийин болду. Давутоглу түркиялыктар үчүн Европага визасыз режим киргизүү боюнча макулдашууга жетишкен болчу. Бирок анын кызматтан четтетилиши менен бул келишим ишке ашкан жок. Ошондон бери Европа Түркияны Евробиримдикке кошуу боюнча сөз жүзүндө гана сүйлөп, бирок иш жүзүндө эч кандай олуттуу кадам жасаган жок. Бул болсо Анкаранын чексиз күтүүсүн, ал эми Брюсселдин басым саясатын уланта беришин шарттап келет.

Эрдоган азыр Европанын жана АКШнын ортосундагы чыңалууну өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылууда. АКШ Европа Биримдигин кулатууга жана Европаны Орусиянын алдында коргоосуз калтырууга умтулуп жаткан шартта, ал Түркиянын Биримдикке киришин кайрадан талап кылып, Европанын коопсуздугун Түркия менен байланыштырып жатат. Ошону менен бирге, Түркияны дүйнөлүк саясатка таасир эте турган маанилүү фактор катары көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ал Европаны Түркияга коопсуздук жана саясий жактан көз каранды кылып жатат. Болбосо, АКШ Европаны кулатып, ал эми Орусия анын коопсуздугуна коркунуч жаратмак. Эгер Түркия Биримдикке кирсе, анда АКШ муну оң кабыл алат, анткени Түркия анын таасир чөйрөсүндө турат. Ошентип, Түркия Европа менен АКШнын ортосунда ортомчулук кылып, акыркысына чыңалууну басаңдатып, Европаны эл аралык активдүү өнөктөш катары кабыл алууга көндүрмөк.

Ошондой эле, Эрдоган Европанын кайрадан Орусиядан коркунуч сезип жатканын белгилөөдө. Ал Түркия Европанын бир бөлүгү экенин эске салып, бул коркунучка каршы күрөшүүдө ансыз каршы тура албасын билдирүүдө. Түркия 1952-жылдан бери НАТОнун мүчөсү болуп, Европаны түштүк тарабынан коргоп келген. Союздук блоктун Орусия жетектеген чыгыш лагерине каршы туруусунда да маанилүү роль ойногон. Азыр Украинадагы согуштан кийин Орусиянын коркунучу кайтып келди, ошондуктан Европа Түркияга муктаж.

Эрдоган Түркиянын Европа Биримдигине киришин стратегиялык артыкчылык катары эсептейт. Эгерде бул ишке ашса, анда Түркия Биримдиктин ичинде АКШнын кызыкчылыгы үчүн таасирдүү роль ойнойт. Ошол эле учурда, ал өз өлкөсү үчүн экономикалык пайда алууну көздөйт. Ал Европанын муну создуктуруп, кечеңдетип жатканын түшүнөт жана Түркиянын мүчөлүгү дээрлик мүмкүн эместигин билет. Бирок бул маселени ички саясатта өз позициясын чыңдоо үчүн колдонуп, элге Түркиянын Биримдикке киришине үмүт бардай түр көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, ал бул маселени тышкы саясатта да колдонуп, Европанын Түркияга каршы кастыгын азайтууга жана ага карата жеңилдиктерди берүүгө аргасыз кылууга аракеттенүүдө. Ал Европага АКШ (айрыкча Трамптын учурунда) жана Орусиянын жетекчилиги менен жакшы мамиледе экенине ишарат кылып, аларды өзүнө кызыктырууга умтулат. Анткени Европа Украинадагы согуштан кийин Орусия менен байланышын жоготту жана эми АКШны да жоготуу коркунучуна кептелип турат.

Эрдоган бул жагдайда Түркияны Европа үчүн “куткаруучу кеме” катары көрсөтүп, ошону менен бирге, өзүнүн эл аралык аренадагы ордун чыңдоого жана АКШга дагы кызмат көрсөтүүдө маанилүү фигура экенин далилдөөгө аракеттенүүдө. Муну Ливия, Азербайжан жана Сириядагы аракеттери сыяктуу эле, Түркиянын маанилүүлүгүн көрсөтүү үчүн колдонууда. Ошол эле учурда, бул кадамдар анын 2028-жылкы президенттик шайлоого талапкерлигин бекемдөөгө жана эл ичиндеги колдоосун жогорулатууга багытталган.

Бул Эрдогандын таптакыр исламий көз караш менен ойлонбогонун тастыктайт. Болбосо, ал Европа Биримдигине кирүүгө умтулуп, ага жетүү үчүн европалыктарга көптөгөн жеңилдиктерди бермек эмес. Айрыкча, мыйзамдарга алардын бузулган баалуулуктары үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бармак эмес. Бул өзгөртүүлөр үй-бүлө, аялдар маселеси, сексуалдык азчылыктар жана эркиндиктер тууралуу европалыктардын мурунтан бузулган мыйзамдарын андан бетер бузууга багытталган. Белгилүү болгондой, Түркиянын азыркы мыйзамдарынын негизи да Европанын эски мыйзамдарынан алынган. Алар Мустафа Кемал тарабынан Халифалыкты жана шариатты башкаруудан алып таштоо үчүн көчүрүлгөн.

Европалыктар Түркияны толугу менен жоготуп албоо үчүн аны Биримдикке мүчө болууга үмүттөндүрүп келишет. Анткени Түркиянын БРИКСке кошулууга кызыгуусу бар. Алар Түркияны Биримдикке киргизбей туруп, аны тышкы өнөктөш катары кармоону көздөшөт. Себеби, Түркия Биримдикке кирсе, ал эң чоң европалык өлкөгө айланмак. Калкы жана аймагы боюнча эң ири мамлекет болуп калмак. Мындан тышкары, Түркия АКШ менен тыгыз байланышта болгондуктан, бул Америкага Европа Биримдигинин ичинде да таасирин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзмөк. Бирок алар Түркияны НАТОго мүчө катары кабыл алышкан, анткени ал Орусияга каршы коргонуу үчүн керек болгон жана НАТОнун желеги астында Түркияга аскердик базаларын жайгаштыруу менен ислам дүйнөсүнүн жүрөгүндө тамыр жайган. Ошентип, алар Түркияны өз кызыкчылыгы үчүн колдонгусу келет, бирок АКШнын Түркияны аларга каршы курал катары колдонушун каалашпайт.

Ошондой эле, алар Европа Биримдигинин христиандык мүнөзүн сактоого умтулуп, 80 миллиондон ашуун мусулмандын өз катарларына киришин каалашпайт. Алар мусулмандарга карата ашыкча сезимтал жана күчтүү кастык көз карашта болушуп, аларды өз континенттеринде кабыл алууга чыдай алышпайт. Азыр Европадагы миллиондогон мигранттарга, алардын балдарына жана неберелерине карата да чоң нааразычылыктар бар. Бул европалыктардын ислам жана мусулмандарга болгон терең кек сактоосунун бир бөлүгү. Алар мусулмандарды коомго интеграцияланууга жөндөмсүз деп эсептешет. Анткени алар динин жана маданиятын бекем карманышат. Бул болсо Европаны башкарган секуляристтерди да, ашкере улутчулдарды да тынчсыздандырат. Улутчул радикалдар өз өлкөсүндө башка улуттун өкүлдөрүнүн болушун көтөрө албайт, ал эми мусулмандарга болгон жек көрүү сезими аларда андан да күчтүү.

Эгер Эрдоган чыныгы исламий көз караш менен ойлонсо, ал Түркияны адилеттүү Халифалык мамлекетинин борборуна айландырууну көздөмөк. Ал мусулман өлкөлөрүн бириктирип, дүйнө жүзүндө болжол менен эки миллиарддык калкка ээ, 32 миллион чарчы километрлик аймакты камтыган жана мунай, газ, башка кен байлыктары, ар кандай байлыктарга бай Ислам дүйнөсүн бир мамлекетке айлантууга аракет кылмак. Анда Европа Биримдигинин чириген түзүмүнө да, анын алсыз союзуна да муктаждык болбойт эле.

Роя гезити

Асад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here