Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

32
0

Басма сөз баянаты

Кыргыз бийлиги Исламга каршы мыйзам долбоорун кабыл алууда!

Кыргыз бийлиги сентябрь аында өлкөдөгү диний абалга көзөмөлдү күчөтүү максатында эки ири мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыгарды. Анын биринчиси Мамлекеттик дин иштери боюнча комиссия тарабынан, экинчиси Ички иштер министрлиги тарабынан сунушталды. Ал эми, мыйзам долбоорлору Кыргызстан 2021-2026-жылдарга кабыл алган диний концепцияны ишке ашыруу алкагында кабыл алынууда. Аталган концепция болсо эл аралык талаптарга ылайык, колонизаторлорду ыраазы кылуу үчүн, айрыкча, өлкө мыйзамдарын Шанхай Кызматташтык Уюмунун талаптарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Дин комиссиясы 30-августта коомдук талкууга койгон мыйзам долбоорунун негизгилери никабга, диний негизде партияларды түзүүгө жана партияларга диний аталыштарды коюуга тыюу салуу, диний ишмерлерди бир жылдык мөөнөткө акредитациядан өткөрүү, үймө-үй кыдырып үгүт кылууга тыюу салуучу беренелер.

Исламий көз караш менен алганда, мусулман аялдарга никаб кийүүнүн өкүмү айрым мужтахиддердин көз карашында важиб болуп эсептелет. Демек, бул берене Исламий райга каршы болгондуктан, мусулмандар ага каршы турууга тийиш. Анткени, ар бир Исламий райды коргоо жалпы мусулмандардын милдети болуп саналат. Ал эми, ижтихаддагы айырмачылыктар ички маселе болуп, мужтахиддердин талкуусу менен чектелүүгө тийиш.

Ошондой эле диний негизде саясий партия түзүүнүн өкүмү фарзи кифая. Эгер үммөт ичинде саясий партия жок болсо, же түзүлгөн партия өз жоопкерчилигин толук аткара албай жатса мусулмандардын баары күнөөкөр болушат. Ушул парзды ишке ашырууга аракет кылгандар гана бул күнөөдөн сакыт болот. Аллах Таала айтат:

وَلۡتَكُن مِّنكُمۡ أُمَّةیَدۡعُونَ إِلَى ٱلۡخَیۡرِ وَیَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَیَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِۚ وَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Силерден жакшылыкка (Исламга) чакыра турган, итаатка буюра турган жана күнөө-жаман иштерден кайтара турган бир жамаат болсун. Дал ошолор ийгилик табуучулар – (тозоктон) кутулуучулар” (Аали Имран: 104).

Мындан тышкары, жума хутбаларында, интернет желеси аркылуу баян, насаат айткан дааватчыларга бөгөт коюуну көздөп жатышат. Муну менен бийликти ыраазы кылган гана сөздөрдү сүйлөй турган дин адамдарын түзүү максат кылынууда. Түпкүлүгүндө, Исламда мусулмандар християнчылык же башка диндегилер сыяктуу дин адамдары жана дүнябий адамдар болуп бөлүнбөйт. Тескерисинче, ар бир мусулман билгенин жеткирип, ага амал кылууга умтулат.

Буга кошумча, үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салуу менен үйлөрдө, каттоодон өтпөгөн мечит, медреселерде дарс өтүүгө, Куран үйрөнүүгө тосук коюшмакчы.

Негизи ар бир  мусулман адам коңшусу болобу, көчөдөбү же мечитте болобу Исламды жеткирүүгө аракет кылат. Жамандыкты көрсө колу менен же тили менен токтотууга бар күчүн сарптайт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан:

Эгер бир жаман иш көрсөңөр аны колуңар менен токтоткула. Кол менен токтото албасаңар сөз менен токтоткула. Ага дагы алыңар келбесе ичиңерден жек көргүлө. Бирок бул, ыймандын эң алсызы.

Расулулла (с.а.в) биздин үстүбүздөгү жоопкерчиликти дагы эскертип мындай деген: «Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыӊар жана жамандыктан кайтарасыӊар. Силер албетте залимдин колунан кармап, аны акыйкатка ийилүүгө мажбур кыласыӊар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуӊар. Же албетте Аллах кээ бириӊерди кээ бириӊердин дили менен урат, андан соӊ аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт».

Демек, расмий өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоору Ислам динибизге, анын баалуулуктарына тескери келет. Андыктан, Аллах Таала парз кылган даават амалдарын чектөөдөн жана Исламий райларга тыюу салуудан баш тартышы керек! Расулуллах (с.а.в) мындай деген:

«مَا مِنْ وَالٍ يَلِي رَعِيَّةً مِنْ الْمُسْلِمِينَ فَيَمُوتُ وَهُوَ غَاشٌّ لَهُمْ إِلَّا حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ»

«Аллах мусулмандарды башкарып, аларды алдаган абалда өлгөн ар кандай жетекчиге бейишти арам кылат» (Имам Бухарий риваяты).

Хизб ут Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

24.09.24

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here