بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Америка өз аскерлерин яхудий вужудуна жашыруун жөнөттү
(RT, 2024-жыл, 9-октябрь). “Нью-Йорк Таймс” гезити америкалык расмийлерге таянып жазышынча, Пентагон яхудий вужудуна «туткундарды куткаруу боюнча кеңеш бериши үчүн» жашыруун коммандос аскерлерин жөнөткөн. Америка гезити америкалык разведка офицерлери яхудий вужудундагы коммандос аскерлерине кошулганын ачыктаган. Гезитте баса белгиленгендей, MQ-9 тибиндеги 6 дрон туткундардын турган ордун аныктоого жардам берүү миссиясын аткарган. Мурун АКШ президенти Жо Байден яхудий армиясы Америка разведкасынын жардамында Хамас кыймылынын жетекчиси Яхя Синварды кысымга алганын айткан. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин мурунку макаласында айтылгандай, яхудий мамлекети Синвардын телефон чалууларын туннелдин ичинде Американын угуучу жабдыктарынын жардамында тыңшаган. Бирок, анын турган жайын аныктай албаган.
Роя: бул – Америка мубарек жерди басып алган яхудий вужудун өмүр менен камсыздаган аркан экенине жүздөгөн, ал тургай миңдеген далилдерге кошулган кезектеги далил эмеспи?! Яхудий вужуду менен мусулмандарга Американы ортомчу кылууга чакырып жаткан зыянкеч режимдердин өкүмдарлары мындан сабак алышабы?!
Роя гезити, №518, 2024-жыл, 23-октябрь.