Жумшактык

18
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Жумшактык

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

عَنْ عَائِشَةَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ: “إِنَّ اللَّهَ تَعَالَى رَفِيقٌ يُحِبُّ الرِّفْقَ، وَيُعْطِي عَلَى الرِّفْقِ مَا لَا يُعْطِي عَلَى الْعُنْفِ، وَمَا لَا يُعْطِي عَلَى مَا سِوَاهُ” رَوَاهُ مُسْلِمٌ، وَفِي رِوَايَةٍ لَهُ: قَالَ لِعَائِشَةَ: “عَلَيْكِ بِالرِّفْقِ، وَإِيَّاكِ وَالْعُنْفَ وَالْفُحْشَ، إِنَّ الرِّفْقَ لَا يَكُونُ فِي شَيْءٍ إِلَّا زَانَهُ، وَلَا يُنْزَعُ مِنْ شَيْءٍ إِلَّا شَانَهُ“.

Айша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: “Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) чындыгында, Аллах Таала жумшак жана жумшактыкты жакшы көрөт. Зордукчулга жана андан башкага бербегенин жумшактыкка берет”, – деди. (Муслим риваяты). Айша (р.а) айтты: “Жумшак бол, зордук-зомбулуктан жана уятсыздыктан сактан. Акыйкатта, жумшактык кайсы нерседе болсо аны көрктөндүрөт жана кайсы нерседе болсо аны шерменделиктен, кемчиликтен алыстатат”.

Жумшактык зордук-зомбулуктун карама-каршысы. Жумшактык бул – жоро-жолдоштору менен сылык мамиле кылуу, ар бир ишти эң жакшы жана оңой жол менен чечүү.

“Чындыгында, Аллах жумшак” дегенди мааниси, Ал пенделерине боорукер, алар үчүн жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Аларды кечирет жана аларга күчү жетпеген жоопкерчилик жүктөбөйт. Пенделеринин бири-бирине жакшылык кылуусун жакшы көрөт. Ага ыраазы болот жана жумшактыкты каалайт.

“Жумшактыкка берет” башкача айтканда, сооп-сыйлык берет жана талап кылган мүдөөлөрүнө жеткирет.

“Зордукчулга бербеген нерсе” башкача айтканда, зордукчуларга бербеген жумшактыкты берет.

Ал эми Айша (ага Аллахтын рахматы болсун) айткан “Жумшак бол, зордук-зомбулуктан жана уятсыздыктан сактан” деген сөзгө келсек, бул зордукчулуктан келип чыккан нерсе. Чындыгында, жумшактык кайсы нерседе болсо башкача айтканда, анын маңызы жана белгилери болсо, аны кооздоп, кемчиликтерден арылтат. Жумшактык кайсы нерседе жайгашса анын айыбын жашырат.

Суфйан Ас-Саври айтат: “Жумшактык эмне экенин билесиңерби? Жумшактык – бул иштерди өз ордуна коюу. Катуулукту өз ордуна, ырайымдуулукту өз ордуна, кылычты өз ордуна, камчыны өз ордуна коюу”.

Аль-Газали айтты: “Жумшактык мактоого татыктуу, анын карама-каршылыгы – зордук-зомбулук. Зордук-зомбулук ачуулануудан жана оройлуктан келип чыгат. Жумшактык жана ырайымдуулук жакшы жүрүм-турумдан жана адептүүлүктөн келип чыгат. Жумшактыкты жакшы жүрүм-турум гана бере турган жемиш. Ачуунун күчүн жана каалоонун күчүн башкарып, аларды өз ченеминде кармоо менен гана мүнөздү жакшыртууга болот. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жумшактыкты мактап, көркөмдөп айткан. Башкача айтканда: Аллах Таала пенделерине ырайымдуу аларга жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт. Аларга күчү жетпеген жүк жүктөбөйт, тескерисинче, аларды кечирет жана аларга жакшылык кылат. Жумшактык – бул дүйнөдө кооздукту, мактоону, максаттарына жетүүнү жеңилдетүү сыяктуу нерселерди тартуулайт. Акыретте үлкөн сыйлык тартуулайт. Зордук-зомбулукка берилбеген нерсе б.а. кыйынчылык жана машакат берилбейт. Ар бир иште жумшактык издөөбүз үчүн Аллах Таала туура жолго багыттап, Өзүн жумшактык менен сыпаттады.

Мусулман бир тууганым!

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ынтызар болгондой эле, өзгөртүү үчүн аракет кылып жүргөндөрдүн эң биринчи милдети Ислам үммөтү сизди алардын кызматында экениңизди жана алардын дүйнө жана акыретте бактылуу болушуна ынтызар экениңизди, бул алардын да негизги түйшүгү экенин сезиши керек. Пайгамбар (с.а.в)дын ынтызарлыгы – адамдарды тозоктон куткаруу жана бул дүйнөдө моюн сунуу жана акыретте бейиш менен кубандыруу болчу. Дааватты көтөрүп чыгуучулар ар кандай текеберчиликтен, жалгыздыктан, катаалдыктан алыс болуп, үммөттү колунан тартуу үчүн, жумшактык жаны ырайымдуулук менен жеңдерин түрүп киришишкен. Алар ар  бир нерсени өз ордуна коюуга умтулушат. Эгер алар үммөттүн кызыкчылыгы үчүн катуулуук талап кылынса, каапырлардын үммөттүн кызыкчылыгына каршы куруп жаткан иштерин ачыкка чыгарып катаалдык кылышат. Ошондуктан алар Ислам үммөттүнүн ажырагыс бир бөлүгү болгондуктан, анын кызыкчылыктарын кабыл алышты.  Анткени алар Аллахтын жардамы менен Ислам үммөтү аркылуу бийиктике жетүү жана аны бул дүйнө жана акыреттин сыйлыгына жеткирүү үчүн, аны колунан тартуу үчүн үзгүлтүксүз жумшактык көпүрөсү болушту​​.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 5-жуммаду уула.

 2024-ж, 7-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here