Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

33
0

Шам тогуту кулатылды…

Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Сирия калкы мубарек козголоңунда ири курмандыктарды бергенине 14 жыл болду. Ошондо Ислам Умматы Америка, Россия, яхудий вужуду, Иран жана анын Ливандагы хизбинен тартып, колонизатор зазим жана карамүртөз күчтөрүнө каршы жеке өзү күрөштү баштаган. Мына, Ислам жана мусулмандарды жек көргөн Асаддар үй-бүлөсүнүн режими 54 жыл репрессия, кыргын жана куугунтуктан кийин кулатылды. Сирия калкы өтө кубанды. Ал тургай, бүткүл мусулман дүйнөсү кубанып, момундар жүрөгү эргиди. Шам калкы аялдарды, жаш балдарды жана эркектерди жырткыч камактардан куткарып жатып чоң кубанычты башынан өткөрдү.

Шам калкынын 2011-жылы козголоң башталгандан бери кыйкырып жаткан такбирлери Дамашкка кирип, Асад жана Баас өкүмдарлыгынын чеңгелинен адамдарды азат кылганга чейин токтогон жок. Элдин максаты Асад режимин кулатып, адамдарды гана алмаштыруу эмес, Исламды колдонуу болгон. Туурасы, адамдар Ислам өкүмдөрүн толук колдоно турган, Ислам Умматына каршы тил бириктиргендерди Шамдан кууп чыгара турган рошид Халифалыкты каалап жатканы алардын курмандыктарынан жана демонстрацияларынан, залим, зөөкүр күчтөр жана тил бириктирүүчүлөр менен болгон кагылышууларда ачык көрүп турду.

Козголоңдун бул чоң ийгилиги Ислам Умматы үчүн үлгү болушу керек. Уммат Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Ислам мамлекетин кайтаруу үчүн болгон түпкү өзгөрүү жолунда аракет кылуудан таптакыр үмүтүн үзбөшү, бул жолдо курмандык бериши жана муну өмүр же өлүм маселеси деп билиши зарыл. Ал мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлар Фалестин калкына жардам бербегенин, канкор Башар Асаддын кылмыштарын мыйзамдаштыруу аракетин көрүп турат. Сирия делегациясынын 11 жылдан кийин Араб мамлекеттеринин лигасына кайтышы жана Асаддын саммиттерде катышышы ушул кызматташтыктын көрсөткүчү. Таң калычтуусу, 2024-жылы 11-ноябрда Эр-Риязда өткөн Газа боюнча чукул саммитте Башар Асаддын Москвага качардан бир ай мурун айткан сынына саммиттегилер көңүл бурушпады. Ал мындай деген эле: «Үмүт кыламын, биз туура чечимдерди кабыл алабыз. Болбосо, ууру менен мыйзам тилинде, кылмышкер менен ахлак тилинде, канкор менен инсанийлик тилинде сүйлөшүүнү улантабыз. Жакшы ниеттерибиз дагы бир ирет өлүмгө алып келет».

Бирок, бул өкүмдарлар жана алардын коопсуздук кызматындагы кылмышкерлери ибрат алышмак беле. Өкүмдарлар Аллахтын өч алуусунан Америка, Россия жана коопсуздук кызматы коргойт деп, кудум Башар Асад кылган иштерди кылып жатышат! Аллахтын душмандары болгон колонизатор кафирлердин кызыкчылыктары өз малайларынан баш тартууну талап кылса, алар малайларынан канчалык тез баш тартып, тарых таштандысына иттей ыргытышканын өкүмдарлар көрбөй жатышабы?! Алар алардан мурунку өкүмдарлардын тагдырынан ибрат алышпайбы?! Же бийлик күрсүсүндө узак отуруу менен Аллахтын өкүмүнөн жана каарынан, адамдардын өч алуусунан аман калабыз деп ойлоп жатышабы?! Адамдардын кылмышкер Асад үй-бүлөсүнүн мураскорлорунан кантип өч алып жатышканын көрүү башкаларга караганда көбүрөөк ушул өкүмдарларга керек.

﴿فَأَهۡلَكۡنَآ أَشَدَّ مِنۡهُم بَطۡشٗا وَمَضَىٰ مَثَلُ ٱلۡأَوَّلِينَ﴾

«Ошентип, Биз алардын күчтүү-кубаттуурактарын да кыйратып жок кылганбыз. (Ушул Куръанда) мурункулардын мисал-аңгемелери өттү го                                                                                                           [43:8]

Шам калкы умтулуп жаткан чыныгы өзгөрүү – бул кулатылган режимди баалуулуктары, конституция-мыйзамдары жана адамдарынан турган бардык аркандары менен бирге жок кылына турган өзгөрүү. Ушул өзгөрүүдө колонизатор Батыш күчтөрү менен болгон бардык байланыштар үзүлөт, Батышты ыраазы кылуу жана анын өкүмдарлыгына сүкүт сактоо үчүн секулярдык жарандык мамлекетти курууга үгүттөлбөйт, бул өзгөрүүдө Ислам мамлекети тикеленип, секулярдык түзүмдүн ордуна Исламдагы башкаруу түзүмү орнотулат. Шам калкы ушундай өзгөрүүнү талап кылып жатат. Эл ушундай өзгөрүү үчүн Асад режимине каршы козголоң кылды. Козголоңчу күчтөр – өзүлөрү айткандай – калктын каалоосуна ылайык аракет кылмакчы болушса, бул каалоону кабыл алышы зарыл.

Ыңкылап өткөөл башкаруу деген иримге түшүп калышынан өтө-өтө этият болушу зарыл. Себеби, бул секулярдык башкарууга же жарандык башкарууга чөйрө даярдоо дегени. Бул – Американын өкүлү катары Эрдаган Түркиясынын, яхудий вужудун бекемдөөгө аракет кылып, өз калкын бастыруусуна сүкүт сактап жаткан айланадагы араб режимдеринин планы. Демек, Шамдагы козголоңчулар Мисир, Ливия, Тунис жана Ямандагы козголоңдор эмнеге алып барганынан үлгү алышсын. Жарым-жартылай жеңиштерге жетишилип, кээ бир адамдардын ордуна башка адамдар алынып келди, муну менен көз карандылык жана секулярдык конституция сакталып калды. Учурда бул мамлекеттерде мурункудан да жаман абал өкүм сүрүүдө. Мисалы, колонизатор кафир жана малай өкүмдарларга көз карандылык, оор турмуш жана Газа калкын дагы эле кыргын кылып жаткан яхудий вужудун бекемдөө сыяктуу иш-аракеттер уланууда.

Кулатылган жана учурдагы залим режимдердин чеңгелинде азап тартып жаткан адамдарга, Американын, Түркиянын жана башка өлкөлөрдөгү Америкага малайлык кылып жаткан куурчак өкүмдарлардын оюндарын аң-сезимдүү түрдө түшүнүп жаткан адамдарга айтабыз – секулярдык саясий чечимдерди кыйратууга аракет кылгыла. Себеби, булар сыртынан жарандык башкаруу деген кооз сөздөр менен жасалгаланган, түпкүлүгүндө болсо исламий өлкөлөрдөгү режимдерден эч бир айырмаланбаган саясий башкаруу болуп эсептелет. О.э. бул аң-сезимдүү адамдар козголоңго себеп болгон максаттарында, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө максатында бекем турушу зарыл о.э. бул үчүн аракет кылып жаткан калыс адамдарга нусрат-жардам бериши керек, негизи, бүткүл мусулман калктары ынтызарлык менен күтүп жаткан нерсе да мына ушул.

﴿ٱلَّذِينَ إِن مَّكَّنَّٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ وَأَمَرُواْ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَنَهَوۡاْ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۗ وَلِلَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ﴾

«Аларды (т.а. мусулмандарды) эгер Биз жер жүзүнө үстөм кылсак алар намазды толук аткарышат, зекетти беришет, жакшылыкка буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Аллахтын (ыктыярында)»                                                                                   [22:41]

 

Хизб-ут-Тахрирдин

Иордания вилаятындагы

маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here