Таъзия

18
0

Таъзия

Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү

﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ فَمِنۡهُم مَّن قَضَىٰ نَحۡبَهُۥ وَمِنۡهُم مَّن يَنتَظِرُۖ وَمَا بَدَّلُواْ تَبۡدِيلٗا﴾

«Момундар арасында Аллахка берген убадасында бекем турган кишилер бар. Алардын (айрымдары) өз убадасына турушту, (айрымдары) болсо ынтызар. Алар (Аллахка берген убасын) өзгөртүшкөн жок»

Хизб-ут-Тахрир–Малайзия Аллах Субханаху ва Тааланын казасына ыйман келтирип, Хизбдин кадырлуу мүчөлөрүнүн бири устаз Сярил ибн Нехонг (Абу Каим биамриллах) дүйнөдөн өткөнүн терең кайгы менен маалымдайбыз.

Устаз хижрий 1446-жылы 23-жумадулахир, миладий 2024-жылы 25-декабрь күнү Сабах вилаятынын Сандакан шаарында 46 жашында Аллах Тааланын алдына сапар алды. Устаз уктап жатканда дүйнөдөн өттү, артында мухлиса жубайы жана жети перзенти калды.

Сандакан шаарында Хизб-ут-Тахрирдин биринчи мүчөлөрүнөн болгон устаз Сярил таквалыгы, жакшы шахсияты, кайраттуулугу жана Аллахтын динин бийик кылуу жолунда чын дилден жасаган аракети менен белгилүү эле. Устаз акыйкатты түшүнүп, экиленбей кабыл алды жана бүткүл жашоосун таалим алууга, таалим берүүгө, Ислам жана Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылууга арнады. Ал көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүнө карабастан, убада-шертинен кайткан жок жана арызданбады. Устазды тааныгандардын баары аны кадырлап жакшы дос болушту.

Аллах Тааладан анын бардык күнөөлөрүн кечиришин, амалдарын кабыл алып, бара турган жайын кең кылып, Фардавс Аълада анбияларга, сыддыктарга, шахиддерге жана салихтерге шерик кылышын сурайбыз. Аларга шериктеш болуу кандай гана бакыт. Аллах Таала анын жакындарына сабыр берсин. Биз устаздан ажыраганыбыздан кайгыдабыз, бирок, Аллах ыраазы болгон гана сөздү айтабыз:

﴿إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيۡهِ رَٰجِعُونَ﴾

«Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз ал Затка кайтуучубуз»                                                                                     [2:156]

 

Абдулхаким Усман

Хизб-ут-Тахрирдин

Малайзиядагы расмий сүйлөөчүсү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here