Хизб деген эмне?
بسم الله الرحمن الرحيم
Учурда калк арасында “хизб деген эмне”, “кандай максатты ишке ашыруу үчүн аракет кылат”, “анын мүчөлөрү кимдер”, “хизб мүчөлөрү кандай адам”, “хизбге мүчө болуу шартпы” деген суроолор көбөйүп жатат. Ошондуктан, хизбди, аны түзүүнүн шаръий өкүмүн, максатын, ага кандай инсандар мүчө болушу мүмкүндүгүн кыскача баяндап берүүнү туура көрдүк.
Хизб – мабдаъга ыйман келтирип, аны жашоого алып келүү үчүн олуттуу аракет кылып жаткан момун-мусулмандардан турган саясий уюм. Хизбди түшүнүү үчүн бул аныктамадагы ар бир сөздү жакшы түшүнүү керек:
а) Мабда – бул өзүнөн түзүм келип чыга турган аклий акыйда. Ал эки бөлүктөн: фикрат жана тарыйкаттан турат. Бул турмушта кандай жашоо керек экендигин аныктап бере турган долбоор десек да болот. Бул жалпы аныктама болуп, ал социализмге да, капитализмге да, Исламга да туура келет, тагыраагы, бул үчөө тең мабда болуп саналат.
Исламдын фикраты – акыйда, тагыраагы Аллах Таалага, Өзү баян кылган бардык сыпаттарына, Расулуллах (с.а.в)дын Аллахтын элчиси экенине, Куръанга жана андагы бардык кабарга бул жашоонун негизи деп ишенип, Аллах Таала ыраазы боло турган шарий өкүмдөрдүн топтому.
Тарыйкаты – Аллах Таала ыраазы боло турган ушул жашоо таризин ишке ашыруу, тагыраагы, Исламды башынан баштап жашоого алып келүү, аны жок болуп кетүүдөн, бузулуудан сактоо жана жер жүзүндөгү Алланын башка пенделерине жеткирүү жолу.
Ислам тарыйкаты да фикраты сыяктуу, инсан акылынан иштеп чыгылбайт. Тескерисинче, баары Алла Тааланын өкүмдөрүнөн алынат. Алла Таала ар бир нерсенин өкүмдөрүн баян қылган. Расулуллах (с.а.в) бардык нерсени: фикратты да, тарыйкатты да үйрөтүп, ишке ашырып кеткен жана Кыямат күнү ушул тууралуу күбөлүк берет. Андан башкасын Алла Таала кабыл кылбайт, ыраазы болбойт. Алла Таала айтат:
وَیَوۡمَ نَبۡعَثُ فِی كُلِّ أُمَّةࣲ شَهِیدًا عَلَیۡهِم مِّنۡ أَنفُسِهِمۡۖ وَجِئۡنَا بِكَ شَهِیدًا عَلَىٰ هَـٰۤؤُلَاۤءِۚ وَنَزَّلۡنَا عَلَیۡكَ ٱلۡكِتَـٰبَ تِبۡیَـٰنࣰا لِّكُلِّ شَیۡءࣲ وَهُدࣰى وَرَحۡمَةࣰ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِینَ
(سُوْرَةُ النَّحْلِ, 89-آية)
“(Кыямат Күнү) ар бир үммөт арасынан өздөрүнөн чыккан бир күбөнү (атап айтканда, пайгамбарды) алып келебиз. Сени болсо (эй Мухаммад) тиги (өз үммөттөрүңө) күбө кылып келтирдик жана сага бардык нерсени баян кылып берүүчү, хидаят (Туура Жолго баштоочу), рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү кабар болгон Китепти-Куранды түшүрдүк”. (Тагыраагы, кыямат күнү ар бир үммөткө Пайгамбарын күбө кылганыбыздай, сени да үммөтүңө күбө кылып келтиребиз. Сага Куръани Каримди түшүрүүдөн максат, ар бир нерсени баян кылып берүү. Куръан момундар үчүн Алланын рахматы, мусулмандар үчүн хидаят. Куръани Карим момундар үчүн кушкабар, аларга ыймандары аркасынан келе турган жакшылыктардын кушкабарын берет) [16:89]. Дагы айтат:
وَأَنَّ هَـٰذَا صِرَ ٰطِی مُسۡتَقِیمࣰا فَٱتَّبِعُوهُۖ وَلَا تَتَّبِعُوا۟ ٱلسُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمۡ عَن سَبِیلِهِۦۚ ذَ ٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ
“Ырасында, бул Менин туура жолум, эми аны менен гана жүргүлө; башка жолдор менен жүрбөгүлө, алар силерди Анын жолунан чыгарып салат. Силер такыба болууңар үчүн, Ал силерге ушуну насаат кылат”.
(Дүйнөдөгү жападан жалгыз туура жол – Алланын жолу. Инсан эргешүүсү шарт болгон бирден-бир жол ушул. Андан башка жолдордун баары туура эмес. Ким аларга же алардын бирине эргешсе, адашат. Туура эмес жолдо жүргөндөр Алланын жолунан адашкан болот. Алла Тааланын ушул нерселерди ишке ашырууга өкүм кылышы да пенделери такыбаалык кылып, туура жолду табышы үчүн) [6:153].
Аиша (р.а) Расулуллах (с.а.в)дын ушундай дегенин риваят кылат:
من أحدث في أمرنا هذا ما ليس منه، فهو ردٌّ
“Кимде-ким биздин ушул иште андан болбогон нерсени кошсо, ал четке кагылат”. Муслим жана Бухарий риваят кылган. Имам Муслимдин дагы бир риваятында:
من عمل عملًا ليس عليه أمرنا، فهو ردٌّ
“Кимде-ким биздин өкүмүбүз болбогон ишти кылса ал четке кагылат”,– деген.
Фикрат жана тарыйкатка тиешелүү шаръий өкүмдөрдүн зарылдары биздин “Экономика түзүмү”, “Ижтима түзүмү”, “Исламда Таалим берүү программасы”, “Башкаруу түзүмү”, “Жазалар түзүмү”, “Саламаттыкты сактоо түзүмү” сыяктуу китептерде иштеп чыгылган жана бардык адамдар үчүн жеткиликтүү. Каалоочуларга, үйрөнүп чыгуучуларга эч кандай тоскоолдук жок. Аны үйрөнүүгө тескерисинче жардам беребиз, инша Аллах. Биздин үммөттөн жашыра турган эч нерсебиз жок жана анын баары сайтыбызда бар. Ошондуктан, хизбдин кыла турган ишин Куръан жана хадистерге негизделген абалда кыскача “Хизб ут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү программасы” аттуу китепчебизде баяндаганбыз.
б) Мабдаъга ыйман келтирүү – Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризин (фикрат), аны жашоого алып келүү, сактоо жана башка калктарга жеткирүү жолу болгон тарыйкатты жетик үйрөнүп, аны гана акыйкат деп, Куръан жана Сүннөттөн болбогон жана ага негизделбеген иштерди батыл деп ишенүү. Расулуллах (с.а.в) Абу Хурайра (р.а) риваят кылган хадисте айтты:
الإِيمانُ بضْعٌ وسَبْعُونَ، أوْ بضْعٌ وسِتُّونَ، شُعْبَةً، فأفْضَلُها قَوْلُ لا إلَهَ إلَّا اللَّهُ، وأَدْناها إماطَةُ الأذَى عَنِ الطَّرِيقِ، والْحَياءُ شُعْبَةٌ مِنَ الإيمانِ
“Ыйман жетимиш канча бөлүктөн турат. Эң абзели “Ла илаха иллаллах” келмеси жана эң төмөнкүсү жолдон зыяндуу нерсени алып таштоо. Уяттуулук да ыймандын бир бөлүгү”. Имам Муслим риваяты.
Ошондуктан, Исламга толук же андагы қатъий өкүмдү инкар кылуу каапырлык, ага толук ишенүү момундук, моюн сунуу мусулмандык болот.
Расулуллах (с.а.в) эскертти:
لا يُؤمِنُ أحدُكُم حتَّى يكونَ هواهُ تَبَعًا لما جئتُ بهِ
“Нафс–каалоолору мен алып келген нерсеге моюн сунганга чейин эч бириңер момун боло албайсыңар”. Абдуллах ибн Амр ибн Аас (р.а) риваят кылган.
в) Хизб Исламдын фикрат жана тарыйкатын үйрөнүп, анын акыйкат экенине ишенип, жашоонун бардык тармагына, анын ичинде: ибадат, адеп-ахлак, жекече, үй-бүлөлүк, жамааттык, экономикалык, ижтимаий тармактарга Исламды алып келүү үчүн олуттуу бел байлаган. Бул жолдо жаманатты кылуучулардын жаман сөздөрүнөн, дооматтарынан, залимдердин зулумунан коркпостон, Исламды толук жашоого кайтаруу үчүн Расулуллах (с.а.в) жана асхабдарынын ишин улантуу үчүн ант берген момундар. Тагыраагы, Исламды башкаларга жеткирүү менен Расулуллах (с.а.в)дын мураскору болушту. Демек, Хизб – Исламды үйрөнүп, аны толук жашоого кайтаруу үчүн пикирий-саясий иш алып барып жаткан момундар жамааты.
г) Хизбди түзүү Аллах Тааланын пенделеринен талап кылган өкүмү. Аны инкар кылуу төмөнкү аятты инкар кылуу менен барабар:
وَلۡتَكُن مِّنكُمۡ أُمَّةࣱ یَدۡعُونَ إِلَى ٱلۡخَیۡرِ وَیَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَیَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۚ وَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
“Силердин араңарда жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, амру маъруф–нахйи мункар кыла турган бир жамаат болсун. Мына ошолор нажат табуучулар” [3:104].
Өзүнө жүктөлгөн сыймыктуу жана улуу вазыйпаны ишке ашыра ала турган Хизбди түзүү менен Аллах Тааланын өкүмү ишке ашат. Тагыраагы, аны түзүү парзы: ага мүчө болуп, олуттуу аракет кылуу, мүчөлөрүн көбөйтүү вазыйпасын ишке ашыруу менен бул өкүм жүзөгө чыгат. Ага кайдыгер болгондор нажат табышпайт, тагыраагы, Алланын азабынан кутула алышпайт. Ушундай улуу болгон негизги фарзды ишке ашыруу эки дүйнөдө нажат табышыбызга себеп болот. Ал эми, бул улуу фарзды аткарып жаткандарга каршы күрөшүп жаткандардын абалын өзүңүз бир элестетип көрүңүз. Аллахым ушундай инсандар себептүү мекенибизге балээлерди жиберишиңден коргоо тилейбиз.
Демек, алдыбызда эки жол: демократия наамы менен каапырлык же Алланын өкүмү менен Ислам турат. Бул тандоонун натыйжасы тозок же бейиш. Бул жолдун бирин тандоо үчүн Алла бизге акыл, ыктыяр жана мүмкүнчүлүк берди. А түгүл, бейишке алып баруучу жападан жалгыз жол болгон Куран жана хадистерди жеткирип койду. Аллах Таала пенделерине зулумдук кылбайт:
ذَ ٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتۡ أَیۡدِیكُمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَیۡسَ بِظَلَّامࣲ لِّلۡعَبِیدِ
“Бул (азап) өзүңөр кылган күнөөлөрүңөр себептүү. Албетте, Алла пенделерине зулумдук кылуучу эмес». [3:182].
Гариб