Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай таасир кылат?

27
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Европа Союзу мамлекеттеринин позициялары яхудий вужудуна жана анын региондогу баскынчылыгына кандай таасир кылат?

Яхудий вужуду чектен чыгып Фалестинге жана Ливанга кол салды. Ал мусулман мамлекеттерин таптакыр эсепке албады. Себеби, яхудий вужуду бул мамлекеттердин өкүмдарлары өз элине жардам көрсөтпөстүгүн анык билгени үчүн аларды назарга албады. Ошондуктан, анын Фалестин жана Ливан калкына каршы душмандык позициясы күндөн-күнгө күчөп жатат. Ал жазаланбаганы үчүн өз позициясында жана аракеттеринде дагы да текебер болуп барууда. Ушул себептен улам ал катардагы адамдарды кырып жок кылууга жана көчүрүүгө багытталган ачык-айкын чабуулдар менен чектелбестен, Сирия, Иран, Яман жана Иракты да камтышы үчүн соккуларды кеңейте баштады. Ал эч кандай тышкы күчтү эсепке албай жатат, тескерисинче, анын күчтөрү БУУнун Ливандагы тынчтыкты сактаган күчтөрүн (UNIFIL) бутага алууда. «UNIFIL» күчтөрү эбак эле яхудий вужуду аларга кол салып жатканын айтып даттанган. Алардын айтымында, бул күчтөр олуттуу коркунуч астында калган жана 48 саат ичинде эки ирет чабуулга учураган. Айрым Европа мамлекеттери «UNIFIL»ге кол салганы үчүн яхудий вужудун расмий түрдө каралашты жана аны менен соода келишимин токтотууга чакырышты. Бул маселе Коопсуздук Кеңешине көтөрүлдү, өз кезегинде ал Ливандагы «UNIFIL» күчтөрүнүн тынчтыгын жана коопсуздугун урматтоого чакырды.

Саясий көз караштан алганда, бул орунда биринчи кезекте ушул суроолор берилиши керек: Ливанда Европанын таасири кандай көлөмдө? «UNIFIL» күчтөрүнүн түзүлүшүнө европалыктардын кандай байланышы бар? Европа Союзунун яхудий вужуду менен байланышы кандай жана Европа Союзу мамлекеттеринин ага таасири кандай? Башкача айтканда, Европа Союзунун мамлекеттери Жакынкы Чыгышта жалпысынан алганда кандай салмакка ээ? Бул Союз бардык мүчө мамлекеттер үчүн милдеттүү болгон бир саясатты карманабы? Же ар бир мамлекет, айрыкча ушул маселеде башка мамлекеттерден өзгөчө макамга ээби?

Европа Союзунун эң маанилүү мамлекеттеринин бири болгон Франция Ливан анын мурунку колониясы деген этибарда жана калкынын көпчүлүгү марониттер экендигин шылтоолоп, өзүн Ливан үчүн жооптуу деп эсептейт. Франция диний жактан өзүн марониттердин моралдык атасы деп билет. Ушул себептен улам, ал Ливанда өзүнүн таасирин сактап калуу үчүн ар дайым анын иштерине аралашат. Ал марониттер Франция жарандары сыяктуу экендигин, алардын коопсуздугуна жана Ливанда алар жетекчилик кылышына жоопкер экендигин айтып, алардын өкүлү катары иш алып барат жана алардын атынан сүйлөйт.

2006-жылдан кийин Франция Европа Союзу менен биргеликте региондогу абалдын жамандашуусуна жол бербөө жана Ливанда өзүнүн таасирин сактап калуу үчүн «UNIFIL» күчтөрүн киргизүүгө жана Ливанга жайгаштырууга салым кошту. Америка анын Ливандагы таасирин моюнга алды. Франция адатта ал жерде туруктуулукту сактоо, эл аралык кызыкчылыктарды коргоо үчүн Ливандын иштерин Америка менен кеңешет жана тартиптештирет. Бирок, Ливанда көп учурларда Америка үстөмдүккө ээ болот. Америка Ливанда Ирандан жана анын топторунан курал катары пайдаланат.

Европа Союзунун калган мамлекеттерине келсек, алар адатта Франциянын позициясын ээрчишет жана аны Ливанда эски таасир ээси жана Европанын региондогу өкүлү катары колдошот.

Бирок, бул ирет Ливан жана Жакынкы Чыгыштагы кагылышуу жана туруксуздуктун себеби яхудий вужуду тарабынан болгондуктан маселе башкача түс алып, Европанын позициялары бузулду жана алар бөлүнүп кетишти. Яхудий вужудунун Газага кол салуусун күчтүү колдоп-кубаттаган Франция – кызыкчылыктардын айырмачылыгы себептүү – яхудий вужудунун Ливанга кол салуусун колдободу. Себеби, Ливанды сактап калуу – Франциянын кызыкчылыгы. Газа туурасында болсо андай эмес. Ушул көз караштан алганда, европалыктар яхудий вужудунун кол салуусунан улам экиге бөлүнүштү. Алардын Газа жана Ливан туурасындагы позициялары ар түрдүү жана бири-биринен айырмаланат.

«Акса ташкыны» операциясынан кийин Европа мамлекеттеринин баары Европа комиссиясынын артынан яхудий вужуду өзүн коргоого акылуу экендигин айтып, аны колдоп-кубаттады. Ал эми, яхудий вужудунун Газа секторундагы ырайымсыз кылмыштары ачык-айкын көрүнгөндөн кийин, яхудий армиясынын айрыкча аялдар жана жаш балдарга каршы кылмыштарын ачыктаган үрөй учурган көрүнүштөр Европа коомчулугунда кескин нааразылык толкунун пайда кылгандан соң Европадагы абал өзгөрө баштады.

Ирландия, Испания, Норвегия, Словения жана Мальта Фалестин мамлекетин расмий түрдө моюнга алышканын жарыялашты. Бул нерсе адатта яхудий вужудун колдогон салттуу Европа позициясынын бүтүндүгүндө бөлүнүүнү пайда кылды. Алардын Фалестин мамлекетин моюнга алышы чыр-чатактар туурасында тең салмактуу позицияларды кабыл алууга таянып келген Европа саясатында өзгөрүүлөрдү пайда кылды жана Европанын башка сегиз мамлекетине Фалестин мамлекетин моюнга алууга жол ачты. Бул жагдай Европа Союзун Газага каршы согушту токтотууну талап кылууга мажбур кылды жана яхудий вужудун колдогон Европанын позициясынын талкаланышынын башталышы болду. Мындай өзгөрүүнүн артындагы негизги мотив – адамзатка каршы кыргындарды, жоопкерчиликке тартпоо мүмкүн болбогон кылмыштарды жасаганы үчүн яхудий вужудун жазалоо максаты. Испания өкмөтүнүн башчысы Педро Санчес: «(израиль) премьер-министри Бинямин Нетаняхуда Фалестин үчүн тынчтык долбоору жок», – деди. Бул билдирүү европалыктарды таң калтырды жана Европанын яхудий вужудунун кылмыштуу операцияларына нааразылыгын билдирди.

Бирок, Франция жана Германиянын позициялары Европа Союзунун башка мамлекеттеринин позицияларынан үстөм бойдон калууда. Германия яхудий вужудуна Америка сыяктуу же андан да көбүрөөк жан тартууда. Ушул себептен улам Германия тышкы иштер министри өзүнүн акыркы билдирүүсүндө яхудий армиясы (израилдин) коопсуздугун коргоону шылтоолоп Газада аялдар жана жаш балдарды өлтүргөнүн актады. Германия бийлиги яхудий вужудуна керектүү бардык курал-жаракты жана техниканы жеткирип берүүнү улантууга чечим кылды. Белгилүү болгондой, яхудий вужудуна керектүү курал-жарак жана техниканын 30 пайызын Германия жеткирип берет.

Франциянын да позициясы Германиядан анчалык айырмаланбайт. Ал яхудий вужудун аскерий жана дипломатиялык жактан, маалымат каражаттарында колдоп-кубаттап келди, дагы эле колдоп жатат. Бирок, Ливан согушка кирген соң – Ливанда Франциянын кызыкчылыгы болгондуктан – Франция яхудий вужудун колдоону азайтты.

Бүгүнкү күндө яхудий вужудуна олуттуу таасир көрсөтө турган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет – бул Америка. Европа мамлекеттеринин, алардын катарында Германия жана Франциянын позициялары Американын позициясынан чыгып, эч бир нерсени өзгөртпөйт жана эч бир нерсеге таасир кылбайт. Европа Союзу жана Европа комиссиясынын Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакта Американын саясатын ээрчүүдөн башка аргасы жок.

 Роя гезити, №518, 2024-жыл, 23-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here