Мазаммат кылынган хулктар

213
0

 بسم الله الرحمن الرحيم

 АДЕП-АХЛАК

 Мазаммат кылынган хулктар

(момундар жоготушу керек болгон хулктар)

  1. Кыянат, бапаасыздык:

Абдуллах ибн Амр р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«أَرْبَعٌ مَنْ كُنَّ فِيهِ كَانَ مُنَافِقًا خَالِصًا, وَمَنْ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنْهُنَّ كَانَتْ فِيهِ خَصْلَةٌ مِنْ النِّفَاقِ حَتَّى يَدَعَهَا: … وَإِذَا عَاهَدَ غَدَرَ …»

«Төрт касиет бар, кимде алар болсо, кырт мунафык болот. Кимде алардын бири болсо, аны таштамайынча мунафыктыктын бир касиети бар болот. Алар: …убадалашса, кыянат кылат…» (муттафакун алайх).

Ибн Масъуд, Ибн Умар, Анас р.а.лар риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُقَالُ: هَذِهِ غَدْرَةُ فُلاَنٍ»

«Кыямат күнүндө ар бир кыянатчынын бир байрагы болуп: «Мына бул баланчанын кыянаты» деп айтып турат», – деген. (муттафакун алайх).

Абу Саъид Худрий р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ عِنْدَ اسْتِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ, يُرْفَعُ لَهُ بِقَدْرِ غَدْرِهِ, أَلاَ وَلاَ غَادِرَ أَعْظَمُ غَدْرًا مِنْ أَمِيرِ عَامَّةٍ»

«Кыямат күнүндө ар бир кыянатчынын жанбашында бир байрагы болуп, кыянатына карай өйдөрөөк көтөрүлүп бара берет. Билип койгула, ъамма (эл) амиринин кыянатынан көрө улуураак кыянат жок». Муслим.

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«قَالَ اللَّهُ تَعَالَى: ثَلاَثَةٌ أَنَا خَصْمُهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ: رَجُلٌ أَعْطَى بِي ثُمَّ غَدَرَ…»

«Аллах Таала айтат: «Үч тайпа адам бар, кыямат күнүндө Мен алардын душманымын. Алар мага (убада) берип коюп, кийин кыянат кылган киши…». Бухарийден.

Язид ибн Шарик риваят кылышынча, Али р.а. минбарда хутба окуп: «Жок, Аллахка касамки, Аллахтын Китебинен башка биз окуй турган китеп жок, бул китептеги нерселер болсо…» деп аны ачты эле, анда төөлөрдүн тиштери, жараат-жаралар жөнүндөгү сөздөр болуп, алардын арасында Пайгамбар с.а.в.дын мына бул хадиси да бар эле:

«ذِمَّةُ الْمُسْلِمِينَ وَاحِدَةٌ, يَسْعَى بِهَا أَدْنَاهُمْ, فَمَنْ أَخْفَرَ مُسْلِمًا فَعَلَيْهِ لَعْنَةُ اللَّهِ وَالْمَلاَئِكَةِ وَالنَّاسِ أَجْمَعِينَ, لاَ يَقْبَلُ اللَّهُ مِنْهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَدْلاً وَلاَ صَرْفًا …»

«Мусулмандардын кепилдиги (баары үчүн) бирдей. Эң чекедеги мусулман да ал үчүн аракет кылат. Кимде-ким мусулмандын убадасын бузса, ага Аллахтын, периштелердин, адамдардын – баарысынын наалаты болот. Кыямат күнү Аллах анын тообосун да, төлөй турган төлөмүн да кабыл албайт…». Муслимден.

Абу Бурайда р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«مَا نَقَضَ قَوْمٌ الْعَهْدَ إِلاَّ كَانَ الْقَتْلُ بَيْنَهُمْ …»

«Кайсыл бир коом убада-келишимди бузса, алардын арасында согуш башталат…», деген. Бул хадисти Хаким риваят кылып, сахих деген жана муну Захабий макулдаган.

Амр ибн Халик р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«أَيُّمَا رَجُلٍ أَمَّنَ رَجُلاً عَلَى دَمِهِ، ثُمَّ قَتَلَهُ فَأَنَا مِنَ الْقَاتِلِ بَرِىءٌ وَإِنْ كَانَ الْمَقْتُولُ كَافِرًا»

«Кайсыл бир адам дагы бир адамга «өлтүрбөймүн» деп амандык берип туруп, кийин өлтүрсө, өлтүрүлгөн кафир болсо да, мен өлтүргөндөн беземин». Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде келтирген.

Абу Бакра р.а. риваятында Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«مَنْ قَتَلَ نَفْسًا مُعَاهَدَةً بِغَيْرِ حَقِّهَا لَمْ يَرَحْ رَائِحَةَ الْجَنَّةِ, وَإِنَّ رِيحَ الْجَنَّةِ لَيُوجَدُ مِنْ مَسِيرَةِ خَمْسِ مِائَةِ عَامٍ»

«Кимде-ким ахддашылган (ортодо келишим болгон) жанды бекерден-бекерге өлтүрсө, бейиштин жытын жыттабайт. (Ал үчүн) бейиштин жыты беш жүз жылдык аралык нарыда болот». Дагы бир риваятта:

«مَنْ قَتَلَ مُعَاهَدًا فِي عَهْدِهِ, لَمْ يَرَحْ رَائِحَةَ الْجَنَّةِ, وَإِنَّ رِيحَهَا لَيُوجَدُ مِنْ مَسِيرَةِ خَمْسِ مِائَةِ عَامٍ»

«Кимде-ким ахддашылган адамды өлтүрсө, бейиштин жытын жыттабайт. (Ал үчүн) бейиштин жыты беш жүз жылдык аралык нарыда болот». Ибн Хиббан өзүнүн «Сахих»инде келтирген.

  1. Кылган эхсанын жана башка жакшылыктарын милдет кылуу:

Аллах Таала айтат:

(يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تُبْطِلُوا صَدَقَاتِكُمْ بِالْمَنِّ وَالآذَى)

– „Эй момундар берген садакаңарды милдет кылуу жана азар берүү менен жокко чыгарбагыла! “       [2:264]

Абу Зарр р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«ثَلاَثَةٌ لاَ يُكَلِّمُهُمْ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ, وَلاَ يَنْظُرُ إِلَيْهِمْ, وَلاَ يُزَكِّيهِمْ, وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ, قَالَ فَقَرَأَهَا رَسُولُ اللَّهِ  ثَلاَثَ مَرَّاتٍ, قَالَ أَبُو ذَرٍّ: خَابُوا وَخَسِرُوا, مَنْ هُمْ يَا رَسُولَ اللَّهِ؟ قَالَ الْمُسْبِلُ, وَالْمَنَّانُ, وَالْمُنَفِّقُ سِلْعَتَهُ بِالْحَلِفِ الْكَاذِبِ»

«Үч тайпа адам бар, кыямат күнүндө Аллах алар менен сүйлөшпөйт, аларды актабайт, аларга карабайт да. Алар үчүн жан чыдагыс азап бар деп үч жолу кайталады. Абу Зарр: «Үмүтсүздүккө учурашсын, иштери оңунан чыкпасын, алар кимдер, я Расулуллах?» – деп сурады. Пайгамбар с.а.в.: «Этегин сүйрөлтүп жүргөндөр, милдет кылуучулар жана малын жалган ант менен өткөрө тургандар», – деп жооп берди». Муслимден.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here