Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

80
0

Кыргызстан бийлиги өлкөдө Исламга каршы кысымды күчөтмөкчү

Кыргыз өкмөтү өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, Жогорку Кеңеш 26-декабрда экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Эми президенттин кол коюусунан кийин 40 беренеден турган мыйзам долбоору ишке кирмекчи.

Эгер мыйзам долбоору ишке кирсе, муслима эже-карындаштарыбыздын коомдук жайларда никаб кийишине тыюу салынат. Эгер мыйзам бузуулар катталса, 20 миң сомдон айып пул салынат. Элестетиңиз, сиздин жубайыңыз шаръий рай болуп, бул райга ээрчиген муслималар үчүн важиб өкүмүн ишке ашыргандыгы үчүн коомдук жайда токтотулуп, күч менен никабы чечтирилет. Бирок, ошол эле учурда, көчөдө ар кандай адам жүзүн жаба турган маска тагынып жүрө алат! Демек, бул мыйзам исламий көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканы айдан ачык. Анткени, мыйзам долбооруна ылайык, мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда өлкөдө үч жыл ичинде 1000ден ашык мечит текшерилип, 120сы жабылганын билдирип, бийлик бул иштерди мыйзам кабыл алынганга чейин эле баштаганын ачыктады.

Эгер мыйзам долбоору күчүнө кирсе үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салынып, маалымат каражаттары, интернет ресурстар, социалдык тармактар жана мобилдик тиркемелер аркылуу үгүттөө иштерин жүргүзгөн диний ишмерлер диний уюмда жана Дин комиссиясында каттоодон өтүүгө тийиш.

Негизи, даават кылуу о.э. жакшы иштерге буйруп, жаман иштерден кайтаруу амалдары – ар бир мусулмандын мойнундагы фарз болуп, аны таштагандар – кудум намазды таштаган сыяктуу эле – күнөөкөр болушат.

Мыйзам долбоору аркылуу диний билимди жекече тартипте жана диний окуу жайдан тышкары окутууга да тыюу салынмакчы. Бул болсо, мусулман адамдын негизги жоопкерчилиги болгон даават ишине чекит коюу жана СССР доорунан бери Исламдын сакталышына негизги салым кошкон “хужра” ыкмасындагы медреселерди тыюуну түшүндүрөт.

Өлкө бийлиги муну менен эле чектелбей, “экстремисттик” деп аталган диний материалдарды сактагандарды жоопко тартууну сунуштады. Ага  ылайык, мындай материалдарды сактагандарды үч жылга чейин абакка кесүү каралган. О.э экстремизм менен айыпталган мусулмандардын жазаларын эки жылга узартуу каралган. Маселен, 3 жыл мөөнөт менен абакка кесиле тургандарды беш жылга, беш жылга камала тургандарды 7 жылга жазалоо сунушталган.

Тилекке каршы, кыргыз аалымдары бийликтин мындай аракетине каршы динибиздин өкүмүн ачык баяндап берүүнүн ордуна мыйзам долбоорун коргоп чыгышты. Расмий бийлик карапайым калкка алардын оозу менен өзүнүн кылмыштарын Исламга каршы эместей көрсөтүүгө аракет кылды. Мындан улам, Кыргызстанда Хизб жигиттери мыйзам долбоорунун чыныгы максатын ачыктап, аалымдарыбыздын жоопкерчилигин эскертүү максатында жооптуу кызматтагыларга, имамдарга, уламаларга жана өлкө боюнча баракчаларды таркатышты. Натыйжада, аталган мыйзам долбооруна каршы калктын нааразылыгы күчөп кетти. Мындан улам, 10-14-декабрь күндөрү Жалал-Абад облусунда Улуттук коомсуздук боюнча мамлекеттик комитети 22 Хизб жигитин мыйзамсыз түрдө камакка алышты. Камакка алуу үчүн эч кандай далил жана экспертизанын тыянагы көрсөтүлгөн эмес.

Түпкүлүгүндө, бул жигиттер аалымдар аткарбаган жоопкерчиликти өз моюндарына көтөрүп, акыйкатты коомго жеткирип, бийликти кылмыштуу аракеттен тыйылууга чакырышкан эле. Анткени, өкмөт да, ал бизге каршы коюп жаткан муфтият да мусулман калкка чыныгы Исламды үйрөтүшпөйт. Өкмөттүн назарында дин демократияга ылайыкташкан болушу керек б.а. Ислам капиталисттик түзүм уруксат бергенчелик гана окутулуп, колдонулушу керек. Ал эми муфтият болсо, өкмөткө ушул иштеринде шарияттан жол таап берет. Ушундай болгон соң, калкы мусулман болгон бул исламий өлкөдө динди ким үйрөтөт? Өкмөт жана муфтият ханафий мазхабын кармануу тууралуу байма-бай айтып жатышат. Бирок, ушул эле учурда, ханафий мазхабынын башкарууга же экономикага тиешелүү китептери окутулбайт. Анткени, мамлекеттик билим берүү программасында демократиялык башкаруу, капиталисттик экономика окутулат. Медреселер болсо ибадат жана ахлактарды окутууга гана чектелген. Негизи, булар жаатында ханафий мазхабынын китептери окутулган чакта да, учурдагы жаңы көйгөйлөргө чечим берүүгө жетишсиз. Маселен, БУУга мүчө болуу, Дүйнөлүк банктан кредит алуу, акционердик коом, камсыздандыруу компаниясы, биткоин сыяктуу нерселерге чечимдер керек. Демек, мындай жаңы көрүнүштөргө тиешелүү шаръий өкүмдөрдү иштеп чыгуу үчүн мужтахиддердин ижтихады зарыл. Ушундай болгон соң, мусулман калкыбызга, Исламына чаңкап турган келечек муунубузга Ислам башкаруу түзүмүн, экономикалык түзүмүн, ижтима түзүмүн, таалим-тарбия түзүмүн, жазалар түзүмүн, жада калса, Ислам тарыхын үйрөтүү зарыл. Албетте, буларды Исламыбызга каршы светтик түзүмдү тыгыштырып жаткан демократиялык державалар, аларга малайлык кылып жаткан режимдер, демократияны жайылтып жаткан бейөкмөт уюмдар үйрөтүшпөйт. А түгүл, Муфтият да динибизде талап кылынган өкүмдөрдү жеткире албайт.

Ал эми, мына ушул өкүмдөрдү, Ислам мабдасын калкка жеткирүүгө аракет кылып жаткан азаматтар качанга чейин экстремист эсептеле берет? Аларга тагылып жаткан “экстремизм” айыптары жалган жалаадан башка нерсе эмес. Анткени, Хизб Кыргызстанда өздөрү айтып жаткандай экстремисттик жол менен 3 жолу бийлик алмашса да, булардын бирине да аралашкан жок. Анткени, ал Пайгамбар (с.а.в) үйрөтүп кеткен тарыйкаттан гана жүрөт.

Ушундай болгон соң, кыргыз эли бийликтин диктаторлук режимди орнотуу жолунда Ислам жана мусулмандарга каршы аракеттерине каршы туруусу керек. Анткени, Исламда акимдерди мухасаба кылуу мусулмандардын милдети. Расулуллах (с.а.в):
“مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَرًا فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ”
“Кайсы бириңер бирер жаман ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Буга күчү жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Эгер буга да кудуреттүү болбосо, дили менен өзгөртсүн. Мунусу болсо ыймандын өтө алсыздыгы”, – деген. (Муслим риваяты).

Муну менен катар Батыштын кыйтыр, эки жүздүү саясатына алданып калбастан, ага каршы Ислам сакофатын тунук үйрөнүп, аны бийик көтөрүп чыгууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү сарпташыбыз шарт! Алла Таала айтат:

“Эй момундар, толук Ислам динине киргиле! (Т.а. Исламдын кээ бир хукмдарына баш ийип, кээ бирөөлөрүнө баш ийбей турган кимселерден болбогула)! Жана шайтандын артынан ээрчибегиле! Шексиз, ал силердин ачык-айкын душманыңар» [2:208]

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here