Көркөм эсептелүүчү хулктар

54
0

بسم الله الرحمن الرحيم

АДЕП-АХЛАК

Көркөм эсептелүүчү хулктар

  1. Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн жогору коюу:

Абу Хурайра р.а. риваят кылат:

«جَاءَ رَجُلٌ إِلَى النَّبِيِّ ñ.à.â. فَقَالَ: إِنِّي مَجْهُودٌ, فَأَرْسَلَ إِلَى بَعْضِ نِسَائِهِ, فَقَالَتْ: وَالَّذِي بَعَثَكَ بِالْحَقِّ مَا عِنْدِي إِلاَّ مَاءٌ, ثُمَّ أَرْسَلَ إِلَى أُخْرَى, فَقَالَتْ مِثْلَ ذَلِكَ, حَتَّى قُلْنَ كُلُّهُنَّ مِثْلَ ذَلِكَ: لاَ وَالَّذِي بَعَثَكَ بِالْحَقِّ مَا عِنْدِي إِلاَّ مَاءٌ, فَقَالَ النَّبِيُّ ñ.à.â.: مَنْ يُضِيفُ هَذَا اللَّيْلَةَ؟ فَقَالَ رَجُلٌ مِنْ الأَنْصَارِ أَنَا يَا رَسُولَ اللَّهِ, فَانْطَلَقَ بِهِ إِلَى رَحْلِهِ فَقَالَ لامْرَأَتِهِ: أَكْرِمِي ضَيْفَ رَسُولِ اللَّهِ ñ.à.â., وَفِي رِوَايَةٍ قَالَ لامْرَأَتِهِ: هَلْ عِنْدَكِ شَيْءٌ؟ فَقَالَتْ لاَ إِلاَّ قُوتُ صِبْيَانِي, قَالَ عَلِّلِيهِمْ بِشَيْءٍ, وَإِذَا أَرَادُوا الْعَشَاء فَنَوِّمِيهِمْ, وَإِذَا دَخَلَ ضَيْفُنَا فَأَطْفِئْ السِّرَاجَ, وَأَرِيهِ أَنَّا نَأْكُلُ فَقَعَدُوا وَأَكَلَ الضَّيْفُ وَبَاتَا طَاوِيَيْنِ, فَلَمَّا أَصْبَحَ غَدَا عَلَى النَّبِيِّ ñ.à.â. فَقَالَ: قَدْ عَجِبَ اللَّهُ مِنْ صَنِيعِكُمَا بِضَيْفِكُمَا اللَّيْلَةَ»

«Бир киши Пайгамбарыбыз с.а.в.дын алдына келип, алдан тайганын айтты. Аялдарынын бирине адам жиберди эле, аялы «Сизди акыйкат менен жиберген затка касамки, менде суудан башка эч нерсе жок» дептир. Экинчи аялына адам жиберди эле, ал да ошондой дептир. Айтор, бардык аялдары кудум ушундай: «Сизди акыйкат менен жиберген затка касамки, менде суудан башка эч нерсе жок», – дешиптир. Ошондо Набий с.а.в.: «Бул адамды ушул түнү ким мейман кылат?» – деди. Бир ансарий «Мен, я Расулулла» деп, аны үйүнө алып барып, аялына: «Расулуллах с.а.в.дын мейманын сыйлагын», – деди. Дагы бир риваятта аялынан: «Үйүңдө бирер нерсең барбы?» – деп сурады. Ал: «Балдардын тамагынан башка эч нерсе жок», – деп жооп берди. «Аларды бирер нерсе менен жубат, тамактанмакчы болушса, уктатып кой, мейман киргенде чыракты өчүр, ага тамактанып жаткандай болуп көрүнөлү», – дейт. Алар отурушту. Мейман тамактанды. Эрди-катын болсо ачка абалдарында түндү өткөрүштү. Таң аткан соң, Пайгамбар с.а.в.дын алдына барганда, ал киши: «Ушул түнү мейманыңарга кылган ишиңерге Аллах таң калды», – деди» (муттафакун алайх).

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в:

«طَعَامُ الِاثْنَيْنِ كَافِي الثَّلاَثَةِ, وَطَعَامُ الثَّلاَثَةِ كَافِي الأَرْبَعَةِ»

«Эки кишинин тамагы үч кишиге да жетет. Үч кишинин тамагы төрт кишиге да жетет», деген (муттафакун алайх).

Абу Саъид Худрий р.а. риваят кылат:

«بَيْنَمَا نَحْنُ فِي سَفَرٍ مَعَ النَّبِيِّ ñ.à.â., إِذْ جَاءَ رَجُلٌ عَلَى رَاحِلَةٍ لَهُ, فَجَعَلَ يَصْرِفُ بَصَرَهُ يَمِينًا وَشِمَالاً, فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ ñ.à.â.: مَنْ كَانَ مَعَهُ فَضْلُ ظَهْرٍ فَلْيَعُدْ بِهِ عَلَى مَنْ لاَ ظَهْرَ لَهُ, وَمَنْ كَانَ لَهُ فَضْلٌ مِنْ زَادٍ فَلْيَعُدْ بِهِ عَلَى مَنْ لاَ زَادَ لَهُ, فَذَكَرَ مِنْ أَصْنَافِ الْمَالِ مَا ذَكَرَ حَتَّى رَأَيْنَا أَنَّهُ لاَ حَقَّ لأَحَدٍ مِنَّا فِي فَضْلٍ»

«Биз бир сапарда Пайгамбарыбыз с.а.в. менен бирге элек. Бир киши улоодо келип, оңго-солго жалдырай карады. Ошондо Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Кимдин муктаждык мүлктөрүнөн артыкчасы болсо, муктаждык мүлктөрү жок адамга берсин, кимдин ашыкча тамак-ашы болсо, тамак-ашы жок адамдарга берсин» – деп, бир нече түр мүлктөрдү айтып өттү. Карасак, жанагы адам бирибиздин ашыкча нерсебизге келип кошулду». Муслимден.

Абу Муса риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

«إِنَّ الأَشْعَرِيِّينَ إِذَا أَرْمَلُوا فِي الْغَزْوِ, أَوْ قَلَّ طَعَامُ عِيَالِهِمْ بِالْمَدِينَةِ, جَمَعُوا مَا كَانَ عِنْدَهُمْ فِي ثَوْبٍ وَاحِدٍ, ثُمَّ اقْتَسَمُوهُ بَيْنَهُمْ فِي إِنَاءٍ وَاحِدٍ بِالسَّوِيَّةِ, فَهُمْ مِنِّي وَأَنَا مِنْهُمْ»

«Ашъарийлер казатта тул калса, же шаардагы үй-бүлөлөрүнүн тамак-ашы азайып кетсе, өздөрүндөгү бар нерсени бир кийимге топтошот да, кийин өз ортолорунда бир идиште баарына теппе-тең кылып бөлүштүрөт. Демек, алар менден жана мен аларданмын» (муттафакун алайх).

 16. Жоомарт болуу жана жакшы иштерге сарптоо:

Аллах Таала айтат:

وَمَا أَنفَقْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَهُوَ يُخْلِفُهُ

Кайсы бир нерсени инфак-эхсан (кайыр-садака) кылсаңар, анда, (Аллах) анын ордун толтурат“,                                             [34:39]

وَمَا تُنفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَلِأَنفُسِكُمْ وَمَا تُنفِقُونَ إِلاَ ابْتِغَاءَ وَجْهِ اللَّهِ وَمَا تُنفِقُوا مِنْ خَيْرٍ يُوَفَّ إِلَيْكُمْ وَأَنْتُمْ لاَ تُظْلَمُونَ

Кандай жакшылык (нерсе) инфак-эхсан кылсаңар, анда өзүңөр үчүн. Аллахтын жүзүн каалап жакшылык инфак-эхсан кылгыла. Кылган ар бир жакшылыгыңар силерге зулум кылынбаган абалында өзүңөргө толук-түгөл кайтарылат“,                                                    [2:272]

وَمَا تُنفِقُوا مِنْ خَيْرٍ فَإِنَّ اللَّهَ بِهِ عَلِيمٌ

„… кандай жакшылык кылсаңар, албетте, Аллах аны билүүчү“,                                                                                           [2:273]

وَأَنْفِقُوا مِمَّا جَعَلَكُمْ مُسْتَخْلَفِينَ فِيهِ فَالَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَأَنْفَقُوا لَهُمْ أَجْرٌ كَبِيرٌ

„… о.э. Ал зат силерди халифа кылып койгон нерселерден (т.а. убактылуу колуңарда турган, эртең бир күн келип силер кааласаңар да, каалабасаңар да башкалардын колуна өтүп кете турган Аллах берген мал-дөөлөттөн) инфак-эхсан кылгыла! Эми, силерден ыйман келтирген жана инфак-эхсан кылган заттар үчүн чоң ажр-сыйлык бар“,   [57:7]

وَأَنْفَقُوا مِمَّا رَزَقْنَاهُمْ سِرًّا وَعَلاَنِيَةً

Биз ырыскы кылып берген нерселерден жашыруун жана ашкере инфак-эхсан кылган заттар“,                                   [13:22]

لَنْ تَنَالُوا الْبِرَّ حَتَّى تُنْفِقُوا مِمَّا تُحِبُّونَ

(Эй момундар), жакшы көргөн нерселериңерден инфак-эхсан кылып бермейинче, эч качан жакшылыкка жетпейсиңер“, [3:92]

مَثَلُ الَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ كَمَثَلِ حَبَّةٍ أَنْبَتَتْ سَبْعَ سَنَابِلَ فِي كُلِّ سُنْبُلَةٍ مِائَةُ حَبَّةٍ وَاللَّهُ يُضَاعِفُ لِمَنْ يَشَاءُ وَاللَّهُ وَاسِعٌ عَلِيمٌ

Аллах жолунда мал-мүлктөрүн инфак-эхсан кылган кишилердин мисалы кудум ар бир машагында жүздөн даны болгон жети машакты өндүрүп чыгарган бир данга окшойт. Аллах каалаган кишилерине бир нече эсе кылып берет. Аллах (жоомарт-берешендиги) кең, билүүчү“,                                                                                           [2:261]

وَمَثَلُ الَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ ابْتِغَاءَ مَرْضَاةِ اللَّهِ وَتَثْبِيتًا مِنْ أَنْفُسِهِمْ كَمَثَلِ جَنَّةٍ بِرَبْوَةٍ أَصَابَهَا وَابِلٌ فَآتَتْ أُكُلَهَا ضِعْفَيْنِ فَإِنْ لَمْ يُصِبْهَا وَابِلٌ فَطَلٌّ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

Мал-мүлктөрүн Аллахтын ыраазылыгын көздөп жана дилдеринде бекем ишенип сарп кыла турган заттардын мисалы, кудум нөшөрлөп куйган жамгыр тийген соң, түшүмдү эки эсе кылган адырдагы бакка окшойт. Эми, эгер ага нөшөрлөп куйган жамгыр тийбеген болсо, себелеп жааган жамгыр да жетиштүү болот. Аллах кылып жаткан амалыңарды көрүүчү“,                                                                         [2:265]

الَّذِينَ يُنفِقُونَ أَمْوَالَهُمْ بِاللَّيْلِ وَالنَّهَارِ سِرًّا وَعَلَانِيَةً فَلَهُمْ أَجْرُهُمْ عِنْدَ رَبِّهِمْ وَلَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

Байлыктарын күнү-түнү жашыруун жана ашкере садака кыла турган заттар үчүн Жараткандын алдында улуу сооптор бар. Алар үчүн эч кандай коркунуч жок, алар кайгы да чегишпейт“.     [2:274]

الَّذِينَ يُنْفِقُونَ فِي السَّرَّاءِ وَالضَّرَّاءِ وَالْكَاظِمِينَ الْغَيْظَ وَالْعَافِينَ عَنْ النَّاسِ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ

(Ал такыбадар заттар) жакшы-жаман күндөрдө инфак-эхсан кыла турган, ачууларын ичине жута турган, адамдардын (ката-кемчиликтерин) кечире турган кишилер. Аллах мындай жакшылык кылуучуларды сүйөт“.                                                                                           [3:134]

Ибн Масъуд р.а. Пайгамбар с.а.в.дан риваят кылат:

«لاَ حَسَدَ إِلاَّ فِي اثْنَتَيْنِ: رَجُلٍ آتَاهُ اللَّهُ مَالاً فَسَلَّطَهُ عَلَى هَلَكَتِهِ فِي الْحَقِّ, وَرَجُلٍ آتَاهُ اللَّهُ حِكْمَةً فَهُوَ يَقْضِي بِهَا وَيُعَلِّمُهَا»

«Эки кишиге гана суктанууга болот. Биринчиси, Аллах ага мал-мүлк берген жана ал мал-мүлкүн акыйкат жолунда сарптаган киши. Экинчиси, Аллах ага илим берген жана ал илимдин акысын өтөп башкаларга үйрөткөн киши» (муттафакун алайх).

Ибн Масъуд р.а. риваят кылат:

«أَيُّكُمْ مَالُ وَارِثِهِ أَحَبُّ إِلَيْهِ مِنْ مَالِهِ؟ قَالُوا يَا رَسُولَ اللَّهِ مَا مِنَّا أَحَدٌ إِلاَّ مَالُهُ أَحَبُّ إِلَيْهِ, قَالَ: فَإِنَّ مَالَهُ مَا قَدَّمَ وَمَالُ وَارِثِهِ مَا أَخَّرَ»

«Пайгамбарыбыз с.а.в. «Кайсы бириңер үчүн мал-мүлкүнүн мураскору мал-мүлкүнө караганда сүйкүмдүүрөөк?» – деп сурады. Сахабалар: «Я Расулуллах, бизде андай адам жок. Баарыбыз үчүн мал-мүлкүбүз сүйкүмдүүрөөк», – дешти. Ошондо ал киши: «Бул дүйнө үчүн сарпталган мал-мүлктүн өзү сүйкүмдүүрөөк, акырет үчүн сарпталган мал-мүлктүн мураскору сүйкүмдүүрөөк», – деди». Бухарий.

Адий ибн Хотим риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в:

«اتَّقُوا النَّارَ وَلَوْ بِشِقِّ تَمْرَةٍ»

«Жарым курма менен болсо да тозоктон сактангыла»,деген (муттафакун алайх).

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«مَا مِنْ يَوْمٍ يُصْبِحُ الْعِبَادُ فِيهِ إِلاَّ مَلَكَانِ يَنْزِلاَنِ, فَيَقُولُ أَحَدُهُمَا اللَّهُمَّ أَعْطِ مُنْفِقًا خَلَفًا, وَيَقُولُ الآخَرُ اللَّهُمَّ أَعْطِ مُمْسِكًا تَلَفًا»

«Пенделер таң аттыра турган ар бир күндө эки периште түшүп, алардын бири: «Эй Аллахым, сахийге (жоомартка) сарптаганынын ордуна башкасын бер» деп, экинчиси болсо: «Эй Аллахым, бакылга (сараңга) жоготуу бер», – деп дуба кылышат» (муттафакун алайх).

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«قَالَ اللَّهُ تَعَالَى: أَنْفِقْ يَا ابْنَ آدَمَ أُنْفِقْ عَلَيْكَ»

«Аллах Таала айтат: «Эй Адам баласы, эхсан кыл, Мен да сага эхсан кыламын» (муттафакун алайх).

Дагы бир муттафакун алайх хадисте келет:

«أَنَّ رَجُلاٌ سَأَلَ رَسُولَ اللَّهِ ñ.à.â.: أَيُّ الإِسْلاَمِ خَيْرٌ؟ قَالَ: تُطْعِمُ الطَّعَامَ, وَتَقْرَأُ السَّلاَمَ عَلَى مَنْ عَرَفْتَ وَمَنْ لَمْ تَعْرِفْ»

«Бир киши Пайгамбарыбыз с.а.в.дан: «Кайсы Ислам жакшы?» деп сурады. Ошондо: «Тамак беришиң жана тааныган-тааныбаганыңа салам беришиң», – деп жооп берди».

Абу Умама Содий ибн Ажалан риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«يَا ابْنَ آدَمَ, إِنَّكَ أَنْ تَبْذُلَ الْفَضْلَ خَيْرٌ لَكَ, وَأَنْ تُمْسِكَهُ شَرٌّ لَكَ, وَلاَ تُلاَمُ عَلَى كَفَافٍ, وَابْدَأْ بِمَنْ تَعُولُ, وَالْيَدُ الْعُلْيَا خَيْرٌ مِنْ الْيَدِ السُّفْلَى»

«Эй Адам баласы, сен үчүн артыкча нерсени сарптап жибергениң – жакшылык, алып калганың болсо – жамандык. Жетиштүү мал-дөөлөт менен чектелсең, жаманатты кылынбайсың. Өзүң багып жаткан адамдардан баштагын. Өйдө көтөрүлгөн кол ылдый түшкөн колдон жакшыраак». Муслимден.

Абдуллах ибн Амр р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

«أَرْبَعُونَ خَصْلَةً أَعْلاَهَا مَنِيحَةُ الْعَنْزِ, مَا مِنْ عَامِلٍ يَعْمَلُ بِخَصْلَةٍ مِنْهَا رَجَاءَ ثَوَابِهَا وَتَصْدِيقَ مَوْعُودِهَا, إِلاَّ أَدْخَلَهُ اللَّهُ تَعَالَى الْجَنَّةَ»

«Кырк касиет бар, алардын эң жогоркусу белек берүү. Кайсы бир амалды кыламын деген адам, алардын бирине сооп үмүтүндө, убада кылынган нерсеге ишенип туруп амал кылса, Аллах Таала аны бейишке албетте киргизет». Бухарийден.

Абу Бакр Сиддик р.а.нун кызы Асма риваят кылат: Мага Пайгамбар с.а.в:

«لاَ تُوكِي فَيُوكَى عَلَيْكِ»

«Кабыңдын оозун бууп койбогун, сага да каптарынын оозун бууп коюшат», деди (муттафакун алайх).

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбар с.а.в. мындай деген:

«مَثَلُ الْبَخِيلِ وَالْمُنْفِقِ كَمَثَلِ رَجُلَيْنِ عَلَيْهِمَا جُبَّتَانِ مِنْ حَدِيدٍ مِنْ ثُدِيِّهِمَا إِلَى تَرَاقِيهِمَا, فَأَمَّا الْمُنْفِقُ فَلاَ يُنْفِقُ إِلاَّ سَبَغَتْ أَوْ وَفَرَتْ عَلَى جِلْدِهِ حَتَّى تُخْفِيَ بَنَانَهُ وَتَعْفُوَ أَثَرَهُ, وَأَمَّا الْبَخِيلُ فَلاَ يُرِيدُ أَنْ يُنْفِقَ شَيْئًا إِلاَّ لَزِقَتْ كُلُّ حَلْقَةٍ مَكَانَهَا فَهُوَ يُوَسِّعُهَا وَلاَ تَتَّسِعُ»

«Сараң менен жоомарт кишинин мисалы көкүрөгүнөн омуроосуна чейин соот кийген эки киши сыяктуу. Жоомарт марттык кылган сайын сооту кеңейип, бармактарын да жабууга чейин, изи калбай турган даражага чейин барат. Сараң сараңдык кылган сайын соотунун ар бир тогоосу өз жайына жабышып калып, кеңейтмекчи болот го, бирок, кеңейбейт» (муттафакун алайх).

Абу Хурайра р.а. риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз с.а.в. мындай деген:

«مَنْ تَصَدَّقَ بِعَدْلِ تَمْرَةٍ مِنْ كَسْبٍ طَيِّبٍ, وَلاَ يَقْبَلُ اللَّهُ إِلاَّ الطَّيِّبَ, فَإِنَّ اللَّهَ يَقْبَلُهَا بِيَمِينِهِ ثُمَّ يُرَبِّيهَا لِصَاحِبِهِ كَمَا يُرَبِّي أَحَدُكُمْ فَلُوَّهُ حَتَّى تَكُونَ مِثْلَ الْجَبَلِ»

«Кимде-ким адал кесибинен бир курмачалык нерсени садака кылса, (Аллах жалаң гана адалды кабыл алат) Аллах аны оң колу менен кабыл алып – бирөөңөр тайын багып-өстүргөнү сыяктуу – тоодой болгонго чейин өстүрүп берет» (муттафакун алайх).

 Жахил-наадандан жүз үйрүү:

Аллах Таала айтат:

وَأَعْرِضْ عَنْ الْجَاهِلِينَ

„… жана жахилдерден жүз үйрүгүлө!“              [7:199]

وَإِذَا خَاطَبَهُمْ الْجَاهِلُونَ قَالُوا سَلاَمًا

„Жахил кимселер аларга (беймаани) сөздөр кылган убакта да «аман болгула» деп жооп кыла турган кишилер (Рахмандын сүйүктүү пенделери)“.                                                                                           [25:63]

  1. Итаат кылуу:

Итаат кылуу эки түрдүү: Биринчиси эч нерсе менен чектелбеген мутлак итаат (бүтүндөй моюн сунуу). Бул Аллахка жана Расулуна мутлак итаат кылуу. Экинчиси болсо, сооп иш менен чектелген болуп, ага күнөө иштерде итаат кылынбайт. Бул ата-энеге, эрге жана башкага итаат кылуу. Бул итааттардын экөө тең важиб болуп, далилдери маалым жана кеңири белгилүү.

 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here