Асыл хадис менен

2111
0

Асыл хадис менен

Аллахтын Элчиси саллаллаху алейхи уа саллам тарткан азап

“Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Сиздерге Алланын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

‏عَنْ‏ ‏أَنَسٍ ‏‏قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ‏ ‏صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:‏ “‏لَقَدْ أُخِفْتُ فِي اللَّهِ وَمَا يُخَافُ أَحَدٌ وَلَقَدْ أُوذِيتُ فِي اللَّهِ وَمَا ‏يُؤْذَى أَحَدٌ وَلَقَدْ أَتَتْ عَلَيَّ ثَلَاثُونَ مِنْ بَيْنِ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ وَمَا لِي‏ ‏وَلِبِلَالٍ‏ ‏طَعَامٌ يَأْكُلُهُ ‏ذُو كَبِدٍ ‏إِلَّا شَيْءٌ‏ ‏يُوَارِيهِ إِبْطُ ‏‏بِلَالٍ”.

Анастан риваят кылынат, Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Мен Аллах жолунда эч ким коркутулбаган нерсе менен коркутулдум. Мен Аллах жолунда эч ким тартпаган азапты тарттым.  Мен жана Билал отуз күн отуз түн бою Билалдын колтугуна каткан нерседен башка нерсе менен наар ала албадык”.

Абу Иса бул хадисти хасан жана сахих деген. “Тухфат аль-Ахвазий”де Жамиъ ат-Тирмизинин шархында мындай деп айтылат:

“Ага Аллахтын салам-салаваты болсун لَقَدْ أُخِفْت  “мен коркутулдум” сөзүнөн коркутуудан, б.а. мени кыйнап, өлтүрөбүз деп коркутушту. Мен коркутулгандай   وَمَا يُخَافُ  эч ким коркутулган жок деген маани түшүнүлөт. Ал эми, وَلَقَدْ أُوذِيت “мен зыян тарттым” сөзүндө, мени сөз менен коркутушкандан кийин амал менен зыян жеткиришти деген маани камтылган.  فِي اللَّهِ “Аллах жолунда” сөзү, динди жайып, Аллахтын сөзүн улуу кылууда дегени. أَحَدٌ  “эч ким” – ошол маалдагы адамдардын эч бири мен сыяктуу коркутулуп, азап тарткан жок.

Ал Затка Аллахтын салам салаваты болсун ثَلَاثُونَ مِنْ بَيْنِ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ “отуз күн жана түн” деген сөзүн Ат-Тибий мындай чечмелеген: “Отуз күн-түндөн  аз эмес, тагыраагы, ырааттуу түрдө отуз күн жана отуз түн жегенге эч нерсеси жок ачка калган. Башкача айтканда, Билалдын (Алла андан ыраазы болсун) колтугуна каткан нерседен башка жей турган нерсеси болбогон. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын жана анын сахабаларынын ырыскысынын тардыгы жана анын кеңдиги тууралуу ар түрдүү риваяттардын негизинде буга чейин талкуулап өткөнбүз.

Момундардын энеси Хадича бинти Хувайлид (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам)дын коомуна жаңы рисалатты жеткирип, талыкпай эмгектенип, күрөшүп жатканын жана дааватты көтөрүп чыгууда кандай кыйынчылыкка туш болуп жатканын көргөндө мындай деп айткан: “Эй тууганымдын баласы эс алсаң боло. Ошондо Ал (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Бүгүндөн тарта эс алуу жок Эй Хадича”, – деди. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа салламдын) бул сөзү, эс алууга көңүл буруу мүмкүн эмес экендигин – эгер даават ээси дааваттагы өз милдеттерин сезип, алдында турган иштин улуулугун сезсе –  дааваттын жүгү оор экендигин айгинелеп турат.

Аллахтын жардамы менен жакынкы күндөрү тикелене турган туура жолдогу Халифалыкты тикелөө максатына жетүү үчүн мусулмандар аял-эркек дебей күнү-түнү амал кылуунун убагы келди. Исламдын душмандары Өзбекстандын зындандарында жана башка жерлерде мусулман аялдарды зордукташып, Газадагы наристелерди сөөгүн көтөрүшүп, үммөткө ар кандай кордук жана азаптарды таттырып жатышат.

Ислам душмандары динибизди жок кылуу үчүн күнү-түнү аракет кылышып, тыңчылык кылып, камакка алышып, азапташып, адаштырышып чыккынчы акимдердибизди биздин эркибизге каршы күрөшүүгө мажбурлашууда. Алар аркылуу эркибизди көзөмөлдөп, талаптарыбызды бурмалап, намыстуу элибизди куугунтуктап, Халифалык курула электе анын үнүн басууга аракет кылышууда.

Демек, биз алардан да олуттуу аракет кылууга татыктуу эмеспизби? Аларга караганда биз жең түрүп киришүүгө татыктуу эмеспизби? Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам), ага вахий келген соң аманаттын оордугун билгендиктен, дароо “Оо Хадича, бүгүндөн тарта тыныгуу жок” дегендей, биз да өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө айтууга убакыт жетпедиби? Ооба, биз душмандан да олуттуу аракет кылууга татыктуубуз. Алар жалгандын кемесинде, биз акыйкаттын кемесиндебиз.

Алар каапыр, бузуку жана эки жүздүү адамдар. Биз такыбалыкка жана намыска бек үммөтбүз. Алар дүйнөнүн кулдары, ал эми биз келе жаткан халифалыктын баатырларыбыз Иншаа Аллах. Алар жалаа менен жанды, кан менен намысты соодалашышат. Биз болсо түбү жок түгөнбөй турган Бейиш менен соодалашыбыз. Бул дүйнөдө да, акыретте да Раббибизден сыйлык алуу үчүн асмандар менен жердин падышасы болгон Зат менен соода кылабыз.

Сүйүктүү бир туугандар, кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жоолугушканча Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун!

1445-х 28-шаввал.

2024-ж 7-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here