Америка терроризми, кош стандарттар жана үммөт үчүн шаръий чечим

54
0

Америка терроризми, кош стандарттар жана үммөт үчүн шаръий чечим

Америка Кошмо Штаттары геноцид, кулчулук жана колониализмдин негизинде курулган мамлекет. Тарых көрсөтүп тургандай, ал миллиондогон жергиликтүү калктын каны менен түптөлүп, алар эң мыкаачылык ыкмалар менен жок кылынган. Ошондой эле, миллиондогон африкалыктарды кулга айландырып, дүйнөнүн бардык бурчтарында согуш тутандырууну токтотпогон колониалдык империяга айланган.

Тарыхтагы америка терроризми

Акыркы ондогон жылдар бою АКШ миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйган варвардык саясат жүргүзүп келди. Ошого карабастан, өзүн «демократиянын жана адам укуктарынын коргоочусу» катары көрсөтүүгө аракет кылууда! Анын эң чоң кылмыштарынын айрымдары төмөнкүлөр.

Дүйнөлүк согуштар: Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарды мусулмандар тутанткан эмес, аларды Америка жана Европа баштап, бүткүл дүйнөнү кыйраткан жана миллиондогон адамдарды өлтүргөн. АКШ Хиросима жана Нагасакиге атомдук бомба таштап, жүз миңдеген күнөөсүз жапондорду өлтүргөн.

Жергиликтүү элдерге карата геноцид: 100 миллиондон ашуун америкалык жергиликтүү элдерди мыкаачылык менен кырып жок кылган.

Кулчулук жана элдерди эксплуатациялоо: 180 миллиондон ашык африкалыктарды уурдап, кулга айландырган, алардын көпчүлүгү ак колонизаторлордун жерлерине жетпей өлүмгө дуушар болгон.

Заманбап согуштар: Афганистан менен Иракты басып алып, Ливия, Сирия жана Йеменди кыйратып, миллиондогон адамдарды өлтүрүп, качкынга айландырды. Бүгүнкү күндө да сионисттик түзүлүштү курал менен камсыз кылып, палестиналыктарды өлтүрүүгө жана жеринен кууп чыгууга жардам берүүдө.

Американын кош стандарттары

Мындай оор кылмыштарга карабастан, АКШ өзүн «эркиндикти коргоочу» катары көрсөтүүгө умтулат, ошол эле учурда эл аралык маселелерге келгенде кош стандарттуу саясат жүргүзөт. АКШ башка бир өлкөнү басып алса, аны «эркиндикке чыгуу» деп атайт. Мусулмандар баскынчылыкка каршы күрөшсө, аны «терроризм» деп жарыялайт! Сионисттик түзүлүш балдарды жана аялдарды өлтүрсө, АКШ бул аракетти «Израилдин өзүн-өзү коргоо укугу» деп эсептейт. Бирок палестиналыктар өз жерин коргосо, алар «террорист» деп аталат.

АКШ өзүнө баш ийген диктатордук режимдерди колдосо, аны «туруктуулукту сактоо» деп түшүндүрөт, бирок мусулмандар зулумдукка каршы көтөрүлсө, аларды «экстремист» же «террорист» деп айыптайт.

Үммөт аткарууга тийиш болгон шарий чечим

Бүгүнкү мусулмандардын абалы АКШ менен Батыштын үстөмдүгүнө баш ийүүнүн жана алардын буйругун аткарган режимдерди кабыл алуунун табигый натыйжасы. Бул режимдер Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарбайт жана мусулмандарды боштондукка чыгууга тоскоолдук кылат. Чечим эл аралык уюмдарга кайрылып жалбарууда эмес, тескерисинче, Ислам буйрук кылган амалий кадамдарды жасоодо:

  1. Күрөштүн чыныгы маңызын түшүнүү: Маселе жөн гана баскынчылык же саясий зулумдук эмес. Бул күрөш Ислам менен аны жок кылууну жана мусулмандардын күч-кубаты кайра калыбына келишине жол бербөөнү каалаган душмандар ортосунда жүрүп жатат.
  2. Малай режимдерди кулатуу: Бул режимдер Америка менен Батыштын кызыкчылыктарын коргоо үчүн кызмат кылган колониалдык куралдар болуп саналат. Үммөт алардан кутулмайынча, чыныгы эркиндикке жетише албайт.
  3. Армияларды үммөттү колдоого чакыруу: Ислам аскерлерге зулумдукка каршы турууну жана мусулмандарды колдоону милдеттендирет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿وَإِنِ اسْتَنْصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾.

«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда».  (Анфал: 72).

Пайгамбарлык минхажындагы Халифалыкты тикелөө: Үммөт бул абалдан кутулуу үчүн Аллахтын Китеби жана Пайгамбардын (с.а.в.) Сүннөтү менен башкарган Ислам мамлекетин калыбына келтириши керек. Бул мамлекет мусулмандарды бир туугандык желегинин астында бириктирип, жерлерин колонизатор баскынчылардан азат кылат.

Ислам үммөтү эми өзүнүн терең уйкусунан ойгонууга жана Америкага баш ийүүнү, Исламдын душмандары менен орточо жолду издөөнү токтотууга тийиш. Чечим Исламга кайтып, аны башкаруу жана жашоо системасы катары колдонууда. Жол ачык, улуулук жана жеңиш Ислам мамлекети менен келет. Аллах Таала мындай деп убада кылган:

﴿إِن تَنصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾.

«Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат». (Мухаммад: 7).

Роя гезити

Устаз Бахаа Хусейни – Ирак вилаяты

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here