Басма сөз баянаты
Тунис режиминин башкесерлери Моссад жана башка чет мамлекеттердин разведкалары өлкөдө шүмшүңдөп жүрүшүнө жол берип, Газаны колдошкондугу үчүн Тунис аялдарынын артынан түшүүдө!
«Акса ташкыны» башталгандан бери Хизб-ут-Тахрир жүрүштөрү токтогон жок. Хизб ар жума Фатх жамиъ мечитинен баштап борбордогу театрдын имаратына чейин жүрүш жасап, Умматты жана анын кошуундарын Газага жардам берүү үчүн козголууга чакырууда.
Хизб уюштурган дээрлик бардык демонстрацияларда Хизб мүчөлөрү коопсуздук күчтөрү тарабынан басымга учурап жатат. Айрыкча, жүрүштө сөз сүйлөгөн Хизб мүчөлөрү коопсуздук күчтөрү тарабынан куугунтукталууда. Алар полиция бөлүмүнө алынып же кылмышкер катары сурак кылынууда.
2024-жылы 27-сентябрда, жума күнү яхудий вужуду Ливан жана Газа калкына каршы кылмыштуу чабуулдарды күчөткө өткөрүлгөн акыркы жүрүшүбүздө Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жаатынан бир карындашыбыз сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Умматтын катарындагы күч-кубат ээлерин жана офицерлерди намсытанткан сөздөрдү айтып, дин жолундагы боордошторуна жардам берүү жана жырткыч душманды талкалоо менен Аллах Азза ва Жалланын алдындагы күнөөдөн арууланууга чакырды.
Ал сөз сүйлөгөндөн кийин бир топ коопсузду кызматкерлери бул карындашыбызды жана анын жолдошун бир километрге чейин күзөтүшүп, иш-чарага катышкан бир топ жаштардын арасынан ал экөөсүн токтотушту. Андан кийин коопсуздук кызматкерлери карындашыбыздан маалыматтарды, документин, дарегин, жүрүштө эмне жөнүндө сүйлөгүнүн талап кылды… Бул шерменделик жана кайгылуу абал!
Ушул орунда бизде табигый суроо туулат: Газаны колдогон кишилерге, Умматтын кошуундарын Фалестиндеги, Ливандагы, Ямандагы жана Сириядагы калкыбызды бомбалап жаткан канкор яхудий вужудун жок кылууга чакырып жаткан адамдарга минтип тынымсыз басым кылуу кимдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат?! Тунис өкүмдары менен анын коопсуздук кызматкерлери ушундай басым-куугунтуктар аркылуу эл аралык кылмышкер террорист системадан «жакшы кулк-мүнөзү үчүн грамота» алмакчыбы?!
Коопсуздук кызматы Американын Тунистеги сионист элчиси Жоуи Худдун өлкөбүздө эч кандай көзөмөлсүз жана чектөөсүз каалагандай жүрүшүнө эмнеге жол берип жатат?! Чет мамлекеттердин разведкалары өлкөбүздө каалагандай шүмшүңдөп жүргөндө алар кайда эле?! Моссад кырк жылдан бери Тунисти база кылып алып, Уммат шахиддери Абу Жихад менен Мухаммад Заварийдин өмүрүнө кол салышына эмнеге жол берди?! Алжирде чыккан “Шурук” гезитинде он жылдан ашуун Тунисте жашынып келген 400 Моссад мүчөсүнүн тизмеси жарыяланганына эмне десе болот?! Бул тизме көбөйө берет!
Ооба, Тунис режиминин бетпак жана арамзалыгы ушундай бир даражага жетти, ал Уммат душмандарынын өлкөдө жүрүшүнө жол берип, ошол эле учурда Газаны жана Фалестинди колдогон аялдарды куугунтуктап жатат!
﴿قَٰتَلَهُمُ ٱللَّهُۖ أَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ﴾
«Аларды Аллах каргасын! Кандай гана адашышууда!» [9:30]
Коопсуздук кызматынын адамдарды камакка алышы, басым өткөрүшү жана токтотуп сурак кылышы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө кымындай таасир кылбайт. Фалестин маселеси алар үчүн тагдырий маселе болуп, алар армияларды аракетке келүүнү жана яхудий вужудун коргоп жаткан саткындарды тактыларынан кулатууну талап кылышат. Алардын кайраттуу аракети Аллах Таала Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө улуу ишин Умматка насип кылганга чейин эч качан токтобойт. Халифалыктын биринчи кезектеги иш-аракетттеринин бири Газага нусрат берип, мубарек Фалестин жерин азат кылуу болот.
﴿وَيَوۡمَئِذٖ يَفۡرَحُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ + بِنَصۡرِ ٱللَّهِۚ﴾
«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат» [30:4-5]
Хизб-ут-Тахрирдин Тунистеги
маалымат бөлүмү