Темир жол долбооруна каражат кайдан алынат?
Бишкекте “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” долбоорун ишке ашыруу үчүн биргелешкен ишкана ачылды. Кошкон каражаттарына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тие турган болду. Келишимде долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар болору айтылган. Мунун биринчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга насыя катары берет.
Комментарий:
Кытайдан Кыргызстан-Өзбекстан аркылуу өтө турган темир жолдун курулушу мамлекет үчүн пайдалуу жана стратегиялык мааниге ээ. Бул долбоор Борбор Азия өлкөлөрү үчүн Россия монополия кылып алган Казакстан аркылуу Европага чыгуу жолуна альтернатива болуп саналат.
А бирок, жогорудан маалым болгондой, долбоорду ишке ашыруучу компаниянын 51% акциясы Кытайга таандык болот. Бул болсо бизди Россия чеңгелинен чыгып Кытайга көз каранды кылышы талашсыз. Темир жол транзитинин коопсуздугун коргоо транзитти өткөрүүчү мамлекеттин жоопкерчилигинде болот. Эгер мамлекет аны коргоого кубаты жетпесе, коопсуздукту камсыздоо ушул жолго 51% ээлик кылган Кытайдын жоопкерчилигине өтөт. Башкача айтканда, Кытай темир жолдун бардык аймагын коргоо үчүн аскерий күчтөрүн Кыргызстан менен Өзбекстанга жайгаштырууга мүмкүнчүлүк алат. Ушундан улам, Россия ушул кезге чейин темир жол долбоорунун ишке ашуусуна тоскоолдук кылып келген.
Жыйынтыктап айтканда, темир жол долбоору биздин Кытайга карата көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Долбоордун артынан Кытай тили жана маданияты да аймакта жайылтылат. Бул болсо Кытайдын сакофий дагы колониясына айлануубузга жол ачат. Ал эми, экономикалык жактан соода байланыш аркылуу буга чейин эле Кытайга көз каранды болуп калганбыз.
Демек, Кытай темир жол шылтоосу артында аскерий таасирин да өлкөдө бекемдөөнү көздөп жатат. Бул болсо Кытайга аскерий жактан да колония болушубузга алып барат. Акырында, Кытай өз жарандарын өлкөгө жайгаштыруу менен Кыргызстандын жарандыгын алууга шарт түзүп берет жана алар аркылуу шайлоолорго таасирин тийгизүүгө аракет кылат. Натыйжада, саясий жактан да колония кылууга умтулат. Мына ушундан улам, темир жол долбоору стратегиялык мааниге ээ. Анын артынан Кытайдын өлкөдөгү экономикалык эле эмес, аскерий, сакофий, саясий дагы таасири артат!
Абдурахман Адилов