Халифалыктын кулашына 104 жыл: «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын дүйнөлүк иш-чараларына сереп

86
0

Халифалыктын кулашына 104 жыл: «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын дүйнөлүк иш-чараларына сереп

Халифалык жок кылынганына 104 жыл толду. Бул аралыкта мусулмандар биринин артынан кийинки сокку алып, оор жаракаттан кансырап келет. Үммөттүн жүрөгүндөгү жара дагы эле айыкпай, ого бетер оорлоп жатканын ар күнү ачык көрүүгө болот. Мусулмандар халифалык мамлекетинин жоктугу менен улуулугун жана күчүн жоготушканын аңдашты. Бирок Пайгамбарыбыздын ﷺ үлгүсүнө баш ийип, экинчи туура жолдогу халифалыкты орнотуу менен исламий жашоону кайра жандандырууну максат кылган жана Аллахка, анын Элчисине жана Үммөткө убада берип, эч качан чарчабаган, тажабаган жана үмүтүн үзбөгөн жигердүү аракетчилдер бар. Аллах жеңиш бермейинче же алар ошол жолдо шейит болмоюнча, бул иштен баш тартпоону өздөрүнө парз деп билишет.

Бул кайгылуу жылды «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын жаштары дүйнө жүзү боюнча өзгөчө иш-чаралар менен белгилешти. Алардын катарында нааразылык акциялары, өзгөчө байланыштар, видео кайрылуулар, конференциялар жана билдирүүлөр болду.

«Хизб-ут-Тахрир» партиясынын Борбордук маалымат бөлүмү бул эскерүү жылында дүйнөлүк кампания уюштуруп, бардык иш-чараларды кеңири чагылдырууга киришти. Кампаниянын ачылышында Борбордук маалымат кеңсесинин жетекчиси, инженер Салахуддин Адада өз сөзүндө бул иш-чараны «Пайгамбарлык жолундагы экинчи туура халифалык – дүйнө менен адамзатты куткаруучу» деп атады.

Аялдар бөлүмүнүн үнү

Аялдар бөлүмү өз билдирүүсүндө: «Биздин жерибизди душмандан бошотуп, өлкөлөрүбүздү бириктирип, желегибизди бийик көтөрө турган жалгыз башкаруучу – мусулмандардын халифасы болот» деп белгиледи. Алар аскерлерге кайрылып: «Силер качан бул кулчулук чынжырларын үзөсүңөр? Качан Исламга болгон берилгендигиңерди далилдейсиңер жана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жардам бересиңер?»,- деп суроо салышты.

«Халифалыкка карай туруктуу жол» аттуу дүйнөлүк медиа конференция

«Хизб-ут-Тахрирдин» Борбордук маалымат бөлүмү «Аль-Вакиа» телеканалы аркылуу «Халифалыкка карай туруктуу жол» аттуу дүйнөлүк маалыматтык конференция уюштурду. Бул иш-чарага халифалыкты орнотууну максат кылган чакырыктын өкүлдөрү катышты, ал эми Аднан Мазьян конференцияны алып барды.

Конференцияда айтылган негизги баяндамалар:

  1. «Алардын динине ээрчибе» – инженер Бахир Салех:

Батыш эч качан исламды кабыл албайт жана мусулмандардын динден кайтуусунан башка нерсеге ыраазы болбойт. Алардын мусулмандарга койгон эки негизги шарты бар:

  1. Ислам кайра кайтып келбеши керек;
  2. Ислам жерлери Батыштын кол алдында калып, анын байлыктары талап-тонолушу керек;
  3. «Азчылыктар жана аялдардын укуктары» – Рана Мустафа айым:

Батыш аялдын коомдогу жана үй-бүлөдөгү маанилүү ролун жакшы түшүнөт, ошондуктан анын негизги бутага айланышы бекеринен эмес.

  1. «Динде пастыкка түшүү жана баскычма-баскыч методу» – устаз Ахмад ас-Суфи

Пайгамбарлык жолу баскычма-баскычтык, принциптерден баш тартуу же компромисске барууну камтыбайт. Ислам учурдагы башкаруу системасы кыйрагандан кийин гана толук бийликке келиши керек.

  1. «Бир гана халифалык – фундаменталдуу чечим» – профессор Мухаммад аль-Малкави

«Исламдын күчүн кайра орнотуу үчүн, биз Үммөттүн уул-кыздарын биригүүгө жана ушул ыйык жолдо бирге күрөшүүгө чакырууну улантабыз.

«Хизб-ут-Тахрир» Борбордук маалымат кеңсесинин жетекчиси өзүнүн «Пайгамбарлык жолундагы экинчи туура халифалык босогосунда» деген темадагы жыйынтыктоочу сөзүндө мындай деди:

«Өткөн жылы Шам жерин эки чоң толкун каптады. Бул толкундар ыкчам, өзүнүн чек араларын тааныбаган аргымактай эле. Бирок Ислам үммөтү аларды тизгиндеди жана Аллахтын уруксаты менен бул толкундарды алардын кожоюндары элестеткенден да алыстатып жөнөттү».

Ал мусулмандардын кайратын ойготуу жана күч-кубат ээлерин ойготуу үчүн бир катар билдирүүлөрдү жасады:

«Силер мусулман өлкөлөрүн жана алардын элин ички жана тышкы коркунучтардан коргоого даяр болушуңар керек. Бул үчүн өлкөнүн ички жана тышкы абалын түшүнүү, бардык коркунучтарды жоюу үчүн стратегияларды иштеп чыгуу жана зарыл болсо согушка даяр болуу милдетиңер. Силер өлкөңөрдүн ички абалын жана тышкы коркунучтарды так түшүнүп, аларды жоюу үчүн тийиштүү чараларды көрүшүңөр керек».

Дүйнөнүн ар кайсы бурчундагы иш-чаралар

«Хизб-ут-Тахрир» аялдар бөлүмү бир катар билдирүүлөрдү жасап, мечиттерде сабактар жана жума хутбаларын уюштурду. Бул иш-чаралар Палестинадагы ар кайсы аймактарда өткөрүлдү.

«Хизб-ут-Тахрир» Иорданиядагы маалымат кеңсеси «Халифалыктын кыйрашын эскерүү – аны жоктоонун эмес, кайра тикелөө үчүн аракет кылуунун мезгили» деген темада басма сөз билдирүүсүн таратты.

Кенияда «Халифалык кулатылганынын 104-жылдыгына» карата кампания өткөрүлдү. Бул иш-чаралар 1446-жылдагы Ражаб айында башталып, анын алкагында ачык баяндамалар, семинарлар жана нааразылык акциялары уюштурулду.

Ливандын Триполи шаарында «Шам өлкөсүндөгү өзгөрүүлөр: кооптонуулар жана үмүттөр» деген темада конференция өттү. Анда төмөнкү баяндамалар жасалды:

«Өзгөрүүлөр шартында саясий анализ» – Инженер Салахуддин Адада;

«Зулум режимдер кулагандан кийинки этап» – Насыра Шейх Абдулхай, Сириядагы «Хизб-ут-Тахрир» маалымат кеңсесинин өкүлү;

«Жаңы түзүлгөн саясий түзүмдөрдүн кыйынчылыктары» – Доктор Ахмад Кассас

«Түркиянын ролу жана аймактагы өзгөрүүлөр» – Абдуллах Имамуулу, Түркиядагы «Хизб-ут-Тахрирдин» байланыш комитетинин жетекчиси;

«Ражаб айы, үммөт жана анын куткаруучулары» – Ахмад Суфи;

Жыйынтыктоочу билдирүү – Доктор Мухаммад Ибрахим, Ливандагы «Хизб-ут-Тахрир» маалымат кеңсесинин жетекчиси.

Канада

Канаданын Миссиссога шаарында «Халифалык мамлекетин орнотуудагы тоскоолдуктарды жоюу» деген аталыштагы жылдык халифалык конференциясы 18-январда өтмөк. Бирок Канада өкмөтү АКШ менен кызматташып, бул иш-чараны болтурбоо үчүн маалыматтык чабуул уюштурду.

Пакистан

Пакистандагы «Хизб-ут-Тахрир» маалымат кеңсеси «Бир уммат – бир халифалык» деген аталыштагы жаңы видео сериясын даярдады.

Судан

Суданда «Хизб-ут-Тахрир» «Үммөттүн өзгөрүүсүнүн долбоору – халифалык» деген темада «Үммөт маселелери» аттуу кезектеги форумун өткөрдү. Ошондой эле бир катар видеобаяндамаларды жарыялап, халифалыктын кыйрашын эскерип, анын кайра тикелениши зарыл экенин баса белгилешти.

Жалпы маалыматтык кампания

«Хизб-ут-Тахрир» маалымат кеңсесинин мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) «Аль-Рая» гезитинде жана башка платформаларда бир топ макалалар менен маалыматтык билдирүүлөрдү жарыялашты. Бул макалалар умматты халифалыктын кыйрашын эскерүүгө, аны кайра тикелөө үчүн аракет кылууга жана бул улуу вазыйпаны таштап коюунун арам экенине чакырды.

Жыйынтыктоо

«Хизб-ут-Тахрир» бардык каршылык көрсөткөн тараптарды эскертет:

«Эгерде силер Акыретке ишенбесеңер, силер үчүн тозок оту даярдалып, анын куйган суусу жүздөрүңөрдү өрттөй турганын билгиле. Бирок эгерде силер муну билсеңер да халифалыкка каршы чыгып, ага каршы күрөшсөңөр, анда халифалык силерди бул дүйнөдө да жоопко тартат. Ал эми силер халифалыктан качып кутулабыз деп ойлосоңор, анда ал силерге күн чыгыш менен күн батыштын ортосундай жакындап келет. Силер муну түшүнбөйсүңөрбү?!»

Роя гезити

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here