Ишарат келди, бирок ага бериле турган жооп кайда?!

2654
0

Басма сөз баянаты

Ишарат келди, бирок ага бериле турган жооп кайда?!

Америка өзүнүн эркеси жана биринчи линиядагы аскерий базасы эсептелген яхудий вужуду 2023-жылы 7-октябрда Газадагы каршылык күчтөрүнүн соккусуна учураганын жөн карап турбады. Ошондуктан ал НАТОдогу колонизатор союздаштары менен жаңы кресттүүлүк жүрүшүн баштады. АКШ ага каршы баш көтөрүп, анын жана тигил эркесинин «айбатын» жер менен жексен кылган Умматка ишарат жолдоо үчүн яхудий вужудунан пайдаланды. Ал мусулмандардын бир Уммат жана бир дене, бир жан экенин, алардын бир мүчөсү ооруса, башка мүчөлөрү да – Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ айткандай – ысытмалап чыгышын абдан жакшы билет. Ошондуктан Американын ишараты каршылык күчтөрүнө гана эмес, бүткүл Умматка багытталды. Бул Уммат же анын бирер тобу өз укугун, же эркиндигин, же болбосо ыйык жайларын азат кылууну талап кылышы туура эмес деген мазмундагы ишарат болду. Батыш мамлекеттери колонизатор мамлекеттердин, кресттүүлөрдүн союзу катары король Ричард баштаган согуштан тартып ушул күнгө чейин кресттүү жүрүштөрүн токтотушкан жок. Демек, бул мамлекеттер бирер калк же уммат алардын колонизаторлугунан азат болушуна жол беришпейт, эч качан каалашпайт, айрыкча, ал эл мусулман калкы жана ал уммат Ислам Умматы болсо. Ислам Умматы чыгыштан Индонезиядан тартып Индия жарым аралын жана араб өлкөлөрүн камтыган, Түндүк Африка жана Борбордук Африкага чейин созулган Уммат.

Ушул көз караштан улам, куфрдун башы жана кресттүүлүк коалициясынын жетекчиси Америка “араб жазы” делген козголоңдордун азаттыкка жетишине жана кафир колонизаторлуктун кишенинен чыгышына жол бербейт. Ал айла-амалдар, өкүмдарларды өзгөртүү, бастыруу менен козголоңдорду тизгиндеп алды. Америка бул иште мусулман өлкөлөрүндөгү малайларынан жана өз колу менен өстүрүп, тарбиялаган саясий чөйрөлөрдөн пайдаланды. Америка ушинтип козголоңдордун жолун тосту жана бул калктардын чыныгы өзгөрүүгө жетишине жол бербеди. Себеби чыныгы өзгөрүү Американын иштерин бүлгүнгө учуратат, т.а. өлкөлөрүбүздөгү Америкага малай режимдерди өзгөртөт. Шам козголоңу Американы абдыратып койду. Себеби бул козголоң анын малайы болгон Баасчыл Нусайрий режимини кулатып, анын урандылары үстүнө Ислам мамлекетини тикелөө максатын көздөгөн эле. Ошондуктан Америка өзүнүн бардык эл аралык жана региналдык лашкерлерин ушул козголоңду күч менен жок кылууга тартты, арус алкаштарынан тартып, Иран фарстарын жана Ливандагы Иран хизбин Нусайрий режимине жардам берүүгө жөнөттү. Ал Түркиядагы мунафыктарды ишке салды. Америка муну менен Шам калкына жана бүткүл Умматка «Эй, Ислам Умматы, колонизаторлуктун чеңгелинен чыгууну жана Аллахтын шариятын өкүмдар кылууну талап кылышыңарга жол бербеймин, силердин өлкөлөрүңөр колонизаторлордун айбандарына жайыт жана машиналарына бензин куйган бекет бойдон калышы керек» деген ишарат жөнөттү.

Ушул максатта бүгүн да Америка кресттүү союздаштарын сапарбар кылып, яхудий вужудун ишке салды. Америка муну менен Умматка ушундай ишарат жөнөтүүдө – Ислам Умматы Американын, Батыш мамлекеттеринин жана кресттүү союздаштардын эркеси болгон махзуби алайхимдерге кол көтөрүүгө же аз гана болсо да сокку берүүгө акысы жок. Ошондуктан Америка бул ыплас вужудду курал-жарак, жабдыктар, акча, саясий жана маалыматтык колдоо менен камсыздады. Акыбетте кресттүүлүк коалициясынан толук жардам алган яхудий вужуду Газада кыргын, геноцид, бомбалоо жана ойрондулукту аёосуз жасады. Бийликке караштуу телевидениелерде бул кылмыштар күнү-түнү көрсөтүлүшүн Америка жана яхудий вужуду абдан каалашты. Алар Уммат перзенттери кылмышкерлер тарабынан кыргын кылынып, аялдарына кол салынып, аларга жардам колун сунууга жана боордошторун куткарууга жол берилбей жатканын Умматка көрсөтүп кемсинтишти. Ушул аркылуу Америка бул ыплас вужуддун «айбатын», аялдар жана балдардын жасаддары үстүнө курулган аброюн кайра тургузмакчы. Ал Умматтын өз перзенттерин коргоого, жардам берүүгө жана жырткычтардын колунан куткарууга кудуреттүү экенине ишенимин жоготмокчу болууда. О.э. Умматтын “араб жазы” мамлекеттериндеги малай режимдерди өзгөртүү ишенимин да жок кылууга аракет кылууда. Газа калкына каршы кыргындар жана каршылык кыймылына соккулар ушул ишаратты жеткирүү үчүн курмандык болууда.

Чынында ишарат бизге ачкы-айкын жеткирилди. Мына, Америка Конгрессте кийинки аптада Нетаняхуну күтүп алууда, муну менен яхудий вужудунун куралсыз аялдарды жана балдарды, абдан аз курал-жаракка ээ каршылык күчтөрүн жеңгенин жарыялап, аны сыйлоо үчүн ушундай кылууда! Буга жооп кана?! Шек-күмөнсүз, бул кылмышкерлерге татыктуу жооп – мусулман өлкөлөрүндөгү малай өкүмдарларды кулатуу. Себеби алар Умматтын биригүүсүнө, кафир Батыштын колонизаторлугунан азат болушуна, яхудийлерди жеңип, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөөсүнө үлкөн тоскоолдук болуп турушат. О.э. жооп – армияларды мусулмандардын жеңиштүү халифасынын командачылыгы астында сапарбар кылуу. Ошондо алар яхудийлерди өлтүрүп, мубарек Акса мечитин азат кылышат, Америка жана анын кресттүү союздаштарына шайтандын васвасаларын унуттуруп коёт. Ошондуктан Уммат өз армияларына кайрылышы жана армиянын штабы алдында тынч демонстрацияларды уюштуруп, алардан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн Хизб ут-Тахрирге нусрат берүүнү талап кылышы керек. Күч-кубат ээлери ушул кайрылууну кабыл алышы жана малай режимдерге итаат кылууну токтотуп, аларды кулатышы, дин жана Умматтын катарына тизилиши зарыл. Ошону менен бул дүйнөдө күч-кубатка жана Акыретте түбөлүк ниъматка татыктуу болушат.

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾

«Амал кылуучулар мына ушундай (түбөлүк бакыт) үчүн амал кылышсын!»                     [37:61]

 Хизб ут-Тахрирдин

борбордук маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here