Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

34
0

Басма сөз баянаты

Бажы төлөмдөрү жана салыктардын кооп-коркунучтарына көңүл буруу үчүн Порт-Судандагы чоң базарда уюштурулган саясий кайрылуу

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты (хижрий 1446-жылы 30-жумадулаввал, миладий 2024-жылы 2-декабрь күнү) Порт-Судандагы ири базарда саясий баян уюштурду. «Бажы төлөмдөрү жана салыктар – бул дүйнөдө кыйроо, акыретте болсо зыян» деп аталган бул иш-чарада Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз Яъкуб Ибрахим баян кылып, салыктар жана бажы төлөмдөрүнүн харамдыгы туурасындагы шаръий өкүмдү ачыктады, салык салгандын да, аны чогулткандын да күнөөсү чоң экендигин, бул кылмыштын акыбети кооптуу болуп, бактысыз турмуш жана кымбатчылык  алып келишин баян кылды.  Устаз Яъкуб Ибрахим буга Имам Ахмад риваят кылган Набий ﷺдын хадисин далил кылып келтирди:

«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»

«Макс ээси (акысыз салык салуучу) бейишке кирбейт». О.э. устаз Гамидия хадисин да далил кылды. Т.а. гамиддик бир аял зына күнөөсүн кылып коюп, тообо кылат жана Расулуллах ﷺ ага жаза колдонуп мындай дейт:

«لَقَدْ تَابَتْ تَوْبَةً لَوْ تَابَهَا صَاحِبُ مَكْسٍ لَغُفِرَ لَهُ»

«Аял ушундай бир (калыс) тообо кылды, эгер макс ээси ушундай тообо кылганда, анын да күнөөсү кечирилет эле». (Муслим риваяты). Хадистеги макс ээси бажы төлөмдөрүн жана салыктарды чогулткан мамлекет.

Устаз Яъкуб Ислам мүлкчүлүктүн түрлөрүн белгилеп бергенин, мамлекет экономикалык маселелерди чечүү жана элдин бакубатчылыгын камсыздоо үчүн элдик мүлктөн пайдаланышы мүмкүндүгүн, бирок жарандардын мүлкүн тартып албашын, адамдардын мал-мүлкүнөн зекетти гана алууга акысы бар экендигин ачыктап берди.

Устаз Ислам экономикасынын улуулугун, бүгүн ал Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулса бүткүл адамдардын проблемасын чеча аларын баяндады жана Суданда ири байлыктар бар экендигин, бул үчүн өлкө жана жарандын проблемаларын чечүү үчүн туура жолдогу жетекчилик керектигин баса белгиледи.

Баянды уккандар ыраазычылык жана жакшы мамиле көрсөтүштү, Умматтын өз укук жана милдеттери жөнүндө билимин жогорулатуу үчүн мындай баяндарды бат-бат өткөрүп туруу зарылдыгын баса белгилешти. О.э. алар устаз Яъкубдан бул жетик түзүмдү колдонуу үчүн өлкө аткаминерлерине кайрылууну сурашты.

 Ибрахим Усман (Абу Халил)

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here