Хижрий: 1446-жыл, Шаабан айынын 29-күнү Миладий: 2025-жыл, 28-февраль, жума күнү Билдирүү

72
0

Борбордук маалымат бөлүмү

Хижрий: 1446-жыл, Шаабан айынын 29-күнү
Миладий: 2025-жыл, 28-февраль, жума күнү
Билдирүү №: 1446\
092

1446-хижрий жылдын Рамазан айынын башталышы жөнүндө жарыя

Бисмиллахир Рахманир Рахим! Аллах Таалага хамду-саналар болсун. Ааламдарга рахмат болуп жөнөтүлгөн Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺга, ал заттын үй-бүлөсүнө жана бардык сахабаларына саламдар болсун. Бухарий өзүнүн «Сахих» китебинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти риваят кылат: “Мен Абу Хурайра (розияллаху анху)нун мындай дегенин уктум. Набий ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 1446-жылы, Шаабан айынын 29-күнү, миладий 2025-жылдын 28-февралы, жума күнүнөн ишембиге өткөн кечеде мубарек Рамазан айы күзөтүлдү. Анын жыйынтыгында шаръий түрдө айды көрүү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, эртең, ишемби күнү бул жылдагы мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен, Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси жана анын бардык кызматкерлери, урматтуу Ато бин Халил Абу Руштага куттуктоолорубузду жолдойбуз. Аллахтан аны жана бүтүндөй үммөттү жеңишке жеткирүүнү тилейбиз.

Бул жылы Рамазан айы Ислам үммөтү үчүн өтө маанилүү учурга туш келип жатат. Үммөт Аллахтын өкүмдөрү менен башкарууну калыбына келтирүү маселесине мурункудан да көбүрөөк көңүл бурууда. Бирок, Батыш күчтөрү ар кандай басым жана коркутуулар менен бул жараянга тоскоол болууга аракет кылышууда. Мисир күл алдындагы кызарып турган чок сыяктуу абалда. Ал Газага көз салып, ага жардам берүү үчүн жарылуу алдында турат. Магриб өлкөлөрүнүн башкаруучулары мусулмандардын күч-кайратын көзөмөлдөп, алардын нааразычылыгын басаңдатууга аракет кылышууда. Борбор Азияда Батыштын кол салуучу саясаттары жана уюштурган фитналары бул аймакты чарчатты, ошондуктан эл Исламды орнотууга көңүл бура албай жатат. Бирок алардын агенттерине карабастан мусулмандар Исламды орнотуу оюнан баш тарткан жок.

Чыгыш Азияда Батыш мусулмандарды үммөттөн ажыратуу үчүн аларга болгон басымын күчөтүүдө. Перс булуңу аймагында болсо, секуляризмди күч менен таңуулоо жүрүүдө: бузуктукту жайылтуу адаттагы көрүнүшкө айланууда, ал эми сионисттик түзүм менен мамилелерди нормалдаштыруу аркылуу Исламды саясаттан бөлүп салуу аракети жүрүп жатат.

Ал эми Шам (Сирия) болсо, анын көзү Дамасктын жаңы башкаруучуларында. Эл аларды Ислам өкүмдөрүнө ылайык башкарууга мажбурлоого аракет кылууда, бирок алар ар түрдүү жолдор менен баш тартып, качып жатышат. Бул окуялардын баары чыныгы жашоодо да, үммөттүн аң-сезиминде да бир учурда болуп жатат. Бүгүн үммөт өтө чыңалган абалда, анткени ал дүйнө жүзүндөгү окуяларды тыкыр байкап, баарын көрүп, угуп турат. Мунун натыйжасында, Ислам шариятын колдонуу, үммөттүн биримдиги, Палестина маселеси жана Батыштын баскынчылык ниеттери сыяктуу негизги маселелер боюнча коомдук пикир бирдиктүү көз карашка келе баштады.

Бүгүнкү күндө бул көрүнүш ачык-айкын байкалууда: үммөт Ислам шариятын ишке ашырууну кечеңдетүүдөн тажап, аны тез арада жүзөгө ашырууну талап кылууда. Ал эми секуляризмди жана аны жактагандарды толугу менен четке кагып, алардан так жана ачык түрдө баш тартып жатат.

Эй, мусулмандар!

Силер менен Халифалыкты калыбына келтирүү ортосунда болгону бир нече көз ирмем калды! Силердин араңардагы күч-кубат ээлери жакында келе турган чын ыкластуу халифага байъат берип, аны бийликке алып келиши керек. Мадина эли Пайгамбарыбыз Мухаммадга ﷺ кандайча байъат берсе, силер да ошондой кылгыла! Алардын бул улуу ишти аткаруусуна жардам бергиле, колдогуло! Рамазан айы бүтө электе, Пайгамбарлык жолундагы экинчи Халифалыкты орнотконго жетишкиле!

Эй, мусулмандар! Ой-пикир жаратуучулар!

Бардык минбар ээлерине, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана социалдык платформалардын активисттерине кайрылабыз! Силер коомдук пикирди түзүү жоопкерчилигин мойнуңарга алдыңар. Бул жоопкерчиликти аткарбай коюу – өтө чоң кыянатчылык экенин билесиңер! Ошондуктан, өз вазыйпаңарды акыйкат менен аткарып, үммөттүн жолун адаштырбагыла! Анын ордуна, үммөттүн кайратын күчөтүп, аны акыркы чечкиндүү кадамга түрткүлө! Халифалык бүгүн орносун, эртең эмес! Мусулмандардын маселелерин талкуулаганда, Халифалыкты кайтаруу маселеси негизги тема болушу керек!

Эй, мусулмандар! Күч-кубат ээлери!

Бул ыйык айда Аллахтын динин көтөрүүгө жардам бергиле, ал да силерди жеңиш менен бекемдейт! Силер жакшы билесиңер, Халифалыкты калыбына келтирүү – силердин бир учурда колуңарда турган милдет! Аллах силерди үммөттүн коргоочулары кылып койду. Ошондуктан, үммөттү батыштын жана алардын малай башкаруучуларынын колуна таштап коюуга эч кандай акыңыңар жок! Алар үммөттү ар кайсы жакка сүйрөп, таң аткандан түн киргенге чейин кырып жок кылууга аракет кылышууда!

Бүгүн Халифалыкты орноткула, үммөт силердин артыңардан ээрчип, Аллахка дуба кылып, такбир айтып турары шексиз! Бүгүн үммөт Халифалыкты эңсеп, ага умтулуп жатат. Анткени, бул – Аллахтын убадасы жана Пайгамбарыбыздын ﷺ сүйүнчүсү! Ошондуктан, анын алдыңкы сабындагы эр-азаматтары болгула! Эгер андан баш тартсаңар же күтө берсеңер, анда Аллах силерди башка бир коом менен алмаштырат, алар силерге окшобойт! Аллах Таала мындай деген:

وَإِن تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾)
“Эгер силер жүз үйрүсөңөр, Аллах силердин ордуңарга башка коомду алып келет жана алар силерге окшош болушпайт!” (Мухаммад: 38).

1446-хижрий жыл, Рамазан айынын 1-түнү (ишемби).

Салахуддин Азаза
“Хизб ут-Тахрирдин” Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here