Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

36
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

 Мухандис Муждий Али

2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху, ага кол чаап алкыштап туруу үчүн аны менен бирге келгендерди эсепке албаганда, дээрлик расмий делегация жана саясатчылар катышпаган залда кишинин ачуусуна тийген сөз сүйлөдү. Ал сөзүн бүтүрүп жатканда аскерий катчы келип анын кулагына шыбырады. Ал капыстан маалымат брифингинен чыгып кетти. Көп өтпөстөн Нетаняхунун сүрөттөрү тарады жана ал чоң операцияны ишке ашырууга буйрук бергени айтылды. Бир аздан кийин яхудий вужудунун коргоо министри, башкы штаб башчысы жана аба күчтөрүнүн командачысынын сүрөттөрү тарады. Алардын баалуу олжого каршы операция аткарылышын күзөтүшү айтылды. Мусулмандардын канын төгүү үчүн алып барылган бул жийиркеничтүү согушта, алар айткандай, баалуу бутага т.а. жер астындагы туннелдерди талкалоо үчүн көп кабаттуу турак жайды жашоочулары менен кошо жексен кылуу үчүн бункерлерди ойрон кылган бомбаларды таштоого чечим кылынды. Алар айтып жаткан баалуу бута Иран хизбинин башкы катчысы Хасан Насруллах жана көптөгөн жетекчилери болду. Нетаняху сөз сүйлөп бүткөндөн көп өтпөй Бейрут жана Мадинаи Мунаввара убагы менен саат алтылар чамасында Иран хизбинин таяныч чекити болгон Бейруттун түштүгүндө он чакты күчтүү жарылуу болду.

Ишемби күнү эрте менен яхудийлер Насруллахтын өлтүрүлгөнүн баса белгилешти. Ал эми Ливандагы Иран хизбинин билдирүүсү ошол күндүн аср маалына чейин кечикти. Иран да окуя болгон жайда жогорку кызматтагы жетекчилер өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Болуп өткөн окуя, айрыкча бул соккуда Иран хизбинин жетекчилик иерархиясы жок кылынганын этибарга алганда, Ливандын саясий сахнасындагы жана региондогу чоң кадам экендигине күмөн жок. Андан мурун 2024-жылы 20-сентябрда бир жайга чогулган Ризван бөлүмүнүн жетекчилерине сокку берилген эле. «Акса ташкыны» башталгандан бери башка жетекчилер аба чабуулдары аркылуу жок кылынды.

2023-жылы 7-октябрда “Акса ташкыны” операциясы башталгандан кийин эле Иран хизби 2023-жылы 8-октябрда «колдоп-кубаттоо жана алек кылуу» деп аталган фронттук линияга кирди, ушул күнгө чейин бул фронт уланууда. Ал яхудий вужудунун аскерий объектилерине ракета жана дрон соккуларын урууга таянды. Ал согуштун эрежелери деп аталган эрежелерден чыкпоо үчүн жарандык объектилерге сокку берген жок. Ал эми яхудий вужуду бул эрежелердин бардыгын бузуп, Хасан Насруллахты, Хизбуллах жана Ирандын жогорку мартабалуу жетекчилерин өлтүрүүгө чейин барды. Бул буталарга жетүү үчүн жүздөгөн катардагы адамдарды өлтүрдү.

Ал-Ваъй журналынын 2005-жылдын март айында чыккан 217-санында мындай делет: “Белгилүү саясий лидерлерге кол салуу операциялары жергиликтүү чечим менен ишке ашырылбайт. Тескерисинче, мындай операциялар үчүн бир же бир нече ири мамлекеттердин коргоосу керек болот. Бул бутага алынган адамдын «саясий коргоосун алуу» деп аталат. Кээ бир абалдарда адамды жок кылуу чечими чет мамлекеттерден жергиликтүү тарапка келиши же тескерисинче жергиликтүү тарап ал адамды жок кылууга уруксат сурашы мүмкүн. Ошондо эгер чет элдик тарап жергиликтүү малайдын пикирин негиздүү деп билсе, макулдук чет мамлекеттен келет…”.

Биз саясий коргоо алынышына туш келдикпи?! Биз региондун, айрыкча Фалестин жана Ливандын жаңыдан калыптанышына туш келдикпи?! Америка келишимге чөйрө даярдоо жана региондун аскерий канаттарын жок кылуу үчүн ири куралдуу күчтөргө тузак койдубу?! Малай же орбитадагы (чоң мамлекеттин таасири алкагында айланган) мамлекеттер өзүлөрү көз каранды болгон же узак жыл анын орбитасында айланган кожоюндарына көрсөткөн кызматтарынын натыйжасын алуу үчүн өз тарапкерлерин саттыбы? Мындан Фалестин Азаттык Уюмунун аскерий жетекчилери жок кылынып, анын саясий жетекчилери сакталып калганда, дагы эле сакталып жатканында жүз бергендей, бул куралдуу күчтөрдүн саясий иш-аракеттерге чегиниши назарга алынганбы?! Бул – башка ири топторду төгүлгөн кандар жана чачылган денелердин таасири астында сүйлөшүү столуна отурууда өз тастыгын тапкан саясий иш-аракеттерге кадам таштоого кайтаруу үчүн алардын аскерий иш-аракеттеринин жетекчилерин жок кылуу аракетиби?! Иран жетектеген «каршылык огу» сүкүт сактоо, көңүл айтуу жана тилектештик билдирүү менен чектелгени кадыресе көрүнүшпү?! Иранда бийликке реформатор президенттин келиши, анын жанына Американын малайы Жавад Зарифтин стратегиялык иштер боюнча кеңешчи болуп барышы бекеринен эмеспи же бул жөн гана капыстыкты?! Өзгөрүүлөргө толо алдыдагы күндөр шексиз бул суроолорго жооп берет.

Ыймандуу согушкер топтун соккуларынан яхудий вужуду силкинткенде согушкер топтор көз каранды малайлар менен байланышты үзүп, бекем каршы туруу жана болгон мүмкүнчүлүк менен сокку берүү үчүн мүмкүнчүлүгү жаралды эле. О.э. бул учур армиялар өкүмдарларга каршы козголоң кылышы, Фалестин жана Ливанга жардам көрсөтүүгө умтулушу үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк эле. Эгер Аллах алардын Тообо сүрөсүнүн 15-аятындагы «Алар менен согушкула» деген буйрукту аткаруу үчүн согушка кадам таштаганын т.а. калыс демилгени көргөндө, алар үчүн – Өз уруксаты менен – аяттын калган бөлүгүндөгү нерсени жүзөгө чыгармак. Аллах Таала айтат:

﴿قَٰتِلُوهُمۡ يُعَذِّبۡهُمُ ٱللَّهُ بِأَيۡدِيكُمۡ وَيُخۡزِهِمۡ وَيَنصُرۡكُمۡ عَلَيۡهِمۡ وَيَشۡفِ صُدُورَ قَوۡمٖ مُّؤۡمِنِينَ + وَيُذۡهِبۡ غَيۡظَ قُلُوبِهِمۡۗ وَيَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ﴾

«Аларга каршы согушкула, (ошондо) Аллах аларды силердин колуңар менен азаптайт, кор кылат жана силерге алардын үстүнөн нусрат берет, момун коумдун дилдерин кандырып, көңүлдөрүндөгү кайгыны кетирет. Аллах Өзү каалаган адамдардын тообосун кабыл алат. Аллах Билимдүү, Даанышман»                                                                                                       [9:14-15]

Антишпесе, кийинки 16-аятта келген нерсе аларга тиешелүү болот. Аллах Таала айтат:

﴿أَمۡ حَسِبۡتُمۡ أَن تُتۡرَكُواْ وَلَمَّا يَعۡلَمِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ جَٰهَدُواْ مِنكُمۡ وَلَمۡ يَتَّخِذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَا رَسُولِهِۦ وَلَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَلِيجَةٗۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ﴾

«(Эй момуңдар) мүмкүн силердин араңарда (акыйкат жолдо) күрөшкөн жана Аллахтан, Анын пайгамбарынан жана момундардан башка бир да адамды дос тутпаган заттарды, Аллах билбестен (т.а. сынабастан өз жайына) тек коюшун ойлогондурсуңар?! Аллах кылып жаткан амалыңардан кабардар»                                                                                            [9:16]

Аяттын мааниси төмөнкүдөй: эй, момундар, аларга каршы согушкула, Аллах аларды силердин колуңар менен азаптайт же Аллах кимиңер Исламда чынчыл, кимиңер жалганчы экенин билүү үчүн силерди сынабай о.э. араңарда Анын жолунда жихад кылууга ылайыктуулар ким экенин, бул туурасында Аллахтан, Анын Расулунан, момундардан башка бир да кимсени сырдаш тутпагандар менен Аллахтын буйругун текке кетирип жаткандар же кайдыгерлик кылып жаткандар ким экенин текшербей, эч бир кыйынчылык менен сынабай, эч бир сыноого салбай силерди жөн таштап коёт деп ойлоп жатасыңарбы?! Жок, Аллах силердин кылып жаткан бардык кылмышыңарды, Аллахтан, Анын Расулунан жана момундардан башкаларды дос тутканыңарды жакшы билет, негизи, Ал силерди мындан кайтарган. Аллахка бул жана башка амалыңар белгилүү жана Ал силерди ушул амалыңарга карап, жакшы амал болсо жакшылык менен, жаман амал болсо жамандык менен сыйлайт.

 Роя гезити, №515, 2024-жыл, 2-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here