Коомду оңдоодон мурун кылынбашы зарыл болгон нерселер

93
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ПИКИР – баа жеткис БАЙЛЫК  (4)

Коомду оңдоодон мурун кылынбашы зарыл болгон нерселер

Коомду оңдоодон мурун анын бузулушун токтотуу керек. Коомду буза турган негизги нерсе – бир сөздү чындык экенин билбестен айтуу. Айрыкча даъватчылар, имам-дамлалар шариятка, мужтахид иштеп чыккан өкүмдөргө, пикирлерге негизделбестен “шарият ушул”, “мунун шаръий өкүмү ушундай” деп өз пикирин шариятты жамынып элге, өзүнө ишенген инсандарга жеткириши кыянаттык болуп эсептелет. Аллах Тааланын азабына дуушар болот. Аллах Таала айтат:

وَلَا تَقُولُوا۟ لِمَا تَصِفُ أَلۡسِنَتُكُمُ ٱلۡكَذِبَ هَـٰذَا حَلَـٰلوَهَـٰذَا حَرَاملِّتَفۡتَرُوا۟ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۚ إِنَّ ٱلَّذِینَ یَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا یُفۡلِحُونَ () مَتَـٰعقَلِیلوَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِیم

«Аллах жөнүндө жалган жалаа ойлоп табуу үчүн (атап айтканда Аллах буюрбаган өкүмдөрдү Аллахтыкы деш үчүн) тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бул адал, бул арам» дей бербегиле. Анткени Аллахтын абройуна жалган жалаа жапкан адамдар эч кутулбайт. (Андай адамдар үчүн бул дүйнөдө) аз гана пайда болот. (Акыретте болсо) алар үчүн жан чыдагыс азап бар». [16:116-117].

Абу Хурайра (р.а.) Расулуллахтан (с.а.в.) риваят кылат:

 من أُفتيَ بغير علم كان إثمه على من أفتاه

Ким илимсиз фатва чыгарса, күнөөсү фатва бергенге болот. (Абу Давуд, Хаким риваяттары).

Сахаба-кирамдар да, белгилүү аалымдарыбыз да ката фатва берүүдөн коркушуп, мүмкүн болушунча суроого жооп берүүдөн качышкан. Имам Малик ибн Анас (р.) мындай деген: “Кимден бир маселе жөнүндө суралса, жооп берүүдөн мурун өзүн бейишке жана тозокко бетме-бет кылсын, жыйынтык кандай болот деп, андан кийин жооп берсин.

Абу Ханифа (р.) айтат: “Эгер илимди сая кетирүүдөн Аллах Тааладан коркпогонумда, мен фатва бербейт элем! Алар эсен болушат (т.а. проблемаларын чечип алышат), анын жүгү мага болот.

Аалымдарыбыз минтип таалим берген: “Шаръий чечим туурасындагы суроого жооп берүүдөн мурун башын мылтыктын кундагына коюп, туура жооп берсем тирүү каламын деген сезим менен жооп берсин. Анткени, куфрга кызмат кылуу үчүн алар менен убадалашуу шарт эмес, даъватчынын акмак болушу жетиштүү”.

Уммат тарыхта кыянаттан абдан көп жабыр көргөн, азыр да сарай уламаларынын адаштыруучу фатваларынан жабыр тартып, зулумдардан арыла албай жатат. Ошондуктан даъватчылар да шаръий деп айтып жаткан ар бир сөзүнө катуу маани бериши, кимдин ижтихады экенин ишеничтүү булактардан текшерип алгандан кийин айтышы кажет. Антпесе фарзды аткарамын деп кыянаттык кылып коёт. Аллах сактасын. Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в.) айтат:

مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ فَلْيَقُلْ خَيْرًا أَوْ لِيَصْمُتْ

«Ким Аллахка жана акырет күнүнө ишенсе, жакшы сөз сүйлөсүн же унчукпай турсун». (Муттафикун алайх).

Кыянаткелишилген келишимге ылайык өз жоопкерчилигиндеги вазыйпасы боюнча башкаларга зыян жеткирүү, өзүнө болгон ишеничти бузуу, башкалардын акысын аткарбастык, аманаттын тескериси.

Аманат – шаръий таклифитер, дагы бир жерде “шариятка итаат кылуу” делген. Ал бардык тармактагы буйрук жана тыюуларды өз ичине камтыйт. Аманат жетекчиге, элчиге, даъватчыга, дарыгерге, мугалимге, журналистке айтор бардык тармактагы жоопкер адамга жүктөлгөн. Аманатка турбаган адам ким болушуна карабастан, саткын болуп эсептелет. Демек, кыянаттан сактануу үчүн сергек болуу керек, анткени кыянаттын зыяны өтө кооптуу, майданы кең. Аз же көп болсун, чоң же кичине болсун, мукаллафтын жоопкерчилиги андан четте болбойт. Маселен, балдарыбызга туура эмес тарбия берип жаткан окутуучу, ооруну аныктабастан же дары-дармектерди, ийнелерди оорулуу адамга пайдалуу болушуна ишенбестен дарылап жаткан дарыгер, шектүү адамдын кылмышкер экени ырасталбастан мурун же кылмыш кылбаганы анык болгондон кийин да кылмышкердей мамиле кылып жаткан орган кызматкери, бейкүнөө инсанды эркинен ажыратып жаткан судя-прокурорлор, өз калкынан жашырып, байлыктарыбызга, кендерибизге ээ болууну көздөгөн куфр державалар менен тил бириктирип жаткан жетекчи, элибизди маңкурт кылуу, акыйкаттан таалим берүүнү токтотуу үчүн кошуна мамлекеттин коопсуздук кызматтары менен жашыруун келишимдерди түзүп жаткан, ушул боюнча ар түрдүү пландарды иштеп чыгып жаткан УКМК кызматкерлери, динди ибадат, адеп-ахлак, жеке маселеге гана чектеп, коом, экономика, ички жана тышкы саясат, эл аралык саясат жөнүндөгү исламий чечимдерди жашыруу, бул дүйнөдөгү жаза-чараларын айтпастан шариятка моюн сунбоонун жазасын Акырет азабы менен гана чалгыткан имам-дамлалар, шариятка негизделбестен таалим берүүчү даъватчылар жана башка ушул сыяктуу, шариятка моюн сунбастан элди, өзүнө ишенген инсандарды алдап жаткандардын баары – саткындык кылган болушат. Туура, азыр алардын баарын эле саткынга чыгарып болбойт, анткени көпчүлүк адамдар Исламды, ар бир нерсенин шаръий өкүмдөрүн билишпейт. Ошондуктан оболу баарына Исламдан таалим берүү керек. Түпкүлүгүндө даъваттын акыйкаты да дин иштерин туйгуларга байлап, Акырет азабынан эскертип таалим берүү. Андан кийин да билип туруп башкалар туурасында шариятка итаат кылышпаса алар саткындар болот.

Даъватчынын мойнунда куфр диярында болгондо да, Ислам диярында болгондо да ага белгиленген вазыйпалар турат. Даъватчы куфр диярында болгондо аны өзгөртүп, Ислам диярына айлантуу үчүн Исламды түшүндүрүү, ага амал кылууну кайрадан баштоо үчүн өзү үлгү болуп Исламдан таалим бериши керек.

Усама ибн Зайддын риваятында Пайгамбар (с.а.в.) мындай деген:

يجاءُ بالرجُلِ يَوْمَ القيامَةِ فيُلْقَى في النارِ ، فتَنْذَلِقُ أقتابُهُ ، فيدورُ بها في النارِ ، كما يدورُ الحمارُ برحاهُ ، فيُطِيفُ بِهِ أهلُ النارِ ، فيقولونَ : يا فلانُ ! ما أصابَكَ ؟ ألم تكنْ تأمرُنا بالمعروفِ وتنهانا عنِ المنكَرِ ؟ فيقولُ : بلَى ، قَدْ كنتُ آمرُكُم بالمعروفِ ولَا آتِيهِ ، وأنهاكُم عَنِ المنكَرِ وآتِيهِ

 «Кыямат күнүндө бир киши алып келинип, тозокко ташталат. «Карыны бүкүрөйүп чыгып калып, алардын айланасында эшек тегирмендин айланасында айлангандай айланып жүрөт. Анын жанына тозокулар чогулуп: «Эй, баланча, сага эмне болду, сен жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарат элең го?!», – дешет. Ал: «Ооба, ошондой кылгам, мен жакшылыкка буйрудум, бирок өзүм кылбадым, жамандыктан кайтардым, бирок өзүм кылдым», деп жооп берет». (Муттафакун алайх).

Меккедеги кафирлер мусулмандардан кафир болууну, Исламдан кайтууну, даъват кылбоону, Исламды адамдарга жеткирбөөнү талап кылышкан. Азыркы залим акимдер да дал ошондой кылышууда, андан да ашырып жиберишүүдө. Алар даъватчылардан, айрыкча, уламалардан, имам-дамлалардан арамзалардын өкүмдарлыгына кызмат кылып, мусулман өлкөлөрүндө кафирлердин таасиринин мөөнөтүн узарткан пикирлерди өнүктүргөн пикирий жактан малай жана тыңчыларга айланып, кызматташып иш алып барууну талап кылышууда. Тыңчылар, пикирий адаштыруучулар, куфрду ыраазы кылган фатва чыгаруучу малайлардан түзүлгөн мындай топтор азыр да табылат. Мынчалык жийиркеничтүү талапты жада калса Курайш да койбогон. Бул талаптарды жүзөгө чыгаруу үчүн Мекке кафирлери өлтүрүү, азаптоо, азар берүү, өз жеринен куугунтуктоо, камоо, байлап коюу, хижраттан тосуу, мал-дүйнөсүн тартып алуу, маскаралоо, алаканы үзүү, жалган кабарларды таратуу сыяктуу ар түркүн ыкмаларды колдонушту. Азыркы залим акимдер да ошол ыкмаларды колдонушууда, алардан да ашырып жиберишти. Алар өз мүмкүнчүлүктөрүн электр энергия сыяктуу учурдагы ачылыштарды оор өнөр жайды, аскерий өнөр жайды өнүктүрүү үчүн эмес, мусулмандарды азаптоо үчүн колдонушууда.

Даъватчы болсун, имам-дамлалар болсун, көчө активисти, аксакалы же “домкому” же башка кесип ээси болсун, айырмасыз, опузалоодон коркуп, кыянаттык кылышы жайиз эмес. Мындай өтө оор арамдан сактануу үчүн – ким болушубузга карабастан – эч кимди алдабашыбыз, бирөөгө зыян жеткирбешибиз, кылып жаткан ишибизде кыянат кылбашыбыз керек. Айрыкча динге, Умматка же башка бир момунга кыянат кылуудан сактанышыбыз зарыл. Анткени, кыянаттык кылуу өлүм менен коркутулганда да жайиз эмес. Эки зыяндын жеңили эрежеси өлүмгө туш кылынганда арам тамак жегенге уруксат берсе да же куфр сөзүн айтуу жайиз болсо да бирөөгө, айрыкча динге, Умматка зыян жеткире турган нерсеге таптакыр уруксат бербейт. Жада калса куфр малайлары анык билген маалыматты да айтуу же тастыктоо жайиз эмес. Анткени, алардын билиши мусулмандардын зыянына далил болбойт, бирок сиздин айтууңуз же тастыктооңуз сотто мусулмандардын зыянына далил болот. Ошондуктан шарият куфрга жана анын малайларына билбеген маалыматты гана айтуу арам деп шарт койбоду. Балким, билсе да, билбесе да куфрга же аларга кызмат кылып жаткан малайларга ар кандай маалыматты айтуу шаръий түрдө жайиз эмес, арам болот.

Маъкал ибн Ясар риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в.) мындай деген:

ما مِنْ عبدٍ يسترْعيه اللهُ رعيَّةً ، يموتُ يومَ يموتُ ، وهوَ غاشٌّ لرعِيَّتِهِ ، إلَّا حرّمَ اللهُ عليْهِ الجنَّةَ

«Бир пендеге Аллах бир коомду башкарууну (жоопкерчиликти) берсе, ал өз коомун алдаган бойдон өлүп кетсе, шек-күмөнсүз, Аллах ага беийишти арам кылат». (Муттафакун алайх).

Абу Саъид Худрий риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в.) айтат:

لِكُلِّ غادِرٍ لِواءٌ يَومَ القِيامَةِ، يُرْفَعُ له بقَدْرِ غَدْرِهِ، ألا ولا غادِرَ أعْظَمُ غَدْرًا مِن أمِيرِ عامَّةٍ.

«Кыямат күнүндө ар бир саткындын жамбашында бир байрагы болуп, кыянатына карап бийик көтөрүлүп турат. Эскертемин, калк үстүндөгү амирдин кыянатынан өткөн үлкөн кыянаттык жок». (Муслим).

Абу Хурайра риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в.) айтат:

«مَنْ غَشْنَا فَلَيْسَ مِنَّا»

«Ким бизди алдаса, ал бизден эмес». (Муттафакун алайх).

Абдуллах ибн Масъуд риваят кылган хадисте Пайгамбар (с.а.в) айтат:

«مَنْ غَشَنَا فَلَيْسَ مِنَّا وَالْمَكْرُ وَالْخِدَاعُ فِي النَّارِ»

«Ким бизди алдаса, ал бизден эмес, куулук жана алдамчылык тозокто». (Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде келтирген).

Аллах Таала айтат:

یَـٰۤأَیُّهَا ٱلَّذِینَ ءَامَنُوا۟ لَا تَخُونُوا۟ ٱللَّهَ وَٱلرَّسُولَ وَتَخُونُوۤا۟ أَمَـٰنَـٰتِكُمۡ وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ

Эй, ыйман келтиргендер, билип туруп Аллахка, Пайгамбарга жана аманаттарыңарга кыянат кылбагыла”. [8:27].

Муфаккир Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here