ДАЮС жаннатка кирбейт

52
0

ДАЮС

жаннатка кирбейт

وعن عمار رضي الله عنه أنه عليه الصلاة والسلام قال 🙁 ثلاثة لا يدخلون الجنة أبداً الديوث والرجلة من النساء ومدمن الخمر . قالوا : يا رسول الله أما مدمن الخمر فقد عرفناه فما الديوث ؟ قال : الذي لا يبالي من دخل على أهله . قلنا : فما الرجلة من النساء ؟ قال : التي تشبه بالرجال ) رواه الطبراني والبيهقي

Аммар р.а. Росулуллох с.а.в. дан риваят кылат: “…Үч киши эч качан жаннатка кирбейт: даюс, эркектана аял жана араккеч. Сахабалар “ Я Росулуллох, араккеч кишини түшүндүк. А даюс ким?” – дешти. Ал зат с.а.в.: “Ахли-аялынын алдына кимдер кирип-чыгышына көңүл бурбай турган адам” деди. “Эркектана аял ким” деп суралды. Ошондо ал зат с.а.в. “өзүн эркектерге окшоткон аял” деп жооп берди. (Табароний ва Байхакийлер риваяты).

Даюс – бул өз ар-намысын коргой албаган, коргомок түгүл, аны кызгана албаган, ариет-намысы тапталышына, тебеленишине макул болгон адам. Даюс – өз ар-намысы болгон энесин, ахли-аялын, эже-карындашын, кызын о.э. жалпы муслима эже-карындаштарын башкалардан кызгана албаган, алардан жаман иш садыр болсо, ага унчукпаган, аларды башкалардын жамандыгынан коргой албаган кимсе. Муну мисал менен мындайча түшүндүрсөк болот.

– Энеси майрамдык корпоративдерде гойримахрам эркектер менен аралаш ичип-жеп, ырдап-бийлеп бүтсө, анан уйгө алып кетем деп, эшикте күтуп турган уул – даюс;

– Аялы классташтары менен же коллективи менен ээн-эркин эс алып келсин деп, уйдө беймалал жаткан эр – даюс;

– Эже-карындашын сулуулар конкурсуна катыштырып, алдыңкы орундарды алса экен деп үмүттөнүп олтурган ага-ини – даюс;

– Кызын обу жоктондуруп, ырдатып-бийлетип, жылаңачтандырып, соцтармактарга көзөмөлсүз коё берген ата – даюс;

– Диндеш бир тууган муслима эже-карындаштарын каафирлер же фаасыктардын жамандыктарынан коргой албаган, алардан кызгана албаган мусулман жетекчи – даюс!

Мына булар даюстар!!!

Даюстуктун тескериси – гойюрлук деп аталат. Аны төмөнкүдөй мисалдар менен түшүндүрүүгө болот.

– Гойримахрам эркектердин көзүнө чалдыкпастан, уй-жай короосунун ичинде ээн-эркин басып журушу үчүн, энесинин турак-жайын коргондоп берген уул – гойюр;

– Аялынын оокат-тиричилигин камсыздап берип, аялын гойримахрамдар менен аралашып иштөөсүнө жол бербеген, эгер аялы иштемекчи болсо, анын иштөөсүн шариятка ылайык шарттар менен камсыздап берген эр – гоюр;

 – Эже-карындашына шарьий кийимдер кийгизип, анын коомдук жашоосу да шариятка ылайык болушун камсыздап берген жана ошого ылайык көзөмөлдөгөн ага-ини – гойюр;

– Кызын социалдык тармактардагы пайдалуу жактарга багыттаган, бузук иштерден узак кылып, уяттуу кылып тарбиялаган ата – гойюр;

– Муслима эже-карындаштарына мээримдүү, аларды жамандыктардан коргогон, жамандардан кызганган, аларга жакшылык менен камкордук кылган мусулман жетекчи – гойюр!

 Мына булар гойюрлар!!!

Биз мусулмандарбыз. Биздин мусулман бабалардан гойюрлук мураска калган. Буга тарых күбө жана ал даана айтып турат.

Ибн Хишам «Сийрат»та риваят кылышынча, Мадинада Пайгамбар с.а.в.дын Бану Кайнука жөөттөрүнө казат башташынын башкы себеби мындай болгон. Бир муслима аял Бану Кайнука базарына мата алып келип сатат. Андан соң бир зергердин дүкөнүнө кирип олтурат. Ошондо жөөттөр андан жүзүн ачууну талаб кыла баштайт. Аял көнбөйт. Тиги зергер жөөт аялга байкатпай, анын кийимин аркада турган нерсеге байлап коёт. Аял ордунан турганда болсо, авраты ачылып калат. Мына ошондо жөөттөр аны шылдыңдап күлө башташат. Аарданган аял жардам сурап кыйкырып жиберет. Ошондо бир гойюр мусулман киши муслима карындашынын ар-намысын коргоп, жөөткө арстандай атырылып жетет, кармашта аны өлтүрөт. Андан кийин жөөттөр тиги мусулман азаматты өлтүрүшөт… Мына ушундан кийин мусулмандардын жөөттөргө каршы айтылуу Бану Кайнука казаты жүз берген.

Муътасимдин халифалык доорунда, хижраттын 223-жылы Византия императору Феофил Халифалык чегарасына кол салды. Зибтара калкын кыргын кылып, калганын туткунга алды. Ошондо бир аял “Эй Муътасим ” деп кыйкырды. Жардамга чакырган бул үн акыры халифа Муътасимге жетип барды. Халифа бул аялдын кайрылуусуна “ляббай” деп жооп берди жана кошуунду сапка тартты. Кошуунга өзү баш болуп аттанды. Император Феофил өзү туулуп-өскөн Амурия шаарына жашынууга аргасыз болду. Бирок, баары бир халиф Амурияны фатх кылды, ошентип, ага кайрылган аялдын да, алар менен бирге башкалардын да өчүн алды…

Бул бабалардан калган гоюрлук биздин жакынкы эле бабаларыбыздан да көрүнгөн. Россия империясы 19-кылымда Орто Азия чөлкөмүн бир чекесинен бастырып келе жатты. Алгачкы басып алган жайларынын бири Жетисуу (Семиреченск) областы деп аталчу. Мына ушул аймактын сотунда ондон ашык бирдей окшош иштер каралган. Ал эмне болгон иштер эле? Алардын бардыгы адам өлтүрүү иштери болгон! Орустар басып алып бүткөн болчу, согуш жок эле, бирок, жай турмушта кээ бир мусулмандар кээ бир орустарды өлтүрүп коё беришкен. Сотто “эмнеге өлтүрдүң” дешкенде, алардын бардыгы “энеме асылып сөгүнгөнү үчүн” деп жооп беришкен. Ошондо орус “төрөлөр”: сөгүнгөн үчүн эле өтүрүп коё бересиңерби? – деп таң калышкан. А азыр болсо, орускул-маңкурттар эки сөзүнүн биринде сөгүнөт. Начальниги ашатып сөксө шүмүрөйүп унчукпайт да, үйгө келип алып, ахли-аял, бала-чакасын ашатат. Мамлекеттик жетекчилер тууралуу айтсак, кезинде каафир кожоюндары менен жолугушканда, протоколдук иш-чаралардан сырткары, “кухня” олтуруштарында мас кожоюндарынан оозго алгыс сөгүштөрдү угуп, ал тургай “шапалак” жегендери ачыкка чыгып кеткен. А кайра өз элине келгенде болсо, даъватчы кыздарын камактарга алып, зулумдарын күчөтүп, каафир кожоюндарынын тапшырмаларын аткаруу отунда күйүп-жанышат. Мына булар элде “жаман айгыр үйүрүнө тап” делгендей, “үйдө баатыр, жоодо жок” даюстар!

Дагы бир мисал, айтылуу Курманжан датка энебиздин уулу Камчыбек – аялынын авратын ачкандыгы үчүн – орус аскерин өлтүрдү жана өзү ошол жолдо өлтүрүлдү… Мына булар гойюр бабалар!

Каафир колонизаторлор – Аллахтын сыноосу менен – мусулмандар үстүнөн жеңишке жетишкенден кийин, алар дүйнөлүк системаны өз идеологияларына ылайык тургузушту. Бул системага ылайыкташтырылып эл аралык мыйзамдар, аларды ишке ашыруучу эл аралык уюмдар түзүштү. Мусулмандар өлкөлөрүн ыдыратып, арзыбас жасалма мамлекетчелерди куруп беришти. Бул мамлекетчелердин тиги каафирлердин өкүмдөрүн көчүргөн конституция жана кодекстери кабыл алынды. Ал мыйзамдар адамдарды даюстукка алып бара турган системалуу беренелер менен толтурулган эле. Империалист каафирлер кабыл алынган мыйзамдар боюнча гойюр жетекчилерди жоготушуп, даюс кимселерди акимдер кылып коюшту. Бул даюс акимдер – башка бардык тармактар сыяктуу эле – даюстук жаатында да каафир кожоюндарын карычма-карыч ээрчий башташты жана өз калктарын да баскычма-баскыч даюстукка тарта башташты.

Бул малайлар калк тарабынан катуу каршылыкка учураган учурларда аларды артка сүрүп жатышты. Мисалы, муслималардын хижабын дароо эле чечтирип сала алышкан жок, анткени, мусулмандарды дароо эле даюс кылып жибере алышпады. Мындай учурларда алар артка сүрүү ыкмасын ишке салышты. Акырындан үгүт иштерин алып бара беришти. Таалим программаларына даюстукка көндүрүүчү көнүгүүлөр киргизилди. Ошентип, алгач – шарият рухсат берет деген негизде – аялдар коллективдик жумуштарга тартылды, ага каршы чыккандар болсо камалды. Анан ошол коллективдик жайларда жоолугун артка салынган же топу кийген ырчы-бийчилер чыгышты. Алардын коопсуздугу мамлекет тарабынан катуу корголду. Бара-бара фильмдер тартылды, анда даюстар даңазаланды. Акыры барып коомду даюс коомго айландырууга жетишишти…

Бүткүл дүйнөлүк империализм негизинен дүйнөгө БУУ аркылуу колдонулат. БУУ кабыл алган “адам укуктарынын декларациясы” болсо, бардык глобалдык мыйзамдардын да о.э. бардык мамлекеттердин конституцияларынын булагы болуп саналат. Б.а. алардын бардыгы ушул декларацияга шайкеш иштелип чыгат. Мисалы, декларациянын 1-беренесинде: “бардык адамдар эркин дүйнөгө келет” – деп айтылат. Мында демократиянын булагы болгон 4 эркиндик: мүлк эркиндиги, ишеним эркиндиги, пикир эркиндиги, керт баш эркиндиги назарда тутулган. (“Моё тело – моё дело”, “менин деним – менин ишим” деген ураандар ушул керт баш эркиндиги идеясынан алынган, ага ылайык, ар бир адам өз денесин  өзү каалагандай кылса болот, мейли гомосексуализмге колдонобу же трансгендерлик кылабы – өзүнүн иши, башкалар киришпеш керек, ал тургай, мамлекет да киришпеши керек болот).

16-статьяда: “бойго жеткен эркектер …дини боюнча эч кандай чектөөсүз никеге турууга жана үй-бүлө курууга укуктуу” деп турат.  Бул дегени – шариятка тескери түрдө – муслималар каафирлерге турмушка чыга бериши керек дегенди түшүндүрөт. Мына ушундан улам да, эл аралык мыйзамдар, мамлекеттер аралык келишимдер, мамлекет ичиндеги кодекстер алкагында мындай харам амалга үгүттөөлөр жүрөт. Мисалы, Пакистандык муслима кыздын индус мушрик жигитке, кипрлик муслиманын христиан грекке турмушка чыгуусу боюнча фильмдер тартылган. Кыргызстанда болсо кыргыз муслиманын кытай мушрикке турмушка чыгуусу тууралуу “Бишкектеги сүйүү” деген тасма тартылуу үстүндө. Мындай фильмдер боюнча даюс чиновниктер макулдашуулар жүргүзүшүп, даюс адистер кызмат кылып берип жүрүшөт. Элдин даюс бөлүгү унчукпай, кинонун чыгышын күтүп олтурушат.

Кыскасы, дүйнөдөгү бардык мыйзамдарга БУУ жана анын уюмдарынын мыйзамдары негиз болот. Ал эми бул каафир уюмдун аял жана эркек мамилелери жаатындагы мыйзамдары аялдарды абийирсиздикке, эркектерди даюстукка, аял-эркекти бузукулукка түртөт.

Демек, даюстуктун башы дүйнөгө карата колдонулуп жаткан демократиялык идеологияга, аны турмушта ишке ашырып жаткан демократиялык башкарууга барып такалат. Ошондуктан, даюстуктан кутулуу да – турмуштун башка тармактарындагы бардык көйгөйлөр катарында – демократияны кулатуу жана Исламды орнотуу менен болот. Ал үчүн Исламды турмушка алып келүүгө аракет кылмак лаазым. Муну көпчүлүк адамдар билбей жатышса, айрым билгендер болсо элди мындан атайлап алаксытып жатышат. Кээ адамдардын же кээ бир бийлик өкүлдөрүнүн өздөрүн такыр даюс эместей, кудум эле гойюрдай көрсөтүүгө урунуп жатышканын көрөбүз. Мисалы, айрым эркектер аялын тойго алып барып, гойри махрамдар алдына коё берип, анан үйгө келип төпөштөп калат, кудум өзүн гойюр сезип, анан эртеси дагы тойго бара беришет… Бийликтеги бирөөлөр болсо, анда-санда сойкуларга рейд жүргүзүп калат, кээде болсо гейлерге каршы сүйлөп калат, ал да өзүн гойюр сезип… Негизи болсо, ошол сойкулуктун, ошол гейликтин булагы болгон демократиялык эркиндиктерге, аларга негиз болуп берген демократиялык эл аралык мыйзамдарга каршы чыга алышпайт. Тескерисинче, “биз демократияны мыкты колдонуп жатабыз” деп, кожоюндарына актанышат да мактанышат.

Ал эми, демократия куфр системасын, анын колонизаторлугун түп-тамырынан омкоруп, Исламды жашоого алып келебиз деген даъватчыларыбызга – бу малай жетекчилер – экстремизм шылтоосу менен качан эле тыюу салышкан жана улам жаңы келгендери зулумдарды өөрчүтүп барышууда. Бирок, бу даюс жетекчилер ушул кезге чейин сойкулукка тыюу салыша элек. Бу чочко сыфат жетекчилер – каафир кожоюндарын раазы кылуу үмүтүндө – өз жүгүртөктөрүн даъватчы кыздарыбызга каршы айдакташууда. Бу жүгүртөктөр болсо, даъватчы кыздарыбыздын үйлөрүнө таң атпастан, рухсатсыз бастырып киришүүдө. Жетекчилер менен жүгүртөктөр тууралуу айткандан пайда чыгарына деле үмүт аз. Анткени, алар бийлик жана байлык үчүн бардыгын сатканга даяр даюстар эмеспи. Негизи, сатып да бүтүшкөн. Аларды го саткын жана даюс дедик. А Умматтын калган эркек уулдары кайда калган?! Диндеш карындаштарыңарга малайлар менен жүгүртөктөр ыфлас сөздөрдү айтып, суук колдорун созуп жатышса, башыңарды каякка катып жатасыңар? Же силер да баарыңар даюс болуп кеттиңерби…

Ибн Умардан риваят кылынат, Росулуллох с.а.в. айтты:

ثلاثٌ لا يدخلون الجنةَ ولا ينظرُ اللهُ إليهم يومَ القيامةِ العاقُّ والدَيه والمرأةُ المترجلةُ المتشبهةُ بالرجالِ والديوثُ

Үч адам жаннатка кирбейт жана Кыямат күнү Аллах аларга карабайт: ата-энесине ак болгон адам, эркектерге окшоого урунуп өзүн эркектей алып жүргөн аял жана даюс. (Ахмад риваяты).

Сакофат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here