Менин үммөттүмдүн бир тайпасы…

96
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Менин үммөттүмдүн бир тайпасы…

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ан-Нававинин Имам Муслимдин “Cахих” китебине берген шархында  “Менин үммөтүмдүн бир тайпасы…” бөлүмүндө айтылат:

حدثنا سعيد بن منصور وأبو الربيع العتكي وقتيبة بن سعيد قالوا: حدثنا حماد وهو بن زيد عن أيوب عن أبي قلابة عن أبي أسماء عن ثوبان قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “لا تزال طائفة من أمتي ظاهرين على الحق، لا يضرهم من خذلهم حتى يأتي أمر الله وهم كذلك

Саид бин Мансур Савбандан риваят кылат. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Менин үммөтүмдүн бир тайпасы дайым (кыямтка чейин) акыйкаттын үстүндө жеңип чыгуучу болуп кала берет жана аларга каршы болгондор аларга зыян келтире алышпайт.  Аллахтын буйругу келмейинче (кыямат) алар (ошол) акыйкаттын үстүндө болот”.

Сүйүктүү бир туугандар.

Бул Асыл хадис пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) үммөттүн ичинде акыйкат үстүндөгү бир топтун болуусу жөнүндөгү билдирүүсү. Кээ бир адамдар аларды жардамсыз таштаса да, өзгөрсө да, өзгөртсө да, бийликтин кумары көздөрүн май бастырса да, мал-жан, дүйнө, байлык көздөрүн сокур кылса да, дүйнө өзүнүн жасалма сулуулугу менен жан дүйнөсү алсыздарды алдап кетсе да, бул тайпа жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтарып, акыйкатты карманат. Акыйкат жолдон тайбайт жана андан кайтпаган абалда кала берет. Ааламдардын Роббисинин мыйзамы менен жашабай адамдардын мыйзамы менен бактылуу жашоону издегендер  жерде тентип, күнү-түнү жакшы жашоо издеп жүрүштү. Алар жашоодо азап- тозоктун гана дамын татып, үмүт кылган кордуктан башка даамды билишпейт. Бул ааламдардын Раббиси бизден кабыл кылбаган, бизди андан жана бул оор жашоодон эскерткен кордук жашоо: ومن أعرض عن ذكري فإن له معيشة ضنكا

“Ким Менин зикиримден (Курандан) жүз бурса, анда ал үчүн кайгылуу кысылган жашоо болот”. Бирок көпчүлүк билбейт, көпчүлүк түшүнбөйт,  көпчүлүк ойлонушпайт.

Эй мусулмандар!

Силердин араңарда акыйкаттын үстүндө турган бир тайпа бар, алар силердин араңарда жашап, Аллах ага Өзүнүн жеңишин жана күч-кубатын берүүсүн үмүт кылууда. Ал  тайпа үммөттүн азыркы вакыйын жана ал түшкөн кыйынчылык кысылган жашоону жакшы түшүнөт. Ал Аллахтын өкүмдөрүн жана Анын чыныгы динин жакшы түшүнөт. Үммөттүн башына түшкөн бул оор вакыйды өзгөртүү үчүн бүт күчү жана аң-сезими менен аракет кылат. Адам өлтүрүү, талап-тоноо, сүткорлук, зынаа, арак, бузукулук сыяктуу жахилият доорунун каапырлыгынан Пагйамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)  алып салган нерселерди үммөттөн жок кылуу үчүн бүт аракетин жумшоодо.

Эй мусулмандар!

Дин душмандары силердин улуу Пайгамбарыңар менен (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бардык күч-кубаты менен, колунан келген бардык куралдары менен согушушту. Ал (саллаллаху алейхи уа саллам) өз элинин арасында согушту. Дал ошол сыяктуу Хизб-ут-Тахрир да ушул чындыкты бүгүнкү күндө жашап жатат. Анткени ага каршы согуш жашыруун да, ачык да жүрүүдө. Каапыр Батыш бул үммөттүн уулдарынын арасынан жана анын сыртынан Хизбге каршы аскерлерди топтой алды. Ал көтөрүп чыккан бул фикратты бурмалоо үчүн бүткүл күч аракеттерин жумшап жатышат.

Эгер бардык мусулман өлкөлөрү бир мамлекетке бириксе, Исламдын кайтып келиши анык. Натыйжада, Бул асыл үммөттү бөлүп турган чек аралар, дамбалар, өткөрмө бекеттер жок болот. Чириген капитализмдин караңгылыгында жашоого көнүп калгандар гана Ислам фикратынан баш тартышат. Ал тургай, Ислам негизинде түзүлгөн жана бийлик тактысына жеткен исламий кыймылдардын кээ бирлери Исламдын кайтып келиши жана Халифалыктын түзүлүшүнө каршы күрөшүүдө. Бул жерде таң калычтуу эч нерсе жок. Анткени чындык үстүндө күрөшкөн бул топтун нуру алардын кароосуна тоскоол болду. Караңгылыктан жарыкка чыккан адам дароо көзүн ача албайт. Демек, биз жана бул тайпа да кала берет. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) хадисинде айткандай, адамдардын көздөрү ачылып Аллах Тааланын буйругу келгенге чейин үммөткө бул фикратын бардык бөлүктөрүн жана ушул акыйкатты көрсөтүп, түшүндүрүп бара беребиз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 3-шаьбан.

2025-ж, 2-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here