МЫЙЗАМ КАЧАН КҮЧТҮҮ БОЛОТ
Бисмиллахир рохманир рохим
Мыйзам жок болсо анархия т.а. токой мыйзамы, зөөкүрлөрдүн өкүмдарлыгы болот. Диктатура күчөйт, мазлумдар дартын кимге айтарын билбей калат. Мыйзам болуп, бирок ага ишеним, урматтоо болбосо, мыйзамдын коргоочусу болбосо да анархия, диктатура болот. Мыйзам күчтүү болуп, адамдар моюн сунушу үчүн ушул шарттар болушу зарыл:
1) Мыйзам идеологияга негизделиши керек: мыйзамдан мурун ар бир нерсе кандай болушу туурасында жалпы пикир болушу кажет. Ошондо мыйзам көпчүлүк кабыл алган пикирди ишке ашырып берүүчү каражат болот. Ар бир нерсенин кандай болушу туурасындагы пикир болушу үчүн жашоо негизделген жалпы чечимдин – акыйда жана андан келип чыккан системасы болуусу шарт. Тактап айтканда, калк тарабынан кабыл алынган жашоо образын айгинелеген идеология керек. Ошондо мыйзамга урматтоо пайда болот. Мыйзам эл каалаган жашоо образын ишке ашыруу үчүн кызмат кылат жана мыйзамга каршы иш кылуу – элдин каарына калуу деген моралдык күч мыйзамдын коргоочусуна айланат.
2) Чыгарылган мыйзамдар адилеттүү болушу керек: зулум негизиндеги мыйзамдардын өмүрү кыска болот же таптакыр ишке ашпайт.
3) Мыйзам баары үчүн бирдей күчкө ээ болушу керек: мыйзам падышага да, кедейге да, күчтүүгө да, күчсүзгө да айырмасыз бирдей колдонулушу зарыл, жада калса жогорку жетекчиге: президент, премьер-министр же халифа болсун, өзүнө же башкага болсун, толук колдонулушу керек. Мыйзамга баш ийген жетекчини көргөн жарандар мыйзамды бузууга батына албайт, элде мыйзамга ишеним бекемделет.
4) Чыгарылган мыйзамдар эл кабыл алган идеологияга ылайык болушу керек: Ар кандай кошумча мыйзамдар негизги чечимге – конституцияга каршы эместигин, зулум болбогонун, (ачарчылык доорлордо халифалар уурунун колун кесүү өкүмүн аткарбоону мыйзамга киргизгендей) аткарылып жаткан мыйзам зулум болбой жатканын ар дайым текшерип, калктын пикирине кулак салып, алардын пикирин билип туруу зарыл. Анткени мыйзам бардык адамдардын жашоосуна таасир кылат, мыйзамга болгон ишеничсиздик мамлекеттин артка кетүүсүнө, жашоонун нугунан чыгышына, жада калса элдик козголоңдордун жаралышына себеп болот.
Идеология болбосо, президент да, бийлик да адамдарды коркутуп, зомбулук менен каалаганын кылган “рекеттердин” жетекчилигине, “мыйзамдуу ууруга” айланат. Укук коргоо органдары каракчылардан айырмаланбайт. Сот, прокурорлор алардын кылмыштарын мыйзамдаштыруучуларга, депутаттар, уламалар болсо кошоматчыларга айланышат…
Президент дайындаган акимдер, сот, прокурорлор, укук коргоо органдары өзүлөрү кылмышкер, зулум кылуучулар болсо, анда мазлум-бечаралар дартын кимге айтышат?! Президенттерди тергеп-тескегендерди «камакта чиритем», «колуңду сындырам», «тилиңди сууруп алам» деп коркутса, мыйзамга ишеним, урмат калабы?! Адамдар дарт-муңун айтып, баалардын кымбаттыгына даттанып, жакырдыгына арызданганда президент “жакырлар жүздөн тоок баксын” деп турса же элдин нааразылыгы күчөгөндө президент баш болуп душмандын кучагына качса, алар өзүлөрү талап кылып жаткан мыйзамдын өкүмүнө баш ийишпесе мыйзам ыдырайт, мыйзамга ким ишенет?!
Абу Бакрды (р.а.) зекет бербегендерге карата жасаган иши жөнүндө тергеп-тескешкенде ал өз ишин идеология негизинде кылып жатканын түшүндүргөн. Махр маселесинде тергеп-тескөөдөн кийин Умар (р.а.) өз токтомун жокко чыгарган. Али (р.а.) халифа болуп турганда уурунун ишин казыга тапшырып, далилдеп бере албагандыктан, өз мүлкүн ала албаган. Казы уурунун пайдасына чечим чыгарган. Бул сыяктуу мисалдар абдан көп. Ошондуктан Ислам мыйзамдары күчтүү, таасирлүү болуп, жада калса душмандар да анын адилеттигине ишенген.
Калкыбыз идеологияны түшүнбөгөнүнө бир канча кылымдар болуп кетти. Ислам өкүмдарлык кылып турган акыркы доорлордо да ата-бабаларыбызда таклид (ээрчүү) күчөгөн, Исламды пикирий түшүнүү жоголуп, пикирий сенектик доорунда исламий идеологиядан кабарсыз болуп, бирок шаръий өкүмдөр менен жашап келишкен.
Социализм келгенде да ал пикирий эмес, мажбурий колдонулду. Каршы чыккандарды камак, сүргүн, өлүм коркунучу астында кабыл алдырышты. Аз гана пикири бар мусулман кудайсыздык идеологиясын кабыл алгандан көрө өлүмдү абзел билди. 1935-37-жылдардагы геноцид саясат баарына маалым.
Демократияны да алдоо, жалгандар менен өкүмдар кылып, кабыл алдырышты. Ишеним эркиндиги, пикир эркиндиги, керт баш эркиндиги, мүлк эркиндиги деген сөздөрдү пикирий түшүнбөдүк. Капитализмди идеология кылып кабыл албадык, кабыл албайбыз дагы. Аллах жашообузга аралашпасын, дин бир гана ибадат жана адеп-ахлактан турат. Аялым, кыздарым көңүлүнө жаккан эркек менен каалаганын кылсын, уулдарыбыз эрге тийсе өзүнүн каалоосу, кызым түнкү клубдарда, сойкуканаларда иштегенди тандаса өзүнүн ыктыяры деген сыяктуу демократиянын акыбеттерин түшүнбөстөн, айрымдар азыр да маймылдардай, европалыктарды туурап, чыныгы демократияны өнүктүрүп жатабыз деп жар салышууда. Европада эркек аялына, балагат жашына жеткен кыздарына сөзүн өткөрө албайт. Ал өкүмүн өткөрүүгө аракет кылса, мажбурласа мамлекет аны камакка алат. Аларды мыйзам коргойт, ошондуктан гей параддар, сулуулук конкурстары, бузукулуктар, спид-сифилис оорулары, наркотика, үй-бүлөлөрдүн бузулушу, атасын тааныбаган балдар, перзентсиздик, кумар оюндары өнүгүп, эч ким каршылык кылбаган үрп-адатка айланган. Ушулбу биздин идеология?!
21-кылымдын башында кичүү Буштун Иракка, Афганистанга ачкан баскынчылык согушунан кийин, айрыкча АКШнын колдоосу менен “Израилдин” Газага жырткычтарча кол салуусунан кийин Европада да демократияга болгон ишеним жоголуп бара жатат. Аны менен мурункудай сыймыктанбай калышты.
Амалдарда пайда-зыян өлчөө болсо ким элди ойлойт, пайдалуу болбосо кен байлыктарды элге жумшоонун мааниси барбы?! Тескерисинче, пайданы көздөгөн өкүмдарлар элдин байлыгын алуу үчүн түркүн жолдорду ойлоп табышат. Мисалы “кустуризация” мыйзамы т.а. 2025-жылга чейин коррупцияда айыптап күчүбүз жетишинче байлардын канын соробуз, кустуризация болот, кийин 2025-жылдан кийин камоону баштайбыз деген мыйзам чыкканбы? “Кустуруу” соттун токтому менен аныкталабы же баарына маалым болгон, жетекчи жеш үчүн креслону ээлейт, аларды кустуруп туура кылууда, байлар ошолорго шерик деген пикир менен чечилеби?
Алар жолдорду жаңылап, “жолго чыгып кеткен жайлар алынууда” деген шылтоо менен өз зулумдарын актоону, мектептерди куруу менен уурулугун жашырууну каалашат.
Армия зулумдан, кымбатчылыктан, акыйкатсыздыктан сабыры бүткөн калк козголуп кетсе, элди бастырууга, креслолорун сактап калууга күчү жетиши үчүн күчөтүлдү.
Социализм келгенде баардык мал-мүлктү, жашоо үчүн зарыл болгон турак-жайдан башка бардык жерлерди, өндүрүш жабдууларды тартып алып, эч кимге акысы берилбеген. Анткени социализмде мал-мүлккө мамлекет гана ээлик кылуу укугуна ээ.
Капитализм келип ошол мал-мүлктөрдү: мал-жандыкты, жерлерди, складдарды, дүкөндөрдү, өндүрүш жайларын жана башкаларды капиталисттерге кайтарып берди. Анткени капитализмде мал-мүлктүн баары элге таандык, ким мурун ээ болсо, мүлк ошонуку. Демократия таалимине ылайык мамлекет – эч кимге зомбулук болбостугу, инсандар эркин жашашы үчүн түзүлгөн, элдин эркиндиктерин камсыздап берген вужуд. Бирок капитализм кирип келгендеги алгачкы жылдардагы жаңы бийлик мал-мүлктөрдү элге болушунча сатып, мамлекеттин бюджетин толтурууну максат кылды. Ал кездерде элде акча болбогонунан мал-жандыктар берилди, базарларда тери баасына сатылды. Акча жок, бардык нерсе арзан болгон. Ошондуктан кымбат имараттар, жерлер арзыбаган баага сатылган. Бүгүнкү күнгө келип болжол менен эт 20 эсе, турак-жайлар 30 эсе кымбат болгон маалда 25-30 жыл мурун мамлекеттен мыйзамдуу жол менен алынган мал-мүлктөрдү коррупцияны шылтоолоп, калктын мыйзамдуу мүлктөрүн күч менен алып, кымбат сатышы зулум эмеспи? Ошол доордо мамлекеттик мекемелер кабыл алган, мүлктөрдү расмийлештирген мыйзам азыр алдоо, коррупция болсо, аткаруучулары аферист, паракор болгон болсо, анда элдеги турак-жай, машиналар, айдоочулук күбөлүктөр, дипломдор, укук коргоо органдарынын погондору жана башкалар да мыйзамсызбы? Конституцияны да ошолор кабыл алган го, ал да бекер болдубу…?!
Жок, албетте, аларды бекер кылуудан акча түшпөйт, тескерисинче, проблемалар көбөйөт, ошондуктан алар мыйзамдуу, бул жаңыча башкаруунун жолу, “эки достун” жолу же өзүбүз каалабасак да бизге колдонулуп жаткан капитализмдин натыйжаларынын дагы бир көрүнүшү.
“Дин жашоого аралашпайт”, “Дин жеке жашоодо, ибадат, адеп-ахлакта, мечиттерде болот”, “Коомдук жайларда динди аралаштыруу мүмкүн эмес”, “Дин саясатка аралашпайт” деген пикир СССР доорунда үрп-адат болгон динге карап конституцияга негиз болгонбу же орто кылымдарда христиан дининен, диндарлардын зулумунан чыгуунун чечими деген европалыктардан көчүрүп алынганбы? Христиан дининде да адамдар өздөрүнө жакпаган, акылы жетпеген жайларын залим жетекчилерине ылайыкташтыруу үчүн өзгөртүшкөн, максат залимдер зулумду беймарал кылышы, калк зулумга каршы чыкпастыгы көздөлгөн. Алар мында дин аалымдарынан пайдаланышты. Алардын кызматы менен өзгөртүлгөн Инжилге ылайык залимге каршы чыккан Кудайга каршы чыккан, сабырсыз инсан болот. Алар жөнүндө Аллах Таала эмне дегенин пикирлеп көргүлө:
فَوَیۡلࣱ لِّلَّذِینَ یَكۡتُبُونَ ٱلۡكِتَـٰبَ بِأَیۡدِیهِمۡ ثُمَّ یَقُولُونَ هَـٰذَا مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ لِیَشۡتَرُوا۟ بِهِۦ ثَمَنࣰا قَلِیلࣰاۖ فَوَیۡلࣱ لَّهُم مِّمَّا كَتَبَتۡ أَیۡدِیهِمۡ وَوَیۡلࣱ لَّهُم مِّمَّا یَكۡسِبُونَ
«Өз колдору менен китеп жазып алышып, анан аны арзан баадагы нерселерге алмаштыруу үчүн “Бул Кудайдын алдынан келген” дегендерге азап болсун! Жазгандары да аларга кыйроо болсун! Тапкан пайдалары да аларга кыйроо болсун!» [2:79].
Динди жашообуздан чыгаруу аракеттери биздин ойчулдарыбыздын пикиринен же башкалардан көчүрүп алынган эмес. Бардык нерсе мурун да, азыр да буйрук менен болууда. Депутаттарга, муфтиятка буйрук болсо болду, алар жакшылап ишке ашырышат деген жыйынтыктан, маңкурттарга кожоюндарынан келген буйрук сыяктуу негизде ишке ашууда.
Садыр Жапаров “Мен дин аалымы эмесмин” деп өзү айтты, бирок динди билбестен кантип динге аралашып жатат? Садыр Жапаров халифа болду беле? Т.а. мазхабды табанний кыла алгыдай халифа болду беле?
Мындан да күлкүлүүсү, динди билбегендерден “Дин комиссиясы” түзүлүп, динди тартипке салуу иштери аларга тапшырылды. Ханафия мазхабын Борбор Азия мусулмандары үчүн кабыл алынды. Түпкүлүгүндө Дин комиссиясына мүчө болуу үчүн мужтахиди мутлак болуу, эч болбогондо мужтахид болуу керек. Анткени комиссия диний материалдарды, дамлаларды Куръан-хадистер негизинде аныктайт да, мужтахид болбосо кантип текшерет?!
Муфтият, Уламалар кеңеши президентти абдан алдады, анткени ханафия мазхабында фарзды четке каккан адам кафир болот, ишенип, бирок аткарбаса, амал кылбаса фасык болуп – калкка жетекчи болуу тиякта турсун – жада калса анын күбөлүгү нике келишимине да жарабаган ишенимсиз, фасык инсан болот. Ушул негизде жашоону жетекчилерден талап кылабызбы, бул мыйзам менен күчкө киреби?!
Дин жетик, бардык нерсени баян кылган, ага жаңылык киргизүү арам, бидъат болуп эсептелет. Аиша (р.а.) энебиз Расулуллахтан (соллалоху алайхи ва саллам) риваят кылган хадисте бул ачык-айкын айтылган:
عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا، قَالَتْ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ» رواه مسلم
“Кимде-ким биздин бул ишибизге андан болбогон нерсени киргизсе, ал кайтарылган”. Муслим риваяты. Бул жөнүндө абдан көп хадистер бар.
Шаръий өкүмдөр менен чектелүү аркылуу шарият үстөм болот, жашоодо амалдарды өлчөөлөрдү белгилейт. Демек, шариятты үстөм кылуу коомдун туруктуулугун жана инсандардын өмүрүн, укуктарын, кызыкчылыктарын, коопсуздугун камсыздайт.
Америка жана Европа сыяктуу материалдык жактан өнүккөн мамлекеттерде ар дайым мыйзамдын үстөмдүгүнө аракет кылышат жана муну жүзөгө чыгаруу үчүн бардык аракетин ишке салган эң жогорку максат кылып алышат. Мыйзамдын үстөмдүгү өз-өзүнөн адамды мыйзамга каршы чыкпай турган кылат. Анткени ал мыйзамга моюн сунууга адаттанат, жашоо таризин да мыйзамдын талабына ылайык тартиптештирет. Бул мыйзам үстөмдүгү адамдардын ортосундагы алакаларды да кыйынчылыксыз аткарыла турган ыңгайлуу жана жеңил кылат. Мамлекетти инсандарга өкүмдар эмес, алардын мамилелерин башкаруучу кылат. Анткени өкүм өкүмдарга эмес, мыйзамга таандык болот. Т.а. инсандарга өкүмдардын өкүмү эмес, мыйзамдын өкүмү жетекчилик кылат. Өкүмдардын өкүмү да мыйзамдын өкүмүнө мою сунат.
Ал эми мусулмандардын жүрөгүндө шарият өкүмүнүн үстөмдүгү үчүн моралдык моюн сунуу бар. Мындан тышкары алардын жүрөгүндө рухий султан – таквалык да бар. Анткени, ал – шарият өкүмү т.а. вахий аркылуу келген Аллахтын өкүмү. Ошондуктан мусулмандар дүйнөдө, башкалар алдында Ислам менен сыймыктанышынан тышкары, алар шарият өкүмүнө каршы чыгуудан тозок азабынан коркушат, шариятты ээрчүү жана аны менен чектелүүдөн болсо жаннат ниъматтарын үмүт кылышат. Алардын таквалары мындан да улуу нерсени – Аллах Тааланын ыраазылыгын үмүт кылат. Мындан улам, шарият өкүмүнүн үстөмдүгү мусулманды мыйзамга чектеле турган, акыйдага ээ кылат. Мусулмандагы акыйда т.а. ыйман мыйзамга чектелүүгө үндөгөн, шарияттан чыкпастыгын ар дайым күзөтүп турган сакчы болот. Өзүнүн жашоо таризин ушул мыйзамдын талабына ылайык тартиптештирет, коомдо да, эл аралык майданда да бардык алакалар шарият өкүмдөрү негизинде тартиптелишин көзөмөлдөгөн корукчуга, мыйзам сакчысына айлантат. Силер адамдар үчүн чыгарылган, жакшылыкка буйруган жана жамандыктан кайтарган эң жакшы Уммат болосуңар деп ар дайым эсине салат. Аллах Таала айтат:
كُنتُمۡ خَیۡرَ أُمَّةٍ أُخۡرِجَتۡ لِلنَّاسِ تَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَتَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِۗ
„Силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар“. [3:110].
Т.а. адамзат шарият менен чектелүүсүнө сакчы болдуңар. О.э. шарияттын үстөмдүгү адамдардын алакаларын ыңгайлуу жана жеңил кылып гана калбастан, шариятта инсандар ортосундагы жаңжалдарды, келишпестиктерди жойгон өкүмдөр менен да камсыздаган. Ошондуктан инсандар ортосундагы алакалар – ырас шарият өкүмүнүн үстөмдүгү жүрөктөргө өкүмдар болгон соң – жаңжал чыкпашын камсыздап жеңилдик менен ирээттелет. Буларга кошумча бул үстөмдүк өкүмдардын султандыгын зомбулук күчү эмес, мамилелерди башкаруучу кылат. Анткени инсандар кайрыла турган булак өкүмдар эмес, шарият өкүмү. Демек, шарият өкүмдардын да, калктын да кайрылуу булагы, акыйкат менен батылды бөлгөн тараза болот. Өкүмдар инсандардын мамилелерин шарият өкүмдөрү менен башкарган башчы гана. Ошондуктан шарият аны башчы деп атаган.
Аллах Таала айтат:
فَلَا وَرَبِّكَ لَا یُؤۡمِنُونَ حَتَّىٰ یُحَكِّمُوكَ فِیمَا شَجَرَ بَیۡنَهُمۡ
“Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча момун боло алышпайт».
Муну менен гана чектелип калбастан, шариятты өкүм чыгаруучу кылууга кошумча жүрөктө чыгарылган өкүмдө эч бир мүчүлүштүк болбостугун жана ага толук моюн сунууну шарт кылды. Аяттын уландысында: «сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча эч качан момун боло алышпайт», деп айтылат.
Бул шарият үстөмдүгүн жүзөгө чыгарууга үндөө жаатындагы ой-жүгүртүлгөн нерсенин эң жеткиликтүүсү. Буга кошумча Куръан шарият үстөмдүгүн калк менен өкүмдардын ортосундагы алакаларга да өкүмдар болушун буйруду. Аллах Таала айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا أَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ وَأُولِي الْأَمْرِ مِنْكُمْ فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
„Эй момундар! Аллахка моюн сунгула жана пайгамбарга, ошондой эле өзүңөрдөн болгон акимдерге моюн сунгула. Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, эгер чынында эле Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенсеңер ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла. Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим“. [4:59]
Ошентип Куръан калк менен өкүмдар бирер нерседе тартышып калышса ал нерсени Аллах жана Расулуна кайтарууга буйруду жана муну ыймандын белгиси деп белгиледи. «Ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла» деди. Мунун соңунда «Эгер чынында эле Аллахка жана Акырет Күнүнө ишенсеңер» деп ыйманды шарт кылды. Аны менен гана чектелбестен, бул амалды: “Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим” деген сөздөр менен мактады. Бул ишти шарият өкүмүнө кайтаруудагы Куръандын таъкид жана катъийлигине далалаты. Бул шарият үстөмдүгүн жүзөгө чыгаруунун эң жетик жолу. Мына ушулардын баарынан шарияттын үстөмдүгүн жүзөгө чыгаруу Ислам назарында канчалык маанилүү экени маалым болот.
Туркистон