Араб саммити: Газа тургундарын көчүрүүгө каршы чечкиндүү аракетпи же жөн гана достук маектешүү жана сүрөткө түшүүбү?!

70
0

Араб саммити: Газа тургундарын көчүрүүгө каршы чечкиндүү аракетпи же жөн гана достук маектешүү жана сүрөткө түшүүбү?!

Жума күнү, 21-февралда, Сауд Арабиясында өткөн чакан араб саммити расмий билдирүүсүз аяктады. Бул жыйынга Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Катар, Кувейт, Бахрейн жана Иорданиянын лидерлери катышты. Башында саммит АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа калкын Египет же Иордания сыяктуу өлкөлөргө көчүрүү планына карата позицияларды талкуулаш үчүн чогулганы айтылган. Ошондой эле, бул планга альтернатива иштеп чыгуу маселеси каралышы керек болчу. Бирок жыйын саясий маектешүүгө айланып, бул анын мазмунуна гана эмес, катышуучулардын расмий эмес стилинде көрүнгөн сүрөттөрүнө да таасирин тийгизди.

Саммит алдында Сауд Арабиясы бул жыйынды расмий эмес жана достук маанайдагы жолугушуу экенин белгилеп, элдин күтүүсүн төмөндөтүүгө аракет кылды. Байкоочулар муну ар кандай себептер менен түшүндүрүштү.

Биринчиден, Египеттин айрым араб өлкөлөрү менен биргеликте Трамптын сунушуна альтернатива иштеп чыгып жатканы тууралуу маалыматтар бар болчу, бирок бул план али такталып бүтө элек.

Экинчиден, Сауд Арабиясы өз жеринде өткөн саммит АКШга жана “Израил”ге каршы күрөштүн башаты болуп калышын каалаган жок. Анткени бул өлкө аймактык жана эл аралык деңгээлде кеңири нормалдаштыруу процесстерине тартылган.

Үчүнчүдөн, араб лидерлери саммиттин «консультациялык» мүнөздө экенин белгилеп, анын жыйынтыгы үчүн жеке жоопкерчиликти алуудан качкандай болушту. Бирок 4-мартта Каирде өтө турган өзгөчө араб саммитинде маанилүү чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Эгерде Эр-Рияддагы саммит кандайдыр бир чечимдерди чыгарса, анда Каирдеги жыйындын катышуучулары аларды талкуусуз бекитүүгө аргасыз болуп калышы мүмкүн.

Ар кандай түшүндүрмөлөргө карабастан, бул саммит араб лидерлеринин өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги жоктугун дагы бир жолу көрсөттү. Газанын тургундарын көчүрүү боюнча алар АКШ уруксат берген деңгээлде гана каршы турушат. Алар Трамптын чечимдерине нааразы болгондо да, аны «ак ниет кеңешчи» катары гана көрсөтүүгө аракет кылышат. Бул лидерлердин чыныгы эркиндикке ээ эместигин жана алардын аракеттери Батыштын кызыкчылыктарына моюн сунаарын дагы бир жолу далилдеди.

2025-жылдын 21-февралында Трамп: «Мен Газа тургундарын көчүрүү планын мажбурлабайм, болгону сунуштайм. Андан кийин АКШ бул аймакта ХАМАС болбогон жерде өнүгүү жүргүзөт» – деп билдирди. Ал дагы бир жолу палестиналыктарга «эгерде тандоо берилсе, алар Газа секторун таштап кетет» деген оюн кайталап: «Менин планым жакшы деп ойлойм: аларды ал жактан чыгарып, кооз жана туруктуу коом курабыз. Анан Газа жер менен тегизделет, жашоого жараксыз болот. Эгерде адамдарга тандоо берилсе, алар аны таштап кетет» – деп кошумчалады.

Бул билдирүүдөн кийин араб лидерлери бир аз жеңилдей түшүп, эми алар Газа тургундарын тез арада көчүрбөстөн, Трамптын максатына жетүүгө башкача жол издөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Трамптын Газа боюнча айткан сөздөрүн жана 4-мартта өтө турган араб саммитинде талкуулана турган маселелерди салыштырып көрсөк, бул саммит Трамптын пландарын аткарууга багытталган кадам экенин көрүүгө болот. Ал өз билдирүүсүндө мындай деди: «Бул маселени чечүүнүн башка жолу – Газа секторундагы элди ордунда калтырып, өзгөрүүлөрдү жүргүзүү. Бирок бул ишке ашышы күмөн. Ал жакта ондогон жылдар бою согуш болуп жатат, абдан кооптуу аймак. Ошондой эле, ХАМАС дагы деле бар». Андан соң ал мындай деди: «Негизги суроо: алар ХАМАСты жок кыла алабы? Алар элдин арасына сиңип кеткен, бул оңой иш эмес».

Газанын келечеги: Египеттин альтернатива планы

Египет сунуштаган альтернатива планы эки негизги пунктка негизделген:

  1. Газаны кайра курууга 50 миллиард доллардык каржылык жардам көрсөтүү.
  2. ХАМАСты толук куралсыздандыруу жана анын Газа секторун башкаруусуна чекит коюу.

Бул Трамптын Газа боюнча сунуштаган экинчи жолуна дал келет. Трамп эл аралык коомчулук Газанын тургундарын мажбурлап көчүрүүгө кескин каршы чыкканын көргөндөн кийин, ал өзүнүн акыркы максатына – Газаны толук көзөмөлдөөгө шашылбай турганын билдирди. Анын көз карашы боюнча, бул аймак кыймылсыз мүлктүн бир бөлүгү сыяктуу каралышы керек. Алгач, “Израил” Газанын аскердик жана коопсуздук аспектилерин чечип алышы керек деп эсептеп, буга чейин Байдендин администрациясы киргизген 2,000 фунттук бомбаларды жеткирүүгө салынган чектөөнү алып салды. Ошол эле учурда, Газа тургундарынын жашоо шартын оорлотуу саясаты уланып жатат. Ал эми араб жана башка мусулман өлкөлөрүнүн лидерлеринен Трамп эмнени каалайт? Аларга төмөнкү тапшырмалар коюлууда:

  • Газа секторун калыбына келтирүү үчүн ири суммадагы каражат бөлүү;
  • Көчүп кетүүнү каалагандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
  • Газаны куралсыздандыруу процессин колдоо.

Бул маселени аткаруу боюнча кийинки план жана саммиттер иш алып барат. Ал тургай, бул тууралуу ачык талкуу мурунтан эле башталган. Араб Лигасынын башкы катчысы эгерде палестиналыктар үчүн «ХАМАС» четке чыгуусу пайдалуу болсо, анда ал четке чыгуусу керек экенин белгилеген. Ал эми Трамптын Газага карата сунушу арабдардын альтернативалык чечимин түзүүгө багытталган деп кошумчалаган.

Бир тараптан, Бириккен Араб Эмирлигиндеги президенттик кеңешчиси Анвар Гаргаш Араб лигасынын башкы катчысы Ахмад Абу аль-Гейттин «ХАМАС» Газанын башкаруусунан баш тартуусу тууралуу чакырыгын «акылга сыярлык» деп баалады. Трамп болсо, жылдар бою жөөттөрдүн жана мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучулардын аракеттери аркылуу Газадагы элди сүрүп чыгарып, ал жерди инвестициялык долбоорлору үчүн тартып алам деп ойлоп жатат. Бул — Трамптын жана жөөттөрдүн кыялы, бирок алар жаңылышууда. Алар ушул саткын жана кутумчул башкаруучулар түбөлүк кала берет деп ойлошот. Бирок алар ислам үммөтү казан үстүндөгү кайнап жаткан суудай кыжыры кайнап жатканын унутушууда. Мурда мүмкүн эмес деп эсептелген нерселер бүгүн мүмкүн жана жакын болуп калды. Үммөт өз башкаруучуларынын өңүтүн толук түшүнүп, аларды өзүнүн түздөн-түз душманы катары кабылдап, алардан эч кандай үмүт жок экенин аңдады. «Аксо ташкыны» операциясы алардын жүзүндөгү бардык маскаларды жулуп таштады жана үммөттүн көз карашын бекемдеди. Оорунун башкы булагы жана кырсыктын себеби – бул зомбулук менен бийлигин сактап турган башкаруучулар экени айкын болду. Алланын жеңиши үчүн болгону бир ирмем жетиштүү. Ошондо Ал Ислам динин жана анын жолдоочуларын колдой турган күчтүү лидерлерди жаратып, үммөттүн бийлигин кайтарып берет. Пайгамбарлык жолу менен экинчи рошид Халифалык орнотулуп, каапырларды тамырынан жок кылып, Палестинаны жана бардык басып алынган мусулман жерлерин бошотот. Ошондо Трамп жана анын жактоочулары, ага жан тарткандар мурунку Рим императорлору жана Перс шахтары сыяктуу талкаланып, тарых таштандысына айланат.

Роя гезити

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүчөсү Бахер Салих

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here