Таъзия
Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн кайтты
﴿وَبَشِّرِ ٱلصَّٰبِرِينَ + ٱلَّذِينَ إِذَآ أَصَٰبَتۡهُم مُّصِيبَةٞ قَالُوٓاْ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّآ إِلَيۡهِ رَٰجِعُون﴾
«Бирер мусийбат келгенде: «Албетте биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте биз Ага кайтуучубуз», деген сабыр кылуучуларга кушкабар бергин»
Бүгүн Аллах Тааланын казасына ыйман келтирип пазилеттүү боордошубуз жана аксакалыбыз ажы Хазим Мухаммад Яхя Роху 2024-жылы 22-ноябрда көз жумганы тууралуу кабар келди. Ыраматылык устаз Халифалык мамлпекетине үмүт кылып, даъватты көтөрүп чыккан жана Хизбдин айкөл биринчи мүчөлөрүнүн бири эле. Жашынын улгайып калганына да, өнөкөт оорусуна да карабастан, дүйнөдөн өткөнгө чейин окуяларды күзөтүп, Хизб пикирлерин жаюуну улантты.
Ушуга байланыштуу, биз, Хизб-ут-Тахрир – Ирак вилаятынын мүчөлөрү, маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. О.э. өзүбүзгө жана даъватты көтөрүп чыккан бардык боордошторубузга да көңүл айтып, Мавла Азза ва Жалладан устазды Өзүнүн кең рахматына алышын, ыраазылыгын жана кечиримин жаадырышын о.э. кең бейишинде пайгамбарларга, сыддыктарга, шахиддерге жана салихтерге шерик кылышын сурайбыз, аларга жолдош болуу кандай гана чоң бакыт! Үй-бүлөсүнө жана жакындарына сабыр берип, ажыр-сооптон куру калтырбашын, фитнага туш кылбашын сурайбыз.
Хизб-ут-Тахрирдин Ирактагы
маалымат бөлүмү