Америка өзүнүн кудайчаларын жеп жатат!

29
0

Америка өзүнүн кудайчаларын жеп жатат!

Жахилият доорунда арабдар кээ бир кудайчаларын курмадан жасап, ачка болгондо аларды жеп салышчу! Бүгүн болсо, тарых кайра кайталанууда, бирок алда канча татаал формада. Батыш эркиндиктерди ыйык деп жарыялап, ой жүгүртүү, дин, сөз эркиндиги, тынч жыйындарды өткөрүү, саясий катышуу, аз улуттардын укуктарын коргоо, кыйноолорду жана адамгерчиликсиз мамилени тыюу сыяктуу принциптерди көтөрүп чыкты. Бирок ошол эле Батыш бул баалуулуктарды капиталисттер менен бийлик элитасынын кызыкчылыгына каршы келгенде четке кагууга даяр.

Кээ бир Европа өлкөлөрүндө мусулман аялдарынын мектептерде, жумуш орундарында жана коомдук жайларда хижаб кийүүсүнө тыюу салынган. Либерализм теориясы боюнча бул жеке эркиндик болуп эсептелет, бирок бул “эркиндик” үстөмдүк кылган маданий жана саясий күн тартибине кызмат кылган учурда гана иштеген сыяктуу.

Бүгүнкү күндө АКШда дагы бир ачык карама-каршылыкты көрүп жатабыз. Университет студенттери Газа тилкесинде геноцидди жана күчтөп көчүрүү саясатын сындап, конституциялык укугуна ылайык өз пикирлерин билдиргенде, Трамп администрациясы жана анын артында турган каржылык жана саясий күчтөр аларды кылмышкер кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Студенттерди университеттен чыгаруу менен гана чектелбестен, чет элдик студенттерди өлкөдөн чыгаруу менен да коркутууда.

Газадагы окуялар Батыштын эркиндикти ыйык деп эсептегени жалган экенин ашкереледи. Капиталисттик системада эркиндик бийликтеги элитанын кызыкчылыгына кызмат кылган учурда гана бар. Ал эми каршы келгенде  заматта жок кылынат.

Ушундай болгон соң, кайрадан Исламга көңүл бурууга убакыт келди! Ислам эркиндикти куру ураанга айлантпастан, адамды адамдардын кулчулугунан бошоткон, укуктарды кызыкчылык эмес, адилеттик негизинде орноткон толук тутум катары түзгөн. Халифа Умар (р.а.) элге кайрылып сүйлөп жатканда, бир аял аны оңдоп койгондо, ал өзүнүн катасын мойнуна алып: “أخطأ عمر وأصابت امرأة”

“Умар жаңылды, аял туура айтты”, – деп айткан. Башка күнү: “متى استعبدتم الناس وقد ولدتهم أمهاتهم أحرارا”!

“Качантан бери силер адамдарды кулга айланта турган болдуңар эле? Алардын энелери аларды эркин кылып төрөгөн?” – деп айткан.

Ислам укуктарды жана милдеттерди адамзатка эркек-аял же улутуна карабай белгилеген. Ислам динди мажбурлоо менен таңуулабаган. Аллах Таала мындай дейт:

 ﴿لَا إِكْرَاهَ فِي الدِّينِ قَد تَّبَيَّنَ الرُّشْدُ مِنَ الْغَيِّ﴾

«Бул динде зордоо (Ислам динине зордоп киргизүү) жок. Анткени, туура жол менен адашуу ажырап болду». (Бакара, 256). Ал эми ишенимди акыл жана ой жүгүртүү негизинде кабыл алуу керектигин айткан:

﴿إِنَّ فِي خَلْقِ السَّمَاوَاتِ وَالأَرْضِ وَاخْتِلاَفِ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ وَالْفُلْكِ الَّتِي تَجْرِي فِي الْبَحْرِ بِمَا يَنفَعُ النَّاسَ وَمَا أَنزَلَ اللهُ مِنَ السَّمَاء مِن مَّاء فَأَحْيَا بِهِ الأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍ وَتَصْرِيفِ الرِّيَاحِ وَالسَّحَابِ الْمُسَخَّرِ بَيْنَ السَّمَاءِ وَالأَرْضِ لآيَاتٍ لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ﴾

«Албетте, асмандар менен жердин жаралуусунда, түн менен күндүн алмашуусунда, деңизде адамдарга пайдалуу нерселерди алып жүргөн кемелердин сүзүп жүрүшүндө, Алла асмандан түшүргөн сууда, (Алла) жансыз жерди тирилтип, бардык жандууну жаратып-жайып жиберишинде, шамалдардын башкарылуусунда, жер менен асмандын ортосунда (Жалгыз Аллага) баш ийген булуттарда, акыл жүгүртө билген адамдар үчүн (Алланын бар экенине) ачык аян-белгилер бар». (Бакара, 164).

Ислам мыйзамдардын негизин калыстыкка жана такыбаалыкка негиздеп, күчтүүлөрдү алсыздарды коргоого милдеттендирген. Пайгамбар ﷺ  айткан:

«أَلَا كُلُّكُمْ رَاعٍ وَكُلُّكُمْ مَسْئُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ».

«Ар бириңер жоопкерсиңер жана ар бириңер өз жамаатыңар үчүн жооп бересиңер».

Исламда чындыкты коргоо жеке же жамааттык кызыкчылыктардан жогору турат. Аллах Таала мындай деп айткан:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ كُونُواْ قَوَّامِينَ بِالْقِسْطِ شُهَدَاء لِلّهِ وَلَوْ عَلَى أَنفُسِكُمْ أَوِ الْوَالِدَيْنِ وَالأَقْرَبِينَ﴾

«Эй момундар, адилет менен туруп, ошондой эле өзүңөргө каршы, же ата-эне жана тууган-уруктарыңарга каршы болсо да, Алла үчүн туура күбөлүк берүүчү болгула!» (Ниса, 135).

Биз мусулмандарды Исламды кайрадан терең карап чыгууга чакырабыз. Аны жөн гана маданий мурас катары эмес, коомду Аллахтын мыйзамдары менен башкаруучу толук кандуу түзүм катары көрүүгө үндөйбүз. Ошондой эле Америка коомуна, ойчулдарына жана акыйкат издеп жүргөн ар бир адамга кайрылып, Исламды медиа аркылуу бурмаланган көрүнүшүндө эмес, ачык акыл жана калыстык менен изилдөөгө чакырабыз. Ислам – дүйнөнү тар кызыкчылыктардын үстөмдүгүнөн жана баалуулуктарды тебелеген капиталисттик системадан куткара турган адилеттүү альтернатива.

Аллах Таала мындай дейт:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ﴾

«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла жана билип койгула, албетте, Алла ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат жана Анын алдына топтолосуңар». (Анфал, 24).

“Хизб ут-Тахрирдин” Америкадагы маалыматтык бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here