Электр энергиясынын тарифи 2,60 сомго чейин кымбаттайт
Электр энергиясынын тарифи 2030-жылга чейин 2,60 сомго чейин кымбаттайт Бул тууралуу Жогорку Кеңеште энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. Анын айтымында, учурда бир киловатт-саат 1,11 сом, баа жылына орто эсеп менен 15 пайызга көтөрүлөт. Ага ылайык, тарифти төмөнкүдөй көтөрүү пландалган:
2025-жылы — 26 тыйынга;
2026-жылы — 21 тыйынга;
2027-жылы — 24 тыйынга;
2028-жылы — 27 тыйынга;
2029-жылы — 31 тыйынга;
2030-жылы — 36 тыйынга.
Комментарий:
Буга чейин энергетика министри Ибраев электр энергиянын баасы инфляциянын көрсөткүчүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын билдирген. А бирок, иш жүзүндө тариф инфляцияга эмес, өкмөттүн токтомуна ылайык көтөрүлүп жатат. Маселен, Улуттук статистика комитети 2024-жылы инфляциянын көрсөткүчү 6,3%ды түзгөнүн билдирген. Ал эми, электр энергиясынын тарифи 7 тыйын эмес, 26 тыйынга кымбаттады.
Мындан белгилүү болгондой, расмий бийлик калктын жонунан кайыш тилүүнү көздөп жатат. Бул үчүн өздөрү айткан сөздөрүнө да каршы иш тутушууда. Өлкөдө электр энергиянын тарифи байма-бай кымбаттаган менен калкка электр энергиясы күн суук мезгилдерде жетиштүү деңгээлде берилбей келет. Маселен, электр энергиясы калкка 220 кВт кубаттуулукта эмес, 160-180 кВт менен берилүүдө. А түгүл, калк утур-утуру менен светтин өчүрүлүүсүнө дуушар болууда. Мунун каршысында өлкөдөгү капиталисттер электр энергиясын майнинг фермаларды иштетүү үчүн текейден арзан алышууда. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алууда. Компания “Камбар-Атага” салган акчасын акташ үчүн ГЭСтен 50-60 тыйындан 5-10 жыл энергия алмакчы. Белгилүү болгондой, расмий бийлик электр энергиясынын өздүк наркы 2 сом 38 тыйынга жетерин айтып келет. А бирок, капиталисттердин кызыкчылыгына келгенде бул өздүк нарк 60 тыйындан да арзандап калууда.
Түпкүлүгүндө, Кыргызстандын энергетикалык кризистен чыга албай жатышынын себеби тарифтин арзандыгы эмес, балким тармактагы жемкорлук жана капиталисттердин ар кандай алдоолору болуп эсептелет.
Жыйынтыктап айтканда, проблеманын негизги себеби башыбызда кара булут болуп айланган капиталисттик түзүм. Ошондой эле, тармактагы коррупциялык схемалар. Алар калктын негизги муктаждыгы болгон энергияны менчиктештирүү жана коррупциялык аракеттер менен үлкөн пайда табышууда. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат. Кайрадан элди алдаган жетекчилерге үмүт артуу болсо бир ийинден чаянга эки жолу чактыруу болуп эсептелет. Бул болсо мусулмандарга жайиз эмес!