Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан

73
0

Мээримдүүлүк – жакшы кулктардан

Момундардын эң жакшы кулктарынын бири – бул мээримдүүлүк. Бирок момундардын кимге жана качан мээримдүү болушу Аллахтын буйругуна ылайык болот. Аллах Таала момундар үчүн Өзүнүн ыраазылыгына жана жаннатына акылуу болууга жакындаткан сыпаттарды белгилеп, алардын арасында мээримдүүлүк сыпатын да көңүл четинде калтырбады. О.э мээримдүүлүк кимге каратылышы керектигин да белгилеп берди.  Ислам таалимине ылайык, момун киши башка бир момунга – улутуна жана тегине карабастан – ызаттуу жана ырайымдуу болушу керек. Анткени мээримдүүлүк бардык мусулмандарга жалпы милдеттүү. Аллах Таала айтат:

مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللَّهِ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاءُ عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاءُ بَيْنَهُمْ

Мухаммад – Аллахтын пайгамбары. Аны менен бирге болгон (момундар) кафирлерге каардуу, өз араларында (момундар менен) болсо ырайымдуу боорукер”. [48:29]

وَاخْفَض جَنَاحَك لِلْمُؤمِنين

“Момундар үчүн канатыңды пас карма (ар дайым кичи-пейил, жөнөкөй болгун)!”. [15:88]

أَذِلَّةٍ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ

“… момундарга өтө жөнөкөй карапайым, кафирлерге болсо катуу кол”, [5:54]

Амр ибн Шуайб атасынан, ал болсо чоң атасынан риваят кылган хадисте Расулуллах ﷺ айтат:

 ليس منا من لم يرحم صغيرنا، ويعرف شرف كبيرنا

 “Кичүүлөрүбүзгө ырайым кылбаган жана улууларыбыздын кадырын билбеген киши бизден эмес”. Башка бир риваятта ويعرف حق كبيرنا… «… улууларыбыздын акысын билбеген» деп келген.

Бу далилдер бардык мусулмандар өзүнүн досторуна жана бурадарларына – улуу же кичүү, эркек же аял, аким же катардагы адам болсун, айырмасыз – мээримдүү, ызаттуу, кичи пейил болуу, ал эми Ислам жана мусулмандарга душмандык кылган куфр калкына катуу кол, каардуу болуу керектигин билдирет. Айрыкча куфр калкы бүгүнкү күндө Газада болуп жаткандай мусулмандарга каршы ачык душмандык кылып жаткан соң, аларга каардуу жана ырайымсыз болуу важибдигин түшүндүрөт. Ушул орунда эскертип кетүү зарыл болгон маселе, жогоруда айтылган каардуулук жана катуу колдук ахли зимма, т.а. Ислам мамлекетинин жараны болгон кафирге, же Ислам мамлекети менен союздаш мамлекеттин жараны болгон кафирге, же Ислам мамлекетинен амандык алган же болбосо согушта туткунга түшкөн кафирлерге колдонулбайт.

Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндө мусулмандар өз акимдеринен “кафирлерге каардуу, өз араларында (момундар менен) болсо ырайымдуу” болуунун тескерисин көрүүдө. Анткени Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарлары момундарга каардуу, кафирлерге ырайымдуу болууда кудум бир-бири менен мелдешип жаткандай. Алар дүйнөнүн көз алдында Газа калкы кыргын кылынышына кол куушуруп карап жатышканы жетпегендей, яхудий вужуду менен нормалдашууга даярдыгын жарыя кылышууда. О.э. Умматтын канчадан-канча мыкты уландары Расулуллах ﷺ башарат кылган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө аракет кылганы үчүн өкүмдарлар тарабынан “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо астында камактарга алынды, оор кыйноолорго салынды, жада калса өлтүрүлдү.

Буга карабастан – бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясатта жүз берип жаткан өзгөрүүлөр мусулмандардын гана пайдасына чечилүүдө. Бул абалдан тынчы бузулуп жаткан куфр мамлекеттеринин жетекчилери даават жүгүн көтөргөн жигиттерге каршы алардын берилген малайлары болгон Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарларын ишке салууда. Исламий өлкөлөрдүн өкүмдарларынын бул кылмышы алар Ислам Умматынан канчалык алыстыгын жана ырайымдуулукта момундарды коюп, куфр калкын тандаганын ачык көрсөтүп турат.

Муслимдин риваятында Аиша (р.а): Пайгамбар (с.а.в) ушул үйүмдө минтип дуба кылып жатканын уктум дейт:

«اللَّهُمَّ مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَشَقَّ عَلَيْهِمْ فَاشْقُقْ عَلَيْهِ وَمَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ أُمَّتِي شَيْئًا فَرَفَقَ بِهِمْ فَارْفُقْ بِهِ»

«Оо, Аллахым, ким бирер иште умматыма жетекчилик кылып, аларга кыйынчылык алып келсе, Сен да аны кыйынчылыкка салгын, бир иште умматыма жетекчилик кылып, аларга мээримдүү болсо, Сен да ага мээримдүү бол».

Андыктан, момундарга ырайымсыз, катаал жана катуу кол, бирок кафирлерге ырайымдуу болгон мындай малай акимдерден баш тартуунун убагы алда качан келди. Аларды түп тамыры менен кулатып, ордуна момундарга кичи пейил, кафирлерге болсо каардуу болгон бир Халифаны тикелөө мусулмандар үчүн эң баштапкы важиб вазыйпага айланган. Анткени кафирлердин мусулмандарга каршы карамүртөздүктөрүн туура жолду туткан экинчи рошид Халифалык мамлекети гана токтото алат.

Захид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here