Адендеги Борбордук Банктын доллар сатуу аукциондору улуттук валютанын кескин арзандашына чечим эмес

16
0

Басма сөз баянаты

Адендеги Борбордук Банктын доллар сатуу аукциондору улуттук валютанын кескин арзандашына чечим эмес

Адендеги Борбордук Банк 2025-жылдын 9-мартында «7-2025» номерлүү аукцион аркылуу 30 миллион доллар сатууну сунуштады. Буга чейин, 2025-жылдын 20-январында «1-2025» аукционунда 50 миллион доллар сатууга коюлган. Борбордук Банк бул доллар сатуу аукциондорун 2021-жылдын аягынан бери Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк сыяктуу ачык базар саясатын карманган эл аралык финансылык уюмдардын колдоосу менен өткөрүп келет. Бул кадам коррупция шегинен арылуу жана каржы системасындагы мыйзамсыз каражаттарды тазалоо шылтоосу менен ишке ашууда.

Адендеги Борбордук Банктын бул кадамы улуттук валюта – риалдын туруктуу арзандашын токтотуунун убактылуу чарасы болуп саналат. Дүйнөлүк банк 1995-жылдан бери Йемендин Борбордук Банкынын каржылык жана административдик реформаларын көзөмөлдөп, казына облигацияларын чыгаруу, мунай жана буудайга мамлекеттик субсидияларды алып салуу сыяктуу чечимдерди таңуулаган. 2011-жылы Эл аралык валюта фонду да өлкөгө кирип, акыркы 30 жыл аралыгында экономикага оң таасир тийгизүүнүн ордуна, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмү төмөндөшүнө, базардагы баалардын өсүшүнө жана карапайым элдин турмушу оорлошуна себепчи болду. Мунун натыйжасында АКШ Йемендин Адендеги өкмөтүн жана Британияга баш ийген сегиз кишилик президенттик кеңешти Хуситтер менен келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн экономиканы саясий курал катары пайдаланууда.

Йеменди экономика аркылуу көзөмөлдөө максатында АКШ 2017-жылы Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк менен катар Американын Эл аралык өнүктүрүү агенттигин (USAID) да ишке тартты. Бул агенттик 2029-жылга чейин Адендеги Борбордук Банктын негизги секторлорун кайра түзүү, анын техникалык инфраструктурасын жаңыртуу жана башкаруу системасын өзгөртүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Ошондой эле, британ-америкалык PKF каржы консалтинг компаниясы банкты көзөмөлдөө үчүн кеңеш берүү кызматын аркалоодо. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн бул чаралары мунайга бай өлкөнүн начарлап кеткен экономикасын оңдоого жардам берген жок. Анткени дал ошол Батыш мамлекеттери Йемендин мунайын чалгындап, өндүрүп, сатып, андан түшкөн каражаттарды өз колуна алган. Андан соң, ошол эле каражатты Йеменге насыя катары берип, азыр болсо бул карыздын ордун толтуруу үчүн өлкөнүн мунай секторун толук көзөмөлдөөнү көздөп жатышат.

Йеменде жана жалпы мусулмандар жашаган өлкөлөрдө болуп жаткан бул кайгылуу абалдын негизги себептери төмөнкүлөр:

  1. Халифалыктын эл аралык саясий майданда жоктугу;
  2. Капиталисттик системанын колдонулушу;
  3. Батышка баш ийген жетекчилердин бийликте болушу.

Йемендин экономикалык маселесин чечүүнүн жолу – азыркы капиталисттик системаны толугу менен кулатып, анын ордуна Ислам экономикалык системасын орнотуу. Бул өзгөрүү Исламдын саясий, социалдык жана тышкы саясаттагы бардык өкүмдөрүн камтышы керек. Мунун бардыгы пайгамбарлык жолу менен кайрадан орнотула турган экинчи Халифалык мамлекетинин жетекчилиги астында ишке ашат. Ар бир мусулман дал ушул Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Себеби, ал дүйнөдө улуулукка жетишүүнүн жана акыретте кутулуунун кепилдиги болуп саналат.

Хизб ут-Тахрирдин Йемендеги маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here