Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Дин – жеңилчилик
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
Ибн Хажар Аль-Аскаланинин “Фатх аль-Бари” китебинде “Сахих Бухари”ге берген шархында айтат.
حدثنا عبدُ السلام بنُ مُطَهِّرٍ قال حدثنا عمرُ بنُ عليٍّ عن معنِ بنِ محمدٍ الغَفَارِيِّ عن سعيدِ بن أبي سعيدٍ الْمِقْبَرِيِّ، عن أبي هريرةَ عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: “إن الدينَ يُسْرٌ ولن يُشَادَّ الدينَ أحدٌ إلا غلبه فسددوا وقاربوا وأبشروا واستعينوا بالغَدْوَةِ والرَّوْحَةِ وشيءٍ من الدُلْجَةِ
Бизге Абдул Салам бин Мутаххир Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылды. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Дин – жеңилчилик. Ким динди аша чаап караманам десе, дин андан үстөм келет. Орточо болгула, жакынын кармангыла, сүйүнчүлөгүлө. Эртең мененки жана түштөн кийинки убакыттан жана түндүн бир бөлүгүнөн пайдалангыла”.
“Дин – жеңилчилик” дегендин мааниси, Ислам дини жеңил. Диндин жеңилдиги өзүнөн мурунку диндерге караганда жеңил экендиги менен каралат. Анткени, Аллах бул үммөттөн алардан мурункуларда болгон оорчулукту алып салды. Анын эң ачык мисалдарынын бири – алардын кээ бирлери өз жанын кыйып тообо кылышчу. Башкача айтканда, тообо өз жанын кыюу менен болгон. Ал эми бул үммөттүн тообосу – кылган күнөө ишин таштоо, чечкиндүүлүк жана өкүнүү аркылуу болот.
“Сүйүктүү дин” дегендин мааниси, диндин касиеттери. Анткени Ислам дининин бардык касиеттери сүйүктүү. Ал эми диндеги жеңилдик – Аллахка сүйүктүү.
“Ким динди аша чаап караманам десе, дин андан үстөм келет” дегендин мааниси, ким дин иштерине терең кирип, аша чаап карманып, жеңилдикти таштаса ал убакыт өтүшү менен алсызданып, калган амалдарын таштап коёт да, жеңилет. Бул ибадатты толуктоо үчүн изденүү иштери жөнүндө эмес. Мындай толуктоо мактоого татыктуу иштердин бири. Ал нафил намаздарда жана аша чабууга алып баруучу нерселерден. Мисалы, түнү бою намаз окуп, көзү жабышып багымдатка уктап калган адам сыяктуу. Абзел ишти таштап коюуга же парзды убактысынан чыгарып салууга алып келүүчү иштердеги аша чабууга тыюу салынган.
“Орточо болгула” дегендин мааниси, динди карманууда жеңил тарабын көргөзүп берүүгө байланыштуу. Бул туура нерседе аша чаппай жана кайдыгерчиликсиз орточо кармануу. Тилчилер айтышты: (السداد) Сидаад – бул амалда орточо болуу.
“Жакынын кармангыла” дегени, эгер амалды толук кыла албасаңар, анын жакыныраагы менен амал кылгыла дегенди билдирет.
“Сүйүнчүлөгүлө” дегендин мааниси, аз болсо да үзгүлтүксүз кылынган амалдын сооптору менен сүйүнчүлөө. Амалды толук аткара албаган адамга, эгер алсыздык анын күнөөсү болбосо, анда бул анын ажр-сыйлыгы кыскарбастан толук амал кылганы сыяктуу берилет.
“Эртең мененки убакыттан пайдалангыла” дегендин мааниси, ибадат дайым үзгүлтүксүз уланып туруусу үчүн, чарчап турган убакытка эмес, аны күүлүү, демдүү убакыта коюу пайдалуу. Көбүнчө адам эртең мененки жана түштөн кийинки аср убакыттардында демдүү, шайдоот болот.
“Түндүн бир бөлүгүн пайдалангыла” дегени, бул түндүн акыркы убактысын билдирет. Түндүн бардык убактысын билдирери да айтылган.
Сүйүктүү бир туугандар!
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айтып жатат: ““Дин – жеңилчилик. Ким динди аша чаап караманам десе, дин андан үстөм келет”. Демек, ким динди акылы менен кабыл алгысы келсе жана аны аша чабуу менен өзүнө колдонууну кааласа, ал алсыздык кылып каалаганына жете албайт. Түнү бою тынымсыз уктабай ибадат кылам, үзгүлтүксүз орозо кармайм десе, амалынын аягына чыга албай, баштаган ишин кайра-кайра баштоого мажбур болот. Ошондой эле, Куранды күн сайын же эки күндө бир хатм кылуууга өзүн мажбурласа, ал алсыздык кылып зээриге баштайт. Ошол сыяктуу эле мубах каалоолорду өзүнө арам кылса, өзүнө катуулук кылган болуп калат. Булар хадисте айтылган аша чапкан амалдар. Бул жерде дин ага үстөмдүк кылып, ал адам өзүнөн-өзү артка кетет.
في حديث الرسول – صلى الله عليه وسلم – ” اكْلَفُوْا من العمل ما تُطيقون فإن الْمُنْبَتَّ لا أرضاً قَطَعَ، ولا ظَهْراً أبقى
Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан: «Күчүңөрдүн жетишинче амал кылгыла. Анткени, улоосун кызыл май болгончо (чарчап, болбой калганча) минген адам көздөгөн жерине жете албайт (улоосуз калат)”. Башкача айтканда “ат көрбөгөн минип өлтүрөт” дегендей , узак жолго чыккан адам улоосун эс алдырбай кыска убакытта жетем десе, орто жолдо улоосу жок калып, көздөгөн жерине жете албайт.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 8-ражаб.
2025, 8-январь.