Кыздарга кам көрүү

98
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Кыздарга кам көрүү

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун

Ибн Хажар аль-Аскалани “Фатх аль-Бари” китебинде “Сахих аль-Бухари”ге берген түшүндүрмөсүндө мындай деп айтат:

عن عائشة رضي الله عنها، قالت: ” دخلتْ امرأةٌ معها ابنتانِ لها تسأَل، فلم تجدْ عندي شيئًا غيرَ تمرةٍ، فأَعطيتُهَا إيَّاها، فَقَسَمَتْهَا بينَ ابنتيْها ولم تأكُلْ منها، ثم قامتْ فخرجتْ، فدخلَ النبيُّ، صلى الله عليه وسلم، علينا فأخبرته، فقال: “من ابْتُلِي من هذهِ البناتِ بشيٍء كُنَّ لهُ سِترًا من النار ” رواه البخاري

Айша (радыяллаху анха) айтты: “Бир аял эки кызы менен кайыр сурап келди. Бирок мен ага бере турган бир курмандан башка эч нерсе таба албадым. Мен аны ага бердим. Ал курманы эки кызына бөлүп берип, өзү жеген жок. Анан аял туруп чыгып кетти. Кийин Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) бизге келди. Мен болгон окуяны ага айттым. Пайгамбар (с.а.в) айтты: “Ким бул кыздар менен сыналса, аларга тозоктон калкан болот”. (Бухари риваяты). Риваятчы алардын атын атаган жок.

Маъмар өзүнүн риваятында хадистеги “Бирок мен ага бере турган бир курмандан башка эч нерсе таба албадым. Мен аны ага бердим” деген сөзгө кошумчалап: “Башында бир эле курма таап ага берди. Анан экөөнү тапты” деген.

“Ким бул кыздар менен сыналса” деген сөз боюнча кайчы пикирлер бар.  Кыздардын өзү себептүү сыналуусубу же алардын кылык жоругу себептүү сыналуусубу?

Сыноонун мааниси – кыздарга ким кандай мамиле кылат, аларга жакшы мамиле кылабы же жаман мамиле кылабы ушуга байланыштуу. Ан-Навави көбүнчө адамдар кыздарды жаман көргөндүктөн, сыноо сөзү колдонулганын айтат. Шарият аларды мындан кайтаруу үчүн келди жана кыздарды сактап, аларга сабыр кылып, жакшылык кылгандарга убада кылынган соопту эскертип, аларды өлтүрүүдөн сактанууну эскертти.

“Аларга тозоктон калкан болот” сөзү парда болот деген мааниде.

Cүйүктүү бир туугандар!

Бул хадис кыздардын көбүнчө эркектерден айырмаланып өз муктаждыктарына кам көрүүгө алсыз болгондугу үчүн аларга кам көрүү керектигин тастыктайт. Ал эми эркектер физикалык жактан күчкө ээ жана көпчүлүк учурда маселелерди тез чече алышат.

Ислам аялдарды коргоого жана жашоосунун бардык бөлүгүндө кам көрүүгө буюрган. Ислам аялга кам көрүүнү, аны сактоону, аны камсыздоону, анын үй-бүлөлүк байланыштарын сактоону жана аны урматтоону буйруду. Аял – бул кызың, эжең, энең, таежең, таенең жана чоң энең…

Бул улуу немат үчүн Аллахка шүгүр кылабыз.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 3-Робиус Саани.

2024-ж, 6-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here