Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

21
0

Бисмилаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

رَوَى التِّرمِذِيُّ فِي سُنَنِهِ عَنْ أَنَسٍ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنهُ، أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ دَخَلَ عَلَى شَابٍّ وَهُوَ فِي المَوْتِ، فَقَالَ: «كَيْفَ تَجِدُكَ؟»، قَالَ: وَاللَّهِ يَا رَسُولَ اللَّهِ، إِنِّي أَرْجُو اللَّهَ، وَإِنِّي أَخَافُ ذُنُوبِي، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَا يَجْتَمِعَانِ فِي قَلْبِ عَبْدٍ فِي مِثْلِ هَذَا المَوْطِنِ إِلَّا أَعْطَاهُ اللَّهُ مَا يَرْجُو وَآمَنَهُ مِمَّا يَخَافُ

Имам Тирмизи “Сунан”да Анас бин Малик (радыяллаху анху)дан риваят кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) өлүм алдында жаткан бир жигиттин алдына кирип: “Өзүңдү кантип таптың?» – деди. Ал айтты: “Аллахка касам эй Аллахтын элчиси! Мен Аллахтан үмүт кылам жана күнөөлөрүмдөн корком”. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: Мындай абал (үмүт менен коркуу) пенденин жүрөгүндө бириксе Аллах Таала ал үмүт кылганын берет жана аны коркконунан сактайт”.

وَرَوَى التِّرمِذِيُّ فِي سُنَنِهِ عَنْ أنَسٍ بْنِ مَالِكٍ رَضِيَ اللهُ عَنهُ قَالَ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ: «قَالَ اللَّهُ: يَا ابْنَ آدَمَ, إِنَّكَ مَا دَعَوْتَنِى وَرَجَوْتَنِى غَفَرْتُ لَكَ عَلَى مَا كَانَ فِيكَ وَلاَ أُبَالِى, يَا ابْنَ آدَمَ لَوْ بَلَغَتْ ذُنُوبُكَ عَنَانَ السَّمَاءِ ثُمَّ اسْتَغْفَرْتَنِي غَفَرْتُ لَكَ وَلاَ أُبَالِى, يَا ابْنَ آدَمَ إِنَّكَ لَوْ أَتَيْتَنِى بِقُرَابِ الأَرْضِ خَطَايَا ثُمَّ لَقِيتَنِى لاَ تُشْرِكُ بِي شَيْئًا لأَتَيْتُكَ بِقُرَابِهَا مَغْفِرَةً

Имам Тирмизи “Сунан”да Анас бин Малик (радыяллаху анху)дан риваят кылат. Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мындай деп айтканын уктум: “Аллах айтты: Оо Адам баласы, эгер сен Мага дуба кылып, Менден үмүт кылсаң, мен сенин эмне кылганыңа карабай кечирем. Эй Адам баласы, эгер сенин күнөөң асмандагы булуттарга жетип, анан Менден кечирим сурасаң, мен сени эч нерсеге карабай кечирем. Эй Адам баласы, эгер сен Мага жер жүзү толо күнөөлөр менен келсең, анан Мага эч нерсени шерик кылбай жолуксаң, Мен сага жер жүзү толо кечиримдүүлүк менен келем”.

Бул тууралуу Табароний Кунут дубасы тууралуу бабында айтат:

«اللَّهُمَّ إِيَّاكَ نَعْبُدُ, وَلَكَ نُصَلِّي وَنَسْجُدُ, وَإِلَيْكَ نَسْعَى وَنَحْفِدُ، نَرْجُو رَحْمَتَكَ, وَنَخْشِي عَذَابَكَ الْجِدَّ، إِنَّ عَذَابَكَ بِالْكُفَّارِ مُلْحَقٌ

“Сага гана сыйынабыз, сага гана сажда кылабыз, Сага гана умтулабыз, Сага гана шашабыз жана Сенин ырайымыңды үмүт кылабыз. Сенин катуу азабыңдан коркобуз, Сенин азабың каапырлар үчүн”.

Аллах Таала айтты:

(إِنَّ الَّذِينَ يَتْلُونَ كِتابَ اللَّه وَأَقامُوا الصَّلاةَ وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْناهُمْ سِرًّا وَعَلانِيَةً يَرْجُونَ تِجارَةً لَنْ تَبُورَ؛ لِيُوَفِّيَهُمْ أُجُورَهُمْ وَيَزِيدَهُمْ مِنْ فَضْلِهِ إِنَّهُ غَفُورٌ شَكُورٌ). (فاطر 30)

“Чындыгында, Алланын Китебин окуп, намазды толук аткаргандар жана өздөрүнө (Биз) берген ырыскылардан көрүнөө, жашыруун түрдө тиешелүү жерлерге сарптагандар эч качан зыйанга учурабай турган сооданы (соопту) үмүт кыла алышат. Алла алардын сыйлыктарын толук берип, анан да Өз жакшылыктарын көбөйтүп койотн. Албетте, Ал – Кечиримдүү, Шүгүр ээси!” (Фаатир: 30). Дагы айтат:

وَقَالَ تَعَالَى: (أَمَّنْ هُوَ قانِتٌ آناءَ اللَّيْلِ ساجِداً وَقائِماً يَحْذَرُ الْآخِرَةَ وَيَرْجُو رَحْمَةَ رَبِّهِ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لا يَعْلَمُونَ إِنَّما يَتَذَكَّرُ أُولُوا الْأَلْبابِ). (الزمر 9)

“Ал түн ичинде саждада жана кыямда Аллага ибадат кылып, акыреттен коркуп, Эгесинин ырайымынан үмүт кылган адам (моюн сунбаган адам сыяктуу болмок беле?) Айткын: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы? Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат”. (Аз-Зумар: 9). Дагы айтат:

وَقَالَ تَعَالَى: (إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَالَّذِينَ هاجَرُوا وَجاهَدُوا فِي سَبِيلِ اللَّه أُولئِكَ يَرْجُونَ رَحْمَتَ اللَّه وَاللَّه غَفُورٌ رَحِيمٌ). (البقرة 218)

“Чындыгында, ыйман келтиргендер жана хижрат кылып Аллах жолунда жихад кылгандар – булар Аллахтын ырайымынан үмүт кылышат. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү”. (Бакара: 218)

Ыймандуу адам үчүн коркуу жана үмүт куштун канатындай! Куш бир канаты менен уча албайт, асманга көтөрүлө  да албайт. Качан гана эки канаты күүгө келгенде уча алат. Ал тургай бийиктикке учат! Коркуу бардык адамдарга белгилүү. Бизге  Үмүттүн маанисин билүү зарыл болуп калды. Үмүттүн тилдик мааниси: “Мен баланчадан үмүт кылам, андан үмүттөнөм” деген сөз үмүтсүздүккө карама-каршы келген “رَجَا” деген сөздөн алынган. Өткөн чактын этиши “Рожаа” созулма алиф менен аяктайт. «Баланчадан үмүт кылдым”, деп айтылат. Айтылат: “Мен сага жакшылык үмүт кылып келдим”. А мен аны үмүт кылып сурадым.

Үмүттүн терминдик эки мааниси бар:

Биринчиси: Адам баласы үчүн Аллахтын кечиримине болгон үмүт. Мындай үмүт ар дайым Аллах Тааладан үмүт кылуу менен Андан коркуу ортосундагы абалда болушу керек. Жасаган каталары, күнөөлөрү кечирилет деп үмүттөнөт жана алар үчүн катуу жазаланып калуудан коркот. Коркуу менен үмүттүн ортосундагы ушундай тең салмактуулук адамдын амал кылышына жана Аллахка баш ийүүсүнө күч-кубат берет. Эгер ката кетирсе же күнөөгө батып калса, үмүтсүздүккө түшүп калуудан сактайт. Анткени, эгер Аллах Таалага туура тообо кылып, адамдардын акысын берсе, Аллах аны кечирип, ырайым кылаарын билет.

Экинчиси: балээ кетип жеңилдик келишин, пенде тарткан балээ жана кыйынчылыктын жок болушун жана жакшылыктын болушун күтүү. Бирок үмүт менен тилектин ортосунда айырма бар. Үмүт бул этияттык менен жакшылыкты айкалыштырган тең салмактуу сезим. Ал каалоо менен аракетти бириктирип амалга түртөт. Ал эми тилек – бул жакшы маанай үстөмдүк кылган эмоция. Үмүт менен каалоонун айырмасы бар. Каалоо жалкоолук менен коштолот, үмүт аракет жана амал менен коштолот.

Ибн аль-Каййим (Аллах аны ырайымына алсын) айтты: “Үмүт – бул Аллахтын ырайымынын кеңдигине кароо. Берекелүү жана эң жогорку Аллахтын жакшылыгына жана ырайымына кубануу. Үмүт – бул Аллахка кулчулук. Аллахтын “жакшылык кылуучу” деген ысымына байланыштуу. Ал айтты: “Үмүт руху болбосо, баш ийүү менен дене мүчөлөр кыймылдабайт эле.  Жагымдуу шамал  болбосо,  деңизде кемелер сүзмөк эмес”.

Аль-Хафиз Ибн Хажар (Аллах аны ырайымына алсын) мындай деген: “Үмүт дегендин мааниси кимде-ким кемчилик кетирсе, Аллах жөнүндө жакшы пикирде болуусу жана Анын күнөөсүн андан арылтаарына үмүттөнүүсү. Кимдир бирөө бир амал кылса, анын кабыл болушун үмүт кылсын. Ал эми ким өкүнбөйм же  азапка кабылбайм деп күнөөгө баткан болсо, анда ал адашууда”.

Абу Усман аль-Жиззи айтат: “Бактылуулуктун белгиси – таат ибаадат кылып бирок, кабыл болбой калуусунан коркуу. Аллахка баш ийбестик кылып бирок, кутулууга үмүттөнүү – бактысыздыктын белгиси”.

Кушайрийа айтат: “Үмүт жакын келечекке жүрөктү байлоо”.

Рагиб айтты: “Үмүт – бул ырахат алып келе турган нерсеге жетишүүнү талап кылган ишеним”.

Аль-Манави айтты: “Үмүт – бул ага себеп болгон нерседен пайда алууну күтүү”.

Имам Шафий (Аллах аны ырайымына алсын) өлүм төшөгүндө буларды айтты: “Жүрөгүм катуу согуп, окуганым тарыганда Роббимдин кечиримине болгон үмүтүмдү тепкич кылдым. Кылган күнөөлөрүм мен үчүн чоң болуп көрүнгөндө, Роббимдин кечирими андан да чоңураак экенин зикир кылдым”.

Суфян (рахимахуллох) айтты: “Ким күнөө кылса жана аны Аллах Таала ага тагдыр кылганын билсе, анын кечирилишин үмүт кылса, Аллах анын күнөөсүн кечирет”.

Абу Имран Ас-Сулами ырдап жатып төмөнкүлөрдү айткан:

Мен анын (күнөөнүн) көлөмүн билип туруп күнөө кылам,

Жана билем, Аллах кечирет Ал кечиримдүү.

Эгер адамдар күнөөлөрдү чоңойтсо да,

Аллахтын ырайымы менен алар кичирейет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сизерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 19-жумаадус саани.

2024-ж, 21-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here