Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

83
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Ибн Хажар аль-Аскалани “Фатх аль-Бариде” Сахих Бухариге берген кыскача түшүндүрмөсүндө “Зыянды жолдон алып салуу” тууралуу бөлүмдө мындай дейт:

وقال همام عن أبي هريرة رضي الله عنه عن النبي صلى الله عليه وسلم يميط الأذى عن الطريق صدقة.

Хаммам Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) мындай дегенин риваят кылат: “Жолдон зыяндуу нерселерди алып салуу да садака”.

Сүйүктүү бир туугандар.

Чыныгы Ислам жашоонун бардык тармагында жакшы адеп-ахлакка чакырат.  Ошондуктан, мусулман  жолдо баратып зыян келтире турган нерсени көрсө аны алып салат. Эгер жамандыкка чакыра турган бир нерсени укса, жакшыга буюруп, жамандыктан кайтарып аны токтотот. Жардамды талап кылган абалга күбө болсо, ошого жараша иш кылат. Ислам бизге жашоонун бардык бөлүгүн майда-чүйдөсүнө чейин ушинтип үйрөткөн.

Эй мусулмандар!

Качан биз жолдон зыянды алып салуу жөнүндө сүйлөгөнүбүздө, эмне үчүн мусулмандарга жана алардын жашоосуна зыян жеткирип жаткан акимдерди жолдон алып салуу жөнүндө сүйлөйбүз. Бул үммөттүн канын, ар-намысын төктүрүп жаткан бийлик башчыларынан өткөн кандай зыянкеч бар? Алар үммөткө карата адамзаттын тарыхында болуп көрбөгөндөй чыккынчылык кылышууда. Алар бул кыянаттыктарын мусулмандар өздөрүнүн узак доорунда күбө болбогон артыкчылык катары жазышууда. Демек, алар уятсыздыктын бул даражасына татыктуу болушту. Чынында, алар жолдон алып салууга татыктуу болгон эң чоң зыянкечтер.

Эй мусулмандар! Келгиле, чын ыкластуу амал кылуучулар менен бирге аларды жолдон алып салууга жардамдашкыла. Куран жана сүннөттү ишке ашырууга байъат берген, пенделердин колунан бийликти алып, бейкутчулукта жогорку даражаларга алып баруучу халифаны тикелөөгө амал кылгыла.

Оо, Аллахым, бизге мусулмандарды бириктире турган жана алардын башына түшкөн мүшкүл балээлерди кетире турган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги  Халифалыкты тездет.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-ж, 14-Робиул Аввал

2024-ж, 17-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here