Дүйнөлүк валютанын кыйроосу

68
0

Дүйнөлүк валютанын кыйроосу

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономика мурда болуп көрбөгөндөй кыйроонун алдында турат. Каржылык кризистер, карыз көйгөйлөрү, таңсыктык жана финансылык рычагдарды колдонуу кескин көбөйдү.

Капитализм башынан өзүнүн кыйратуучу механизмдери себептүү тарыхта бир нече ири глобалдык кризистерге туш болгон. Бул кризистерден чыгуу үчүн көп жылдар талап кылынган. Бирок чечимдер кризисти түп-тамырынан жоюу эмес, убактылуу айланып өтүү болгон. Натыйжада, ар бир кризистен кийин чечилиши мүмкүн болбогон жаңы көйгөйлөр топтолуп, бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Азыр дүйнөлүк каржы системасын кыйроодон сактап кала турган эч кандай реалдуу чечимдер калган жок. Төмөндө дүйнөлүк экономикадагы эң ири жана кооптуу беш кризисти кыскача баяндап өтөбүз:

  1. 1772-жылдагы кредиттик кризис

Бул кризис Лондондо башталып, андан соң бүтүндөй Европага жайылган. 1760-жылдары Британия өзүнүн колониялары жана соода жолу менен чоң байлык топтогон. Бул банктарда тез насыя берүү процесстерин күчөткөн. Бирок, 1772-жылы күтүлбөгөн жерден британдык банктардын өнөктөштөрүнүн бири Александр Фордис карызын төлөй албай, Францияга качып кеткенде дүрбөлөң башталган. Бул дүрбөлөң Шотландияга, Голландияга жана башка Европа өлкөлөрүнө жайылып, каржылык туруксуздук жараткан.

  1. 1929–1939-жылдардагы Улуу депрессия

Бул дүйнөлүк экономиканын эң чоң жана эң оор кризиси болгон. АКШнын фондулук рыногу 1929-жылы кулап, кризис он жылга созулган. Натыйжада, кирешелер кескин төмөндөп, жумушсуздук айрыкча өнөр жай өлкөлөрүндө рекорддук деңгээлге жеткен,.

  1. 1973-жылдагы мунай кризиси

Бул кризис 1973-жылы ОПЕКке мүчө араб өлкөлөрү АКШнын “Израилге” курал жөнөтүүсүнө жооп кылып, ага мунай экспортун токтоткондо башталган. Натыйжада, дүйнө жүзүндө мунай таңкыстыгы жаралып, баалар кескин өскөн. Бул кризистен чыгуу үчүн бир нече жыл талап кылынган, ошол эле учурда дүйнөлүк мунай соодасы долларга байланыштырылып, «петродоллар» системасы пайда болгон.

  1. 1997-жылдагы Азия каржы кризиси

Бул кризис Тайландда башталып, тез эле Чыгыш Азиядагы башка өлкөлөргө жана алардын соода өнөктөштөрүнө жайылган. Батыш өлкөлөрүнөн келген инвестициялар Тайланд, Индонезия, Малайзия, Сингапур, Гонконг жана Түштүк Корея сыяктуу «Азия жолборсторуна» агылган. Бирок, 1997-жылы Тайланд улуттук валютасын АКШ долларына байлоо системасынан баш тартканда, аймактагы финансылык базарлар кыйраган. Көптөгөн компаниялар банкротко учурап, кризистен чыгууга бир нече жыл кеткен.

  1. 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы кризиси

Бул кризис «турак жай бааларынын көбүгү» же «ипотекалык кризис» деп да аталат. АКШдагы Леман Бразерс банкы кыйрап, башка ири каржы уюмдары да урап кетүү коркунучуна кабылган. Өкмөттөр мурда болуп көрбөгөндөй кийлигишүүгө аргасыз болуп, кризистен чыгуу он жылга созулган.

Бүгүнкү дүйнө мурда болуп көрбөгөндөй каржылык кыйроонун босогосунда турат. Мына ушул он негизги себеп муну тастыктап турат:

  1. Европадагы жана АКШдагы банк кризистери;
  2. АКШ өкмөтүнүн карызын төлөй албай калуу коркунучу;
  3. Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн банкрот болушу;
  4. Түштүк Европадагы мамлекеттердин карыз кризиси;
  5. Кытайдын кыймылсыз мүлк рыногундагы кризис жана АКШнын санкциялары;
  6. Көптөгөн өлкөлөрдүн мунай соодасында доллардан баш тартууга аракет кылуусу;
  7. Дүйнөнүн алдыңкы экономикаларында, өзгөчө АКШда инфляциянын өсүшү;
  8. Батыштагы пенсиялык жана камсыздандыруу фонддорунун кризиси, айрыкча Калифорниядагы өрт кырсыктарынан кийин;
  9. Европада, Кытайда жана Түштүк Америкада кургакчылыктын күчөшү;
  10. Дональд Трамптын соода согуштары жана анын алдын ала айтуу кыйын болгон саясатына карата дүйнөлүк кооптонуу.

АКШнын жана жалпы дүйнөлүк экономиканын туруксуз абалда экени ачык көрүнүп турат. Бул система алдыдагы кез келген каржылык соккуга туруштук бере албайт. АКШнын экономикалык көрсөткүчтөрү дагы да оор кырдаалга алып бара турганын айгинелейт.

Өлкөнүн жеке секторундагы карыз абдан чоң көлөмгө жетти. Буга турак жай насыялары, кредиттик карталар боюнча карыздар, автоунаа насыялары, студенттик карыздар жана бизнес менен компаниялардын банктык карыздары, облигациялык карыздары жана жеке сектордун карыздары кирет. Ошондой эле мамлекеттик жана каржы секторунун карыздары да олуттуу деңгээлде. Бул борбордук, аймактык жана жергиликтүү мамлекеттик облигацияларды камтыйт. Мындан тышкары, төлөнбөгөн пенсиялык фонддор жана улгайган калктын өсүшүнө байланыштуу тез жогорулаган медициналык камсыздандыруу чыгымдары да чоң көйгөй болуп саналат.

Дүйнөлүк карыздын жалпы көлөмүнө көз чаптырсак, анын өсүү ыргагы өтө кооптуу. 1999-жылы дүйнөлүк ички дүң  өндүрүштүн 200%ын түзгөн жалпы мамлекеттик жана жеке сектордун карызы 2021-жылы 350%га жеткен. Бүгүнкү күндө бул көрсөткүч өнүккөн экономикаларда 420%га чыкты. Бул сандар Улуу депрессия учурундагыдан да жогору.

Инфляциянын өсүшү жана ашыкча жеңилдетилген каржылык, акча-кредиттик саясаттар дүйнөнү кайрадан стагфляцияга алып келди (жогорку инфляция менен коштолгон экономикалык өсүштүн токтоп калуусу). Мындай кырдаал акыркы жолу 1970-жылдары байкалган, бирок анда дүйнөлүк карыздын деңгээли азыркыдай коркунучтуу эмес эле. Бүгүн болсо, кырдаал мурда болуп көрбөгөндөй оор.

Роя гезити

Набиль Абдуль Карим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here