АКЫЙКАТТЫ АНЫКТАП, КАТАЛАРДЫ ТАКТАП АЛЫҢЫЗДАР

238
0

АКЫЙКАТТЫ АНЫКТАП, КАТАЛАРДЫ ТАКТАП АЛЫҢЫЗДАР

Аллах Таала айтат:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن جَاءكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَأٍ فَتَبَيَّنُوا أَن تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَى مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ {

– «Эй момундар, эгер силерге бир фаасык кимсе бирер кабар алып келсе, силер (чыныгы абалды) билбей туруп бирер коомго кайгы жеткирип коюп, анан кылган ишиңерге өкүнүп калбашыңар үчүн (ал кабарды) аныктап-текшерип көргүлө!»                                                                                                             [49:6]

Эй Кыргызстандын мусулман калкы! Аллах Таала бул аятында «Эй ыйман келтиргендер, эй момундар» деп мусулмандарга, алардын катарында сиздерге да кайрылууда. О.э. сиздерге да фаасыктар таркатып жаткан кабарлардын акыйкатын аныктап, катасын тактап алууну буйруп жатат.

Маалым болгондой, учурда бийлик өз маалымат каражаттары аркылуу Хизб-ут-Тахрир аль-исламия саясий партиясы тууралуу түрдүү кабарларды таркатууда. Буга чейин, бийлик динибизге каршы күрөшүүчү мыйзам кабыл алмакчы болгондо, Кыргызстандагы Хизб ага каршы маалымат кампаниясын жүргүзүп, акыбетте ондогон жигиттерибиз күч органдары тарабынан камакка алынган эле. Жана мындай залим чаралар ушул күнгө чейин уланып келүүдө. Ушуну менен бирге, мамлекет тарабынан маалыматтык чабуул кампаниясы да ишке салынууда. Эми бул кампаниядагы доомат жана жалааларды айкындаштырып, акыйкаттарды аныктап алуу сиздердин мойнуңуздарда.

Алгач, бул кабарларды кимдер таркатып жатканына көңүл буруңуздар. Албетте муну бийлик кылып жатат. Бу бийлик болсо, албетте, Аллахтын шариятынан башка мыйзамдар менен өкүм жүргүзгөн акимдер болуп, алар фаасык эсептелет.

Аллах Таала айтат:

 وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар фаасыктар»                                                                                         [5:47]

Ооба, алар фаасыктар. Алар шариятты эмес, АКШ, Европа, Кытай жана Орусия жетекчилери сыяктуу мушрик колонизаторлорду кожоюн кылып алышкан. Бул кожоюндары дүйнөнү демократия маскасын кийген капитализм менен башкарып, колонизаторлук менен эзип жатышат. Алардын башкаруусу жалаң гана эки жүздүүлүктөн, алдамчылыктан, ач көздүктөн турат. Бирок, алар бул кылмыштарын “мыйзамдаштырып” алышкан. Мисалы, алардын – экстремизм жана терроризм шылтоосу менен – калктарды геноцид кылуусу “мыйзамдуу”. Калктарды кырып, жерлерин ээлеп, байлыктарын тоноп, элин эзүүсү “мыйзамдуу”…

Мусулмандардын фаасык акимдери болсо бардык жактан ушул каафир кожоюндарын үлгү тутушат. Өлкө жерлерин, байлыктарын – инвестиция шылтоосу менен – кожоюндарына белек кылып тартуулашат. Элин капитализмге моюн сундуруп, ал аркылуу колонизаторлорго кул кылып беришет. Буга каршы чыккан, капитализм зулматынан куткарып, Ислам нуруна алып чыкмакчы болгон калыс мусулмандар экстремизмде айыпталышат. Бул акимдер да элди алдоодо кожоюндарынан ашып түшүшөт. Мисалы, динге каршы мыйзамды “дин үчүн пайдалуу” деп көрсөтүшөт. Бул кылмыштарынын баарын “мыйзамдаштырып” алышкан. Ооба, алар ушундай фаасыктар.

Эми бул фаасыктардын каршысында биз да сиздерге өз кабарыбызды беребиз. Биз, Хизб мүчөлөрү, Аллахка жана Расулуна ыйман келтирген о.э. Алланын Китеби жана Расулунун Сүннөтү менен жашоого аракет кылган силердин перзенттериңербиз. Шарият талабына ылайык, адамдарды Исламга чакырган, изги иштерге буйруп, жаман иштерден кайтарган исламий саясий партияданбыз. Ушунун алкагында, Ислам түзүмүнүн бардык тармактарын – исламий ибадатты, саясатты, экономиканы, таалимди, адепти… – бүт бардыгын толугу менен үйрөтүү менен даъват кылабыз. Акимдерди тергеп-тескөө менен саясий иштерди алып барабыз.

Дин душмандарынын дин жолундагыларга каршы күрөшүүсү – бу Аллахтын суннаты. Тарыхтан белгилүү болгондой, пайгамбарлар жана алардын жардамчылары жалганчыга чыгарылышкан, азапталышкан, шейит кылынышкан. Акыркы пайгамбар Мухаммад Мустафа (с.а.в) сийратынан дагы – ал жана анын асхабдары – мушриктер тарабынан кандай азарлар көргөнүн жакшы билебиз. Пикирий-саясий күрөш баскычында азарларга кантип сабыр кылып, даъватты кандай улантышканын да жакшы билебиз. О.э. Мадинада мамлекет тикеленгенден кийин болсо, жихаддарда жана фатхтарда ошол залимдерден канчалык өч алышкандыктарын да абдан жакшы билебиз. Жана буларды билбегендерге билдирип кетмекчибиз…

Бийлик өкүлдөрүнүн муктаждарга жардам берип калганын, алсыздарга камкордук кылып калганын көрүп калабыз. Бирок, төмөнкү окуялардан соң, булар эл көзүнө эле кылынган көз боёмочулуктар го деген терс күмөн туулат. Хизб жигиттерин кармап кетүү окуяларына караңыз, таң атпастан эшикти сындыра тээп кирип, эч кандай кеп-сөзгө келбестен ур-токмокко алмай… Ал тургай, айрым жигиттерди камакка “тез жардам” унаасы менен алып кетишти. Кайсы кылмышы үчүн: “Роббим Аллах” дегени үчүнбү? Ал жигиттердин кээ бирлери карыган энесинин жалгыз кароочулары эле. Кээ бирлери болсо, 1-топтогу майып перзентинин жалгыз камкорчусу эле. Ал карыган эне жана ал майып перзент – бийлик мээрим менен камкордук кылышы керек болгон – мамлекеттин жарандары эле го акыры… Бийлик камкору жана коргоочусу жок калтырмакчы болуп жаткан бул үй-бүлө мамлекетке эмнеси менен өгөй?!

Ыктымал, күч органдары “бөрк ал десе, баш алып” жаткандыр. Алар бул кылмыштары үчүн Аллахтын алдында да, пенденин алдында да жооп беришет. Бул жазалардан мурун да, аларга Аллахтын бул дүйнөдө берчү жазалары да бар. Эй күч кызматкерлери, тарыхтан дин душмандары болгон Абу Лахабдын ит өлүмүн, Умму Аммардын баш ооруудан улам иттерче уңулдап уулуп калганын окуп алгыла. Ал эми, Аллахтын акыреттеги азабын болсо дагы бир эсиңиздерге сала кетебиз, ал азаптардын эң катуусу! Биз муну коркутуудан мурун да эскертүү катары айтып жатабыз. Аллах Таала айтат:

وَذَكِّرْ فَإِنَّ الذِّكْرَى تَنفَعُ الْمُؤْمِنِينَ

– “Эскерте бергин, анткени, эскертүүдө момундарга пайда бар” (51:55).

Бийлик жырткычтык кылууга буйрук берип жатабы же күч кызматкерлери өздөрү аша чаап жатабы, айырмасыз, бул кылмыш жоопкерчиликтери баары бир бийликтегилердин да мойнунда. Анткени, алар жетекчилер – алар кол алдындагылардан да жоопкер. Бул жетекчилер динге каршы күрөшүү менен эмнени каалап жатканын түшүнбөйсүң? Бийлик үчүн ушинтип жатасыңарбы? Силердин мансапты малайлык сыпатысыз элестетип болбойт, демек, биерде бийлик деле жок го! Ошондо ушу бир малайлык деген “мансап” үчүн диниңерге кыянат кыласыңарбы ээ?!

Буга чейин да канчалаган дин душмандары өткөн, алар да убагында сыртынан кимдир бирөөлөргө даңктуу, барктуу, нарктуу жашагандай болуп көрүнгөн. Бирок, алар турмуштарында кадыржам жашап өтүшкөн эмес. Мындай окуялардын айрымдары тарых барактарынан ачылып калса, калгандары акыреттеги шерменделик күндөрү үчүн калууда. А Акырет азабы болсо бардык азаптардан да эң азаптуу. Лекин, биз силерди ага чейинки жаза жана азаптардан да эскертебиз. Тарыхтан Билал (р.а)ну кимдер гана билбейт. Ал мушриктердин чоңдорунан болгон Умайя ибн Халафтын кулу болгон. Ыйман келтирген соң, Умайя ага кандай гана азаптарды бербеди. Акыры Абу Бакр (р.а) аны сатып алып, Билалды бул азаптардан куткарды. Кийин Мадинада мусулмандар мамлекети тикеленген соң, мушриктер менен мусулмандар ортосунда Бадр казаты жүз берди. Мына ошондо, баягы залим Умайя Билал (р.а)нун кылычы мизинде жан таслим болду… Лекин, ар кандай да болот, кээ бир залимдер мусулмандардын өч алуусуна жетпей да ит өлүмү менен өлүп кете берет. Мисалы, Саддам Хусайн, Муаммар Каддафи сыяктуулар. Биз муну, балким, андай акыбалга жетпей туруп акылыңарга келээрсиңер деп эскертип жатабыз. Деги динге каршы чыгуу менен кимдерди ыраазы кылмакчы болуп жатасыңар өзү?

Набий (с.а.в) мындай дейт:

«مَنْ أَرْضَى النَّاسَ بِسَخَطِ اللهِ، سَخَطَ اللهُ عَلَيْهِ، وَأَسْخَطَ عَلَيْهِ النَّاسَ. وَمَنْ أَرْضَى اللهَ بِسَخَطِ النَّاسِ، رَضِيَ اللهُ عَلَيْهِ وَأَرْضَى عَلَيْهِ النَّاسَ»

«Ким Аллахты каардантып адамдарды ыраазы кылса, Аллах ага каарданат жана адамдарга аны жек көрсөтүп коёт. Кимде-ким адамдарды каардантып Аллахты ыраазы кылса, Аллах андан ыраазы болот жана адамдарды андан ыраазы кылдырып коёт». (Термизий сахих санад менен риваят кылган).

Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ هَذِهِ تَذْكِرَةٌ فَمَن شَاء اتَّخَذَ إِلَى رَبِّهِ سَبِيلًا

«Албетте бул бир эскертме. Ошентип, ким кааласа (мындан сабак алып) Роббисине жол тартат»                                                                    [73:19]

Эми бизге келсек, Аллах Тааланын төмөнкү аяты ар дайым биздин эсибизде:

   أَحَسِبَ النَّاسُ أَن يُتْرَكُوا أَن يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ

– «Адамдар «ыйман келтирдик» деши менен эле сыноо кылынбастан таштап коюларын ойлоштубу?! Акыйкатта болсо, Биз алардан мурдагы кишилерди сынаган элек го! Анан (ушул сыноонун жардамында) албетте Аллах чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы адамдарды да анык билет»                                                                                      [29:1-3]

Мындай сыноолор Хизб үчүн да, анын мүчөлөрү үчүн да жаңылык эмес. О.э. таң калычтуу же коркунучтуу да эмес. Булар болгону бир сыноо гана. Ооба, бу жолдон айрым бир кимселер чын дилинен кайтып кетиши ыктымал, айрымдары тилинде кайтып, дилинде сактанып калышы мүмкүн. Мындай адамдар пайгамбарлар учурунда да болгон. Бул сыноолор кудум “барскан” сыяктуу: “темирдин датын кетирет, тазасын жаркыратат”. Бирок, ошондо да көпчүлүк мусулмандар өз жамааттары менен биргеликте, арасынан курбандыктарды берип болсо да, бул ишти т.а. динди жүзөгө чыгарышкан. Мына азыр да маңдайыңардан “же баш кетет, же бул иш акырына жетет” деп, “Аллах же жеңишке, же шейиттикке жеткирет” деп, сабыр жана кайрат менен жамаатта аракет кылып жаткан көпчүлүк азаматтарды табасыңар… Мухаммад (с.а.в) айтат:

«عَلَيْكُمْ بِالْجَمَاعَةِ، فَإنَّ الذِّئْبَ لاَ يَأْكُلُ مِنَ الْغَنَمِ إلاَّ الْقَاصِيَةَ»

«Жамааттан айрылбагыла. Анткени, карышкыр үйүрдөн бөлүнгөн койду жейт» (Абу Давуд риваяты).

Нусраттан кийин болсо, ал Ислам аскерлери дин душмандарынын артынан сая түшүп, бункерлеринде жашынып жатса да таап чыгышат… иншАллах.

Эй Кыргызстандын мусулман калкы! Биз кебибиздин башын да ушинтип баштаганбыз. Биз сиздерге “мусулмандар” деген этибарда кайрылып жатабыз. Кандай бийлик болбосун, ал күч-кубатын элден алат. Ал тургай, залимдигинде да элге таянат, эгер элден колдоо болбосо, артка кайтат. Ошондуктан, силер бийликти жаман иштеринен кайтарып, жакшы иштерге буйругула. Бул силердин мойнуңардагы милдет. Залимдердин колунан кармап, кылмыштарынан тыйып койгула.

Расулуллах (с.а.в) мындай дейт:

«إنَّ النَّاسَ إِذَا رَأَوْا الظَّالِمَ فَلَمْ يَأْخُذُوا عَلَى يَدَيْهِ أَوْشَكَ أَنْ يَعُمَّهُمُ اللهُ بعِقَابٍ»

«Эгер адамдар залимди көрүшсө аны колунан кармап токтотушпаса, Аллах алардын баарына жаза жибериши жакын» (Термизий жана Ибн Маажа риваяты).

Эсиңиздерде болсо, бир нече жыл мурунураак светтик активисттер залим акимдерди мусулман активисттерге каршы тукуруп, бир нече мыйзамдар сунуштап чыгышкан. Мисалы, “экстремисттердин фейк аккаунттарына каршы күрөшүү” сыяктуу. Эми ошолордун баары алардын өздөрүнө эле эмес, ал тургай, жалпы элге каршы иштеп жатат. О.э. көптөгөн жылдардан бери Хизб жигиттерине куугунтук болуп жатканда, башка жамаат өкүлдөрү ага кайдыгер карашкан. Кийин иш “йакынчыларга” келип жетти. Эми болсо зулум алардын ар бирине карай кадам таштап олтурат.

Эгер залимдин зулумдугу тыйып коюлбаса, анын зулуму чегара билбей калат. Ар бириңердин үйүңөргө кирип барып, ар бириңерди алка-жакадан алат. Бүгүнкү күндөн мисал келтирсек, Акаев доорунда менчиктештирилип, андан кийин колдон-колго өтүп кеткен жерлер тартып алынып жатат. Ошол кезде мыйзамсыз менчиктештирүү жүргүзгөн Акаев менен анын табакташтары чартаңбай тээп жүргөн чакта, адал акчасына сатып алган адамдар күйүп олтурушат. Мындай залимдигинде да бийлик силерге таянып жатат. “30 жылда кылынбаган нерселерди кылып жатат” деген жүйө менен силер аларды бардык зулумдарында колдоп жатасыңар. Жол салса, мектеп курса – алардын милдети. Жада калса мындан да жакшыраак курушу керек. Кылган иштерин колко кылып, калкты кул кылып албашы керек. Булардан мурунку бийликтер ошо кылбаганы үчүн куулушкан, а булар кылабыз деп убада берип келишкен, а эми эмнеге колко кылышы керек?! (Айрым башка мамлекеттерде булардан да олуттуу өнүгүүлөр жүз берип, алардын алдында бул иштер шоона эшпей деле калат. Бирок, өнүгүүнү материалдык өнүгүүгө эле чектеп, аны капиталисттик экономикалык өнүгүүгө гана байлап коюу туура эмес. Бул көпчүлүк калктын капиталисттерге кул болушунан башка нерсеге алып келбейт). Негизи, силердин жакшы жашооңордун башаты башка жакта эле. Аллах Таала айтат:

وَلَوْ أَنَّ أَهْلَ الْقُرَىٰ آمَنُوا وَاتَّقَوْا لَفَتَحْنَا عَلَيْهِمْ بَرَكَاتٍ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ

«Эгер ал кыштактардын калкы ыйман келтирип, таква болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болор элек»                                                                                          [7:96]

Азыр бийлик өзүн мурункудай тергеп-тескешине жол бербегенге карай бара жатат. Мисалы, Кытайга канча жер жана канча кен берилип жатат… Көмүр кендерин эле алалы. Маселен,  Заргара кенин иштетүүдөгү кылмыштардын бети ачылып, токтотулду. Буга жергиликтүү тургундардын каршылыгы себеп болду, эгер эл карышылык кылбаса, кытайлык инвесторлор зыяндуу иштерин уланта беришмек. Эми бара-бара бийлик “инвесторлорду коргоо” шылтоосу менен, элдин ушундай каршылыктарын да болтурбай коюу аракетин согуп жатат. Дагы мисал, мамлекет салыккордук кылып баштады эле, элдин каршылыгы себептүү бир аз артка чегинди. Б.а. салык аркылуу элдин жонунан кайыш тилүүдө “үч кадам алдыга, жарым кадам артка” кетти…

Ошондуктан, элдин милдети: бийликтин жакшы иши болсо колдоп, жаман ишин тыюу. Ушул орунда “аалымдар”га Ушул орунда “аалымдар”га карата да кыстара кетчү кыскача соболубуз бар: Сиздер Имам Абу Ханифа, Имам Шафиъ, Имам Ахмад сыяктуу (Аллах аларды рахматына алсын) роббаний аалымдардын заалымдар астындагы позициясындай бир позицияда турсак деп, бир ойлонуп көргөнсүздөрбү? Жо, куру болсо да бир ниет кылып көргөнсүздөрбү өзү?

Аллах Субханаху ва Таала мындай дейт:

وَاتَّقُوا فِتْنَةً لَا تُصِيبَنَّ الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْكُمْ خَاصَّةً ۖ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

«О.э. жалаң залим адамдардын өзүнө гана тийбей (балким, баарыңарга тие турган) балээден сактангыла! Дагы билип койгула, албетте Аллахтын азабы катуу»                                                                                                 [8:25]

Эми кебибизди тыянактасак: Сиздерге бийлик биз тууралуу өз кабарын берди, биз да өз кабарыбызды бердик. Акыйкатын аныктап, катасын тактап алыңыздар…

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here