Мамлекеттик мекемелерде казино ачууга уруксат берилди

80
0

Мамлекеттик мекемелерде казино ачууга уруксат берилди

Мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын, пансионаттардын, эс алуучу жана башка жайлардын аймагында кумаркана ачууга уруксат берилди. Бул тууралуу өкмөттүн токтому расмий сайтка жарыяланды.

Ага ылайык, “оюн-зоок жайы толук же жарым-жартылай мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп эсептелген мекемелерде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканаларда кумарканалар ачылуусуна уруксат берилет.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 30-октябрда кабыл алып, президент Садыр Жапаров 4-ноябрда кол койгон. Финансы министрлиги кумарканалардан жыл башынан бери 208,7 млн сом салык чогулганын билдирген. Өлкөдө үч казино жана төрт букмекердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилген.

Комментарий:

Түпкүлүгүндө, казино сыяктуу кумарканалар капиталисттик түзүмдө бийлик адамдары сол чөнтөккө топтогон каражаттарын жууп чыгаруучу курал катары пайдаланылат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыплас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Демек, кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет.

Мындан да маанилүүсү, кумар оюндары Аллах Таала арам кылган амалдардан. Мааида сүрөсүндө Аллах Таала мындай делет: “Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула!”. (Мааида, 90-аят).

Андыктан, ар бир мусулман адам кайсы бир ишке кадам коёрдо анын шаръий өкүмүн билиши парз. Ал эми, бийлик ээлери айтып жаткан “пайдалар” кумарды арамдыктан чыгарып коё албайт. Ошондуктан, биз мусулмандар бийликтин коомду бузуучу, шариятка тескери аракеттеринин баарына каршы туруубуз шарт. Расулулла (салаллаху алейхи вассалам) мындай деген: «Албетте, Аллах Азза ва Жалла жеке адамдын амалы себептүү элди азаптабайт. Качан алар өз араларында мункарды көрүп туруп, аны четке кагууга кудуреттүү болуп туруп четке кагышпаса, мына ошондо Аллах жеке адамды да, элди да азаптайт».

Нурдин Асаналиев

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here