Амирлик (экинчи бөлүк)

57
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Амирлик (экинчи бөлүк)

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Имам Муслимдин (Аллах аны ырайымына алсын) “Сахих” китебинде мындай деп келет:

ورد عند مسلم في صحيحه رحمه الله

حَدَّثَنَا قُتَيْبَةُ بْنُ سَعِيدٍ وَأَبُو بَكْرِ بْنُ أَبِي شَيْبَةَ قَالَا حَدَّثَنَا حَاتِمٌ وَهُوَ ابْنُ إِسْمَعِيلَ عَنْ الْمُهَاجِرِ بْنِ مِسْمَارٍ عَنْ عَامِرِ بْنِ سَعْدِ بْنِ أَبِي وَقَّاصٍ قَالَ كَتَبْتُ إِلَى جَابِرِ بْنِ سَمُرَةَ مَعَ غُلَامِي نَافِعٍ أَنْ أَخْبِرْنِي بِشَيْءٍ سَمِعْتَهُ مِنْ رَسُولِ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ فَكَتَبَ إِلَيَّ سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَوْمَ جُمُعَةٍ عَشِيَّةَ رُجِمَ الْأَسْلَمِيُّ يَقُولُ لَا يَزَالُ الدِّينُ قَائِمًا حَتَّى تَقُومَ السَّاعَةُ أَوْ يَكُونَ عَلَيْكُمْ اثْنَا عَشَرَ خَلِيفَةً كُلُّهُمْ مِنْ قُرَيْشٍ وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ عُصَيْبَةٌ مِنْ الْمُسْلِمِينَ يَفْتَتِحُونَ الْبَيْتَ الْأَبْيَضَ بَيْتَ كِسْرَى أَوْ آلِ كِسْرَى وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ إِنَّ بَيْنَ يَدَيْ السَّاعَةِ كَذَّابِينَ فَاحْذَرُوهُمْ وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ إِذَا أَعْطَى اللَّهُ أَحَدَكُمْ خَيْرًا فَلْيَبْدَأْ بِنَفْسِهِ وَأَهْلِ بَيْتِهِ وَسَمِعْتُهُ يَقُولُ أَنَا الْفَرَطُ عَلَى الْحَوْضِ

“Бизге Кутайба бин Саид Саад бин Абу Ваккастан риваят кылды. Ал айтты: “Мен кулум Нафиъ менен Жабир бин Самурага мага Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дан уккан бир нерсеңди айт деп кат жаздым. Ал мага мындай деп жазды: “Мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) жума күнү кечке жуук Аслам таш бараңга алынганда мындай деп айтканын уктум: “Дин кыяматка чейин тура берет.  Же силердин үстүңөрдө он эки халифа болот, алардын баары Курайштан болот”. Мен анын мындай дегенин уктум: “Мусулмандардын кичине  бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн фатх кылышат”. Мен анын мындай дегенин уктум: “Кыяматтын алдында жалганчылар чыгат алардан сак болгула”. Мен анын: “Эгер Аллах силердин бириңерге жакшылык берсе, өзүнөн жана үй-бүлөсүнөн баштасын”, – деп айтканын уктум.  Мен анын: “Хавзда мен биринчи болом (силердин суусунуңарды кандыруу үчүн хавз көлүндө мен биринчи барып, силерди күтөм) дегенин уктум””.

Хадистеги “Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү, Кисронун үйүн фатх кылышат” деген сөз Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)га көрүнгөн мужизалардын бири. Мусулмандар аны – (Аллахка мактоолор) Умар бин аль-Хаттаб (радыяллаху анху) доорунда жеңип алышкан.

Бул куш кабар Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сахабаларына жана үммөтүнө болгон сүйүнчүсү. Келечек Исламга жана анын коомуна таандык экендигинин кушкабары. Ал Зат сахабалары жана үммөттү каапыр жерлери фатх кылынуусу тууралуу сүйүнчүлөп, аларды Кисро менен Кайсардын казыналары менен сүйүнчүлөгөн. Бул сөздөрдү өз каалоосу менен сүйлөбөгөн, балким алар вахийден башка нерсе эмес. Аллах Таала момундарга жер бетинде нусрат берүү жана күч-кубаттарын артыруу менен ыраазычылык билдирди. Ошондуктан, Өзүнүн момун пенделерине келечек Исламга жана анын калкына таандык экенин сүйүнчүлөгөн жана аларга нусрат берген. Каапырлар, мунафыктар, мушриктер жаман көрүшсө да Аллах Пайгамбары (с.а.в)га сахабаларынын жана үммөттүн жеңиши, күч-кубаты тууралуу кабар берип, келечек Исламга жана анын калкына таандык экенин сүйүнчүлөөгө буйрук берген.

Аллах Таала айтты:

(هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ ولو كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ  ) الصف

“Ал мушриктер жаман көрүшсө да, аны башка диндерден үстөм кылуу үчүн Өзүнүн элчисин хидаят жана акыйкат дин менен жөнөткөн”. (Ас-Саф). Дагы айтты:

وقال ( وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ الْغَالِبُون )  الصافات

“Чындыгында, Биздин аскерлер (момундар) жеңүүчүлөр”. (Сафаат).

Эй жеңүүчүлөрдүн уулдары!

Биздин мурунку салих ата-бабаларыбыздын эрдиктерин жана алар бул диндин пайдубалын орнотуу үчүн канчалык аракет кылышканын дүйнө билиши керек!

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) куш кабар кылган “Мусулмандардын кичине бир тобу Ак үйдү Кисронун үйүн кылышат” деген сөзү бизден мурда өткөн фатихтердин кабары.

Ал шаарларды фатх кылуучу жана мажусийлердин отун түбөлүккө өчүрүүчүлөрдүн бири Сааьд бин Абу Ваккас (разияллаху анху). Ал бейиш убада кылынган он сахабанын бири жана Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ал жөнүндө “هذا خالي ، فليرني امرؤ خاله” “Бул менин таякем, мага бирөө таякесин көрсөтсүн” деген. Исламда биринчилерден болуп кан төккөн. Анын эки куралы болгон: найза жана дуба. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: ( اللهم استجب له إذا دعاك ) “Оо, Аллах, ал сага дуба кылганда ага жооп бер”.

Перстер арабдар менен согушууга камданышканда, Умар (радыяллаху анху): “Аллахка ант болсун, мен араб падышалары менен перс падышаларын жок кылам”, – деди. Азирети Умар аскерге өзү жетекчилик кылгысы келди, бирок насаатчылар аны четке кагышты. Умар айтты: “Мага бир кишини көрсөткүлө! Кийин Умар айтты: “Мен аны таптым”! Алар айтышты “ким?”. Ал айтты: Ал Мухаммад Мустафа (с.а.в)дын таякеси, ачуулуу арстан Сааьд бин Малик. Ал шаарларды фатх кылат, анын ичинде Кисронун атактуу “Айва”сын да фатх кылат. Чындыгында, мусулмандардын Мадинага алып келген олжосу атак-даңкка татыктуу болду. Олжолордун арасында падышанын таажысы, эки билериги жана бермет жана асыл таштар менен кооздолгон эбегейсиз чоң килеми болгон. Кисронун үч кызы айтып бүтө алгыс асыл таштар менен кооздолгон кийимдерди кийишкен. Өмүр бою эстеликке айланган Кисронун “Айва” сарайы Кисро Iдин тушунда курулган. Ал жерде ошол доордун эң чоң имараттары жайгашкан. Ал Багдаддын түштүгүндө “Аль-Мадаин” аймагында орун алган. Ал жер жергиликтүү коомчулукка сахаба Салман Аль-Фарсинин (Аллах андан ыраазы болсун) ысымы менен да белгилүү. Ирак Сасанийлер мамлекетинин тушунда экинчи рошид халифа Умар бин Аль-Хаттаб (радыяллаху анху)нун колу менен бошотулганга чейин перстер басып алган өлкөлөрдүн бири болгон. Мадаин Персиянын борбордук шаарларынын бири болгон жана Кисро Ануширвандын сарайларынын башкы кеңсеси болгон. Ал перстерде “Ак сарай” деп аталып калган жана анда перстер сыйынган от да болгон.

Белгилүү болгондой, Мухаммед пайгамбар (с.а.в) төрөлгөндө, Анын төрөлүшүнүн кереметтеринин бири “Айва”да күйүп турган перс отунун өчүшү жана Кисронун Ак сарайынын дубалы экиге бөлүнүп, жарака кеткен. Ал такта бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Анын себеби анык болбогондуктан, перстер таң калышып, үрөйлөрү учкан. Аль-Мадаин согушу мусулмандар менен перстердин ортосунда хижраттын 16-жылы болгон. Аны фатх кылуу үчүн Сааьд (радыяллаху анху) менен бирге отуз миң аскер аттанышкан. Умар (радыяллаху анху) аны менен коштошуп жатып, Аллахтан коркууга жана لا حول ولا قوة إلا بالله العلى العظيم  “Эң улуу Аллахтан башка эч кандай күч да, кубат да жок”,- деп көп айтууга насаат кылган.

Перстер болгон күчү менен чабуул жасап, перс аскерлеринин башкы колбашчысы чабуулду жеке өзү жетектеп турган. Эң мыкты перс кол башчылары коштогон кошуундун саны 120 миң болгон. Анын артынан ушунча сандагы жоокерлер барган. Мусулмандар бардык согуштарында – бул согуштагыдай катуу каршылык көрүшкөн эмес. Мусулмандар бул согушта укмуштуудай сабырдуулук жана жогорку жөндөмүн көрсөтүшкөн.

Мусулмандар Ак сарайды курчап алгандан кийин Салман Аль-Фарсий (Аллах андан ыраазы болсун) аларга барып: “Үч нерсенин бирин кабыл кылгыла! Исламды кабыл кылгыла силер бизден биз силерден болобуз. Же жизяны кабыл кылгыла, биз силерди коргоого алабыз. Же каршы согушту кабыл кылгыла” деди. Үчүнчү күнү перстер чыгып, мусулмандарга жизя төлөөнү кабыл алышты.

Бул аралыкта мусулмандар Кисронун “Айва”сы жайгашкан Мадаиндин чыгышын көзөмөлдөй алышкан. Сааьд Салман Фарсинин кеңеши менен Тигр дарыясын эң тар жеринен аттары менен кечип өтүшкөн. Муну көргөн перстер качып жөнөшкөн. Сааьд бин Абу Ваккас бир нече күн мурун Ак сарайынан мусулмандарды коркутуп жаткан Кисронун “Айва”сына кирип барган. Ал сарай перс аскер күчтөрүнүн негизги таянычы болгон. Ал жерде Перс урууларынан тышкары түрк урууларынын жалданма топтору да болгон. Ошол сарайда Сааьд ибн Абу Ваккас бул улуу жеңиш үчүн Аллахка шүгүр намазын окуп, Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрүн окуду:

( كَمْ تَرَكُوا مِن جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ (25) وَزُرُوعٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ (26) وَنَعْمَةٍ كَانُوا فِيهَا فَاكِهِينَ (27) كَذَلِكَ وَأَوْرَثْنَاهَا قَوْماً آخَرِينَ (28) فَمَا بَكَتْ عَلَيْهِمُ السَّمَاء وَالْأَرْضُ وَمَا كَانُوا مُنظَرِينَ

“Алардын артында канчалаган бакчалар, булактар, эгиндер жана асыл жайлар калды. Алар ал жайда жыргап куунашчу. Ошентип, Биз ал жайларды башка элдерге мурас кылдык. Бирок алар үчүн асман жана жер ыйлаган жок (алардын азапталышына кайгырган жок). Алар күтүлүүчүлөрдөн болушупады (Аларга келген азап кечиккен жок). (Духа).

Аллах колдосун сени, эй ачуулу арстан! Айыгышкан согуштарды жүргүзүп жатып: “Ордуңарды бекем сактагыла жана бешим намазын окумайынча эч жакка кыймылдабагыла. Анткени мен үч такбир айтам, төртүнчү такбирде чабуулга кирип, “Аллахтан башка эч кандай күч да, кубат да жок” деп айткыла”,-деди.

Мусулмандар Мадаинди фатх кылганда көптөгөн олжолорго ээ болушту. Анын ичинде: Кисронун казынасы, таажысы, кийими, билериктери жана туткундагы кыздары бар эле. Умар айтты: Аларга (туткун кыздар) кандай мамиле кылынат? Али айтты: Алар бааланат (б.а. алардын болжолдуу баасы чыгарылат). Кандай баа болбосун, аларды ким тандаса ошол бааны төлөйт. Алар бааланды жана алардын бирин Али (баасы элүү миң динар болгон өзү олжолоп алган килемдин үлүшүнө) алды. Бирөөнү Абдуллах бин Умардын уулу Салимге алып берди. Кийинкисин Мухаммад бин Абу Бакрдын уулу Аль-Касымга алып берди. Үчүнчүсүн уулу Хусейндин уулу Али Заин Аль-Абидинге алып берди.

Сүйүктүү Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) куш кабары – жеңиш жана күч-кубат менен сүйүнчүлөнгөндөр!

Бул кубаныч Кыяматка чейин уланат. Ак сарайдын фатх кылынышы сүйүнчүлөнгөндөй ишке ашты. Отпарастардын оту түбөлүк өчтү. Анын имаратынын үстүндөгү туулары кулады. Ал Зат бизге экинчи Ак үйдүн (Вашингтондун) фатх кылынышын да сүйүнчүлөгөн. Аллах кааласа каапырлардын жайы талкаланып  капитализмдин оту түбөлүк өчөт жана анын үстүндөгү туулары кулайт. Ошону менен инша Аллах Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) сүйүнчүлөгөн экинчи фатх ишке ашат. Ал айтты:

(إِنَّ اللَّهَ زَوَى لِىَ الأَرْضَ فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا وَإِنَّ أُمَّتِى سَيَبْلُغُ مُلْكُهَا مَا زُوِىَ لِى مِنْهَا

 “Чындыгында, Аллах жер жүзүн менин бет алдыма алып келди. Мен анын чыгышын жана батышын көрдүм. Үммөтүмдүн өкүмдарлыгы  мага көргөзүлгөн  нерсеге чейин жетет” (Муслим риваяты). Дагы айтты:

(لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ ، وَلَا يَتْرُكُ اللَّهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللَّهُ هَذَا الدِّينَ ، بِعِزِّ عَزِيزٍ ، أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ ، عِزًّا يُعِزُّ اللَّهُ بِهِ الْإِسْلَامَ ، وَذُلًّا يُذِلُّ اللَّهُ بِهِ الْكُفْرَ ) رواه أحمد

“Бул иш (Илам дини) күн менен түн жеткен жерге чейин жетет. Аллах Исламды улуунун улуугу (исламдын улуугу) менен жана кордун кордугу менен (каапырдын кордугу менен) киргизбеген жүндөн жана ылайдан турган үй калтырбайт.  (Ахмад риваят кылган).

Бул фатх мусулмандардын өз динине жана Роббисине кайтууларын жана пайгамбарлык минхажы негизинде туура жолго кайтууну талап кылат. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) мусулмандарга мына ушул сүйүнчүнү айтты.

Эй, адамзат үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт!

Ким мужиза менен гана жеңишке жетилет десе ал калп айтты. Чындыгында перстер менен римдиктер фатх кылынды, Кисро менен Цезардын тактылары кулатылды. Мусулмандар Индияны, Константинополду фатх кылышты. Бул дин үчүн талыкпаган эмгек жана курмандык кылуу керек. Ал эми жеңиш ага татыктуу болгондор үчүн. Үммөт ооруп калышы мүмкүн, бирок өлбөйт. Анын жалыны азайышы мүмкүн, бирок өчпөйт. Куфр системалары – биз үмүтсүздүккө орун бербеген, Аллахтан үмүтүбүздү үзбөгөн үммөт экенибизди билсин. Келечекте мусулмандар үчүн Ислам дини жайыла турган, ширк кор боло турган, Рим жана экинчи Ак үй фатх кылына турган улуу Халифалык болот инша Аллах. Аллах Таала Өз китебинде айтат:

(إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ ) غافر

“Чындыгында, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге  бул дүйнө жашоосунда жана күбөлөр турган Кыяматта жардам беребиз” (Гаафир).

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 13-жумаадус-саани.

2024-ж, 15-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here