Бербок колониалдык миссиянын кызматында

24
0

Басма сөз баянаты

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок жана анын француз кесиптеши Жан-Ноэль Барро Сирияга барып, учурдагы жетекчи Ахмад аш-Шараа менен жолугушту. Жолугушуунун артынан Германиянын тышкы иштер министри мындай деди: «Асаддын катаал башкаруусу аяктагандан соң, сириялыктар өз өлкөсүн кайрадан көзөмөлгө алууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул биргелешкен сапарды Европанын жаңы багытты баштоо сунушу катары баалоо керек. Бул бардык этникалык жана диний топторду камтыган саясий диалогду талап кылат. Аялдардын катышуусу өзгөчө маанилүү, анткени бул региондо аялдардын укуктары — коомдук эркиндиктин негизги көрсөткүчү!». Күрддөр тууралуу токтолуп: «Күрддөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана Сириянын демократиялык күчтөрүн (СДК) жаңы коопсуздук системасына интеграциялоо үчүн ишенимдүү кепилдиктерди түзүү керек. Бул максатка жетүү үчүн ар кандай фракциялардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо — Германиянын катышуусундагы маанилүү биринчи кадам. Бул топтор жаңы конституцияны иштеп чыгуу жана келечектеги Сирия өкмөтүндө катышууга тийиш. Мунун баары Дамасктын жаңы жетекчилерине так түшүндүрүлдү» – деди. Министр ошондой эле «Сириядагы калган химиялык куралдарды мүмкүн болушунча тезирээк табуу, жарыялоо жана жок кылуу керек. Бул үчүн “Химиялык куралдарга тыюу” уюму менен кызматташуу керек. Калкты жана регионду коргоо үчүн аны коопсуз жол менен жок кылуу зарыл» – деп кошумчалады. Ал дагы: “Европа коопсуздугу Сирияны эл аралык коомчулукка интеграциялоону талап кылат. Бул өлкөнүн бүтүндүгүн сактоого жана Сирияны кайрадан чет элдик күчтөрдүн куурчагына же ИГИЛ сыяктуу экстремисттик топтордун согуш майданына айланып калбоосу үчүн жардам берет. Сириядагы жаңы башталган жараянды сот бийлигин жана билим берүүнү исламдаштыруу менен бузуп албоо зарыл» – деп билдирди. Ошентип, Германиянын же Европанын колдоосу «Сирияда жаңы ислам структуралары пайда болбойт деген кепилдиктерге» байланыштуу экени айкын болду.

Германиянын Тышкы иштер министри Дамаскка болгон сапарында кызматташуу чүмбөтү астында Сирияда светтик режимди сактап калуу үчүн бир нече талаптардын тизмесин алып келгени анык көрүнүп турат. Ал эми алар тарабынан көрсөтүлүүчү колдоо ушул талаптар аткарылганда гана берилери жана бул талаптар Батыштын мамлекет жана коом тууралуу түшүнүктөрүнө ылайык келиши керектиги айтылды.

Министрдин сунуштары Дамасктын жаңы администрациясына басым өткөрүү болуп эсептелет. Анда: экономикалык жардам жана өнүгүү же изоляция жана санкциялар; азчылыктарды интеграциялоо жана аймактык бүтүндүктү сактоо же бөлүнүү жана кулоо; куралды көзөмөлдөө жана кыскартуу же стратегиялык объекттерге жаңы аскерий соккуларды тандоо турат.

Министр ар кандай кысым көрсөтүү куралдарына ишара кылып, коркутуулар аркылуу Сириянын жаңы жетекчилигин баш ийдирүүгө аракет кылууда. Бул болсо Германиянын позициясы Асад режими куласа да өзгөрүүсүз калганынан кабар берет. Анткени максаты мурдагыдай эле — Ислам революциясын басуу! 1974-жылдан бери Германия Асад режими менен дипломатиялык жана экономикалык мамилелерди түзүп, исламий кыймылдардын боштондук күрөшүнө каршы системалуу түрдө күрөш жүргүзүп келген.

Саясий жактан Германия БУУнун 2254-резолюциясын колдоп, исламий күчтөрдү четтетип, светтик оппозицияны Асад режими менен алакада болушун алга сүрөп келди. Укуктук жактан алганда, бир катар адилетсиз сот чечимдерине таянып терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен Сирияда куралдуу күрөштү колдоду. Ошол эле учурда Германия “Сириянын демократиялык күчтөрү” сыяктуу жикчил жана контрреволюциялык күчтөргө аскерий жана финансылык колдоо көрсөттү.

Бербоктун Сириядагы «сот бийлигинин жана билим берүүнүн исламдаштырылышы» тууралуу эскертүүсү анын чыныгы миссиясын ачыктап турат. Анын миссиясы: Сириялык мусулмандардын дүйнө карашына жана ишенимдерине негизделген коомдук принциптерди – мыйзамдарды жана коомдук нормаларды – түзүүгө жол бербөө.

Германиянын тышкы иштер министри тарабынан коюлган бул колониалдык талапка бир гана жооп бар: Аны менен дипломатиялык мамилелерди толугу менен үзүү! Ошондо гана немис өкмөтү Ислам жана шахиддердин каны менен соода кылуу мүмкүн эместигин жана Үммөт мындай чегинүүгө эч качан макул болбой турганын түшүнөт!

Германия өкмөтү Сириядагы мусулмандарга карата кандайдыр бир коркутуулардан алыс болушу керек. Тышкы иштер министринин колдонгон риторикасы Ислам Үммөтүнө согуш жарыялап, аны бардык мүмкүн болгон жолдор менен бөлүп-жарууга аракет кылган неоконсерваторлордун тили. Бирок булардын мындай саясаты Афганистандагыдай эле, Сирияда да ийгиликсиздикке учурайт. Анткени Халифалыкты тикелөө максаты Сирия элинин ишенимине, иденттүүлүгүнө жана улуу ислам мурасына терең байланышкан. Аллахтын ырайымы менен бул максат Шамда жана бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагында саясий реалдуулукка айланат. Ал эми колонизаторлордун тил бириктирүүлөрү таш каап, алар шайтандын алдоолорунан үмүтүн үзүшөт. Аллахтын элчиси (с.а.в.) айтты:

أَلَا إنَّ عُقْرَ دَارِ الإِسْلامِ الشَّامُ

«Шам – Ислам дүйнөсүнүн борбору».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here