Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили

22
0

Басма сөз баянаты

Каир саммити – араб мамлекет башчыларынын ыйык Палестина жерин таштап кеткенинин далили

Каирде ислам үммөтүн оор абалга туш кылган шарттарда, анын ичинде Газадагы яхудийлердин кол салуусу жана Палестина маселеси боюнча күчөп жаткан эл аралык басым шартында шашылыш араб саммити өттү. Күткөндөй эле, саммит акырында айыптоо жана нааразычылык билдирүүлөр менен чектелген билдирүү кабыл алынып, кризистин түпкү себептерин чечпеген жасалма чечимдер сунушталды. Бул саммитке кандай баа берүү керек? Анын жыйынтыктарына кандай мамиле кылуу зарыл?

Араб мамлекет башчылары кризистер күчөгөндө шашылыш саммит өткөрүп турууга көнүп калышкан. Бирок мындай саммиттер саясий же аскердик абалды түп-тамырынан өзгөртүүгө алып келбейт. Алардын негизги максаты элдин нааразычылыгын басуу үчүн «араб дүйнөсүнүн аракетин» көрсөтүү, бирок батыштык державалардын аймактагы кызыкчылыктарына тийишпөө. Акыркы саммит да бул эрежеден четке чыккан жок. Ал «палестиналыктардын мажбурлап көчүрүлүшүнө каршы чыгуу» жана «Газаны кайрадан куруу планын кабыл алуу» сыяктуу чакырыктар менен гана чектелди. Ошол эле учурда яхудийлер Батыштын колдоосу менен кол салууларын улантып жатышат, ал эми саммитке катышкандар аны токтотуу үчүн эч кандай реалдуу кадам жасаган жок.

Саммиттин эң коркунучтуу жыйынтыктарынын бири, анын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) резолюцияларына негизделген саясий чечимди колдоосу болду. Бирок чындыгында, БУУ эч качан ислам үммөтүнүн кызыкчылыктарын коргобогон, тескерисинче, Батыштын колониялык долбоорлорун таңуулаган курал болуп келген. Ошондой эле араб мамлекет башчылары эки мамлекет чечимин сунуштоо менен элди алдоо аракетин көрүшүүдө. Бул саясий көз боёмочулук, анткени яхудийлер баскынчылык долбоорун тынымсыз улантып, «Палестина мамлекети» үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк калтырган жок.

Саммит Палестина маселесинин негизги чечимин – яхудийлерди жихад жолу менен кууп чыгуу жана ислам үммөтүн бириктире турган халифалыкты тикелөө маселесин – толугу менен көз жаздымда калтырды. Бул халифалык ислам үммөтүнүн армияларын яхудий баскынчыларына каршы согушка багыттамак. Бирок араб мамлекет башчылары Батыштын баскынчылыкты сактап калуу долбоорлоруна аралашып, исламий чечимден алыстап жатышат.

Палестина жөн гана гуманитардык же саясий маселе эмес, ал ислам ишеними менен байланышкан маселе. Аны бошотуу шарияттын буйругу жана аны кечиктирүү чоң күнөө. Палестинаны толук бошотуу бүтүндөй үммөттүн милдети, аны аткаруу үчүн армиялар, айрыкча чектеш мамлекеттердин армиялары, биринчи кезекте Египет армиясы, дароо аракетке өтүшү керек.

Саммиттин негизги темаларынын бири «Газаны кайра куруу» маселеси болду. Бул Батыштын дагы бир ыкмасы болуп, элдин нааразычылыгын басуу жана палестиналыктарга жардам көрсөтүү менен көйгөйдү чечүүгө болоорун көрсөтүү. Бирок оккупация уланган шартта кайра куруу, баскынчылыкты бекемдөөдөн башка нерсе эмес. Анткени, яхудийлер бардык курулган нерселерди кайрадан кыйратышат. Чыныгы чечим, жардам сурап жалбаруу эмес, ислам үммөтүн жана анын армияларын Палестинаны бошотууга мобилизациялоо. Бул үммөттүн жана анын армияларынын, айрыкча Египет жана анын армиясынын негизги милдети.

Кайра куруу – кризисти кайрадан пайда кылуу

Газада кайра куруу иштери башталганы менен, бул процесс аймактын курчоодо жана туруктуу коркунуч астында кала беришин камсыздайт. Ошол эле учурда, «кайра куруу» деген аталыш менен миллиарддаган долларлык келишимдер түзүлүп, эл аралык жана араб компаниялар андан пайда көрүшөт. Яхудий түзүмү курулуш материалдарынын киришине көзөмөл жүргүзүп, кээде аларды өз компанияларынан сатып алууга мажбурлайт. Демек, кайра куруу процесси да анын кылмыштарынын натыйжасында башталып, ага пайда алып келүүдө. Ошондой эле, араб өлкөлөрү, өзгөчө Египет, яхудий баскынчыларынын негизги өнөктөшү болуп, Газага кирүүчү бардык ресурстарды көзөмөлдөп турат.

Оккупацияланган күчтөр Газадагы карапайым элге каршы кылмыштарын улантып жатканына карабастан, саммиттин жыйынтыктарында алардын кол салууларын токтотууга багытталган эч кандай конкреттүү чаралар камтылган жок. Жада калса кыска мөөнөттүү болсо да, элдин канын төгүүнү токтотуу үчүн дипломатиялык мамилелерди үзүү, аскердик кызматташууну токтотуу же коопсуздук тармагындагы координацияны токтотуу сыяктуу кадамдар да көрүлгөн жок. Мындан тышкары, яхудий түзүмүнө колдоо көрсөткөн мамлекеттерге экономикалык кысым көрсөтүү чаралары да сунушталган жок. Тескерисинче, айрым араб мамлекеттери аларды колдоонун ордуна дагы деле баскынчылар менен каршылык көрсөтүп жаткан тараптын ортосунда ортомчулук кылууда. Ал эми Египет бийлиги элди тынымсыз кысымга алып, Батыштын талаптарын кабыл алууга мажбурлоону улантып жатат.

Саммиттин жыйынтыктары араб мамлекет башчылары көйгөйдүн негизи экенин дагы бир жолу тастыктады. Алар Батыштын аймактагы долбоорлорун ишке ашыруучу куралдар гана. Эгерде алар Палестинаны бошотууга чындап ниеттенишкенде, яхудий түзүмү эч тоскоолдуксуз баскынчылыгын улантып жаткан учурда ислам армиялары казармаларында кала бермек эмес.

Бул саммит жаңы эч нерсе сунуштаган жок. Ал мурдагы жүзөгө ашпай калган, үммөт үчүн эч кандай пайдасы болбогон саммиттердин уландысы болду. Мындай саммиттер ислам үммөтүнүн кыйноолорун күчөтүү менен гана чектелди. Бирок бул элдер үчүн чындыкты ачык көрүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк. Алар мамлекет башчыларынын саткынчылык аракеттери менен эч качан жеңишке жетише албай турганын түшүнүшү керек. Үммөттүн тагдыры саткын макулдашуулар менен эмес, исламдын башкарууга кайтып келиши жана ислам үммөтүн уурдалган даңкына кайтарган саясий революция менен гана өзгөрөт.

Оо, Египет аскерлери!

Сиздер Иерусалимди кресттүүлөрдөн бошоткон Салахуддиндин, монгол баскынчылыгын токтоткон Кутуз жана Бейбарстын урпактарысыздар. Ислам үммөтүнүн калканы жана жеңишинин булагы болгонсуздар. Ошондуктан, Аллахтын сиздерге жүктөгөн милдетин аткарыңыздар! Сиздер бир нече сааттын ичинде Палестинадагы боордошторуңуздарды колдоп, алардын жерлерин бошото аласыздар. Андыктан, Аллах үчүн аракет кылып, сиздерди бул улуу вазыйпаны аткаруудан тосуп жаткан залим башкаруучуларды четке кагып, алардын мыйзамсыз чечимдерин жана чыккынчылык келишимдерин жокко чыгарыңыздар!

Үммөттүн даңкын кайтаруучу мамлекетти – пайгамбарлык минхажы негизиндеги халифалыкты тикелөө аркылуу ислам үммөтүнүн жеңишине орток болуңуздар! Бул мамлекет сиздерди исламды жана анын ыйыктыктарын коргоого багыттайт. Аллахтан сурайбыз, бул улуу иш сиздердин колуңуздар менен жүзөгө ашсын! Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا لَكُمْ لاَ تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاء وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَـذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ وَلِيّاً وَاجْعَل لَّنَا مِن لَّدُنكَ نَصِيراً﴾

«(Эй момундар), силерге эмне болду, Алла жолунда жана: «Раббибиз, бизди тургундары заалим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы жибергин», – деп жаткан эркектер, аялдар жана балдардан турган бечаралар (ды азат кылуу) жолунда согуш кылбай жатасыңар?!»  (Ниса, 75-аят).

Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү, Египет вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here