Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинин токтомдору – күнөө жана кыянаттык үчүн кызматташуу

23
0

Басма сөз баянаты

Булуң кызматташтык кеңешинин саммитинин токтомдору – күнөө жана кыянаттык үчүн кызматташуу

2024-жылы 1-декабрда Кувейт мамлекети өткөргөн Фарс булуңу кызматташтык кеңешинин 45-сессиясында жарыяланган корутунду билдирүүдө Булуң кызматташтык кеңешинин мамлекеттеринин жетекчилери жана өкүлдөрү Газадагы кыргын, калкты көчүү, жарандык объектилерди жана инфраструктураны ойрон кылуу сыяктуу кылмыштарды токтотууну талап кылышты. Алар жарандарды коргоону, согушту токтотууну, туруктуу чечимдерди жүзөгө чыгаруу үчүн олуттуу сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүүнү да талап кылышты. О.э. алар Фалестин маселеси боюнча алардын позициясы катъий экенин, баскынчылыкты токтотууну, 1967-жылдын июлунан бери басып алынган бардык Фалестин аймактарында Фалестин калкынын суверенитетин орнотууну, Чыгыш Куддус борбору болгон эгемен Фалестин мамлекетин тикелөөнү, качкындардын укугун Араб мамлекеттеринин тынчтык демилгеси жана эл аралык мыйзамдуулук резолюциясына ылайык коргоону баса белгилешти. Ливан маселесинде лидерлер бул мамлекет менен тилектеш экенин билдиришти.

Фарс булуңунун лидерлери ушул таризде топтолушту. Балким, алардын топтолушпаганы жакшы беле, себеби, алар күнөө жана кыянаттарын дагы көбөйтүштү. Аларды Газадагы элибиздин 422 күндөн бери төгүлүп жаткан каны да, шахиддердин чачылган денелери да, Газа көчөлөрүндөгү урандылар да аракетке келтирбеди. Газалык балдар жана аялдардын ачкалык жана сууктан курман болуп жатканын, чатырлардын астынан суу агып, үстүнөн жамгыр өтүп жатканын көрүп, алардын сезимдери ойгонбоду о.э. бул алсыз адамдар алардын жүрөгүндө жана токтомдорунда орун табылбады.

Бирок, алар күнөө жана кыянатта биригишти. Яхудий вужудунун армиясы Газа калкын кыргын кылып жаткан согушту токтотуу үчүн кошуундарды сапарбар кылуунун, Фалестин жана Масжидул Аксаны азат кылуунун ордуна, кудум бейтарап кишилердей согуш жана баскынчылыкты токтотууну, яхудийлердин кылмышын токтотууну талап кылуу менен чектелишти. Куфр жана кылмыштардын башы болгон Америка жетектеген эл аралык тартибке келсек, алардын назарында бул чакырык жана талаптар жолдонгон эң жакшы тарап болууда.

Алар ушундай талаптар менен гана чектелишсе кана. Алар Газадагы калкыбызды, Расулуллах ﷺдын Исра жерин жана биринчи кыблабызды жардамсыз таштап, ажыздыкты тандашса кана, фажырлыкты кылышпаса кана. Бирок, алар зомбулук кылып жаткан яхудий вужудунун жанында алсыз Фалестин мамлекетин тикелөө чакырыгын баса белгилеп, күнөө жана өзүмчүлдүккө малынышты. Бул яхудийлерге мубарек жердин төрттөн үч бөлүгүн ээлеп алуу жана мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер менен толук нормалдашуу мүмкүнчүлүгүн берген кыянатчы араб тынчтык демилгесине о.э. яхудий вужудун реалдуулукка айланткан, аны укук ээси жана мазлум калк кылып койгон эл аралык резолюцияларга ылайык келди. Ливанга келсек, бул саткындар ага тилектештигин гана билдиришти.

Фарс булуңунун, башка исламий өлкөлөрдүн өкүмдарларынын баары колонизаторлордун өлкөлөрүбүздөгү кызыкчылыктарын коргоодон башка иши жок. Алар топтолушса да колонизаторлор каалаганы үчүн топтолушат, ар бир кадамы күнөө, токтомдору мункар. Алардан башка нерсени күтпөйбүз. Мындан улам Уммат кошуундары демилге тизгинин өз колуна алып, маселени өз ордуна коюшу керек. Муну менен, бардыгыбыз ушундай бир имам-халифа астындагы жалгыз Умматка айланалы, бул халифа биздин кызыкчылык жана муктаждыгыбыз үчүн уктабастан кызмат кылсын, мусулман өлкөлөрүнөн бир ууч жерине да кол салынса бүткүл Умматты аракетке келтирсин жана ушул аркылуу Уммат кабылган караңгылык заманга чекит коюшсун. Расулуллах ﷺ айтат:

«لَيَبْلُغَنَّ هَذَا الْأَمْرُ مَا بَلَغَ اللَّيْلُ وَالنَّهَارُ، وَلَا يَتْرُكُ اللهُ بَيْتَ مَدَرٍ وَلَا وَبَرٍ إِلَّا أَدْخَلَهُ اللهُ هَذَا الدِّينَ، بِعِزِّ عَزِيزٍ أَوْ بِذُلِّ ذَلِيلٍ؛ عِزّاً يُعِزُّ اللهُ بِهِ الْإِسْلَامَ، وَذُلّاً يُذِلُّ اللهُ بِهِ الْكُفْرَ»

«Бул иш күн жана түн жеткен жерге чейин жетип барат. Аллах бир да отурукташкандын, көчмөнчүнүн үйүн калтырбастан, ага бул динди азиздин азиздиги жана кордун кордугу менен киргизет. Ушундай бир азиздик, Аллах аны менен Ислам динин азиз кылат, ушундай бир кордук, Аллах аны менен куфрду кор кылат».

 Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here