Трамп Газа согушун токтотууга чакырышынын артында эмне турат?!

1491
0

Трамп Газа согушун токтотууга чакырышынын артында эмне турат?!

Устаз Хамд Табиб

Америкада чыккан «Нью-Йорк Таймс» гезити 2024-жылы 2-апрелдеги санында, мурунку АКШ президенти Дональд Трамптын (израилдик) туткундардын азат кылынышын айтпастан, Газага каршы согуштун токтотулушу керектигин айткан билдирүүсү консерваторлор премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну колдоп-кубаттоодон чегинип жатканына ишара болоорун жазды. Трамп 2024-жылы 26-мартта да «Нью-Йорк Таймс» гезитине «(израиль) эл аралык колдоону жоготууда. Ал Газа согушун токтотушу жана тынчтык жараянын баштоого кадам коюшу керек» деген. Яхудийлердин абдан этият болушу керектигин, анткени дүйнөдө көп нерселерди жоготуп жатканын, көп жардамдардан куру калып жатышканын баса белгилеп: «Бул согушуңарды токтотконуңарды иш жүзүндө көрсөтүшүңөр керек, биз тынчтык орнотпосок болбойт, минтип уланышына жол бербейбиз!», – деди ал. АКШда, региондо жана эл аралык масштабда саясий өзгөрүүлөр ылдамдап бара жаткан учурдагы Трамптын талабы чыныгы саясий позицияны билдиреби же бул анын Ак үйгө баруу үчүн шайлоо кампаниясындагы үгүтүбү? Ушул билдирүүлөр жана алардын акыбеттерин түшүнүү үчүн эл аралык, регионалдык майданда жана АКШда, айрыкча конгресс мүчөлөрү арасында болгон Газадагы согушка байланыштуу айрым өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды жана окуяларды карап чыгуубуз зарыл: 1 – Коопсуздук Кеңешинде 2024-жылы 22-мартта болгон төмөнкү окуя эл аралык саясатта чоң өзгөрүү болуп эсептелет. Тагырак айтканда, Кытай менен Россия Газа согушу башталгандан бери биринчи жолу Кошмо Штаттарга каршы турушту. Башкача айтканда, алар Америка Газа согушундагы максатын ишке ашыруу үчүн Коопсуздук Кеңешинде өз саясатын алга сүргөн резолюцияны чыгартып алышына тоскоолдук кылышты. 2024-жылы 22-мартта БУУнун расмий сайтында: «БУУ Коопсуздук Кеңеши Россия жана Кытай вето укугун колдонгондон кийин Газада ок атууну токтотуу зарылдыгын ырастаган Американын резолюция долбоорун кабыл албады», – делет. 2 – АКШ бийлигинин саясатында Газа согушу боюнча өзгөрүү жүз берди, тагырак айтканда, Коопсуздук Кеңешинде Газа согушун токтотуу жана туткундарды азат кылуу туурасында 2024-жылы 26-мартта чыгарылган эл аралык резолюция вотумунда АКШ бийлиги биринчи жолу бейтарап калды. Ошону менен бирге, Америка Хамасты «7-октябрь окуясы» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин да оозго албады. Бул жөнүндө «Aljazera.net» веб-сайтында 2024-жылы 26-мартта мындай делген: «Бул резолюция Коопсуздук Кеңешинин 10 туруктуу эмес мүчөсү тарабынан кабыл алынды жана 15 мүчөнүн 14ү аны жактап добуш берди». 3 – Газада катардагы калкка каршы тынымсыз болуп жаткан кылмыштарга жана Хамаска басым өткөрүү шылтоосу менен алып барылган ачарчылык саясатына каршы эл аралык коомдук пикир күчөдү. Өткөн аптада Газада «World Central Kinchen» уюмунун мүчөлөрү өлтүрүлгөндөн кийин бул пикирдин тарапкерлери көбөйдү. Британия жетектеген көптөгөн Европа мамлекеттери ушул кол салууну жасагандарга амалий чараларды көрүүнү талап кылышты. Британияда чыккан «Сан» гезитине ылайык, Британия өкмөтү шейшемби күнү яхудийлердин Лондондогу элчисин чакырып, Газага жардам көрсөткөн кызматкерлеринин, үч британиялыктын өлтүрүлүшүн «кескин каралаган». Британия премьер-министри Сунак яхудий вужудун ушул «кырсыктуу окуяга» айкындуулук киргизүүгө чакырган. 4 – Конгресстеги эки партияда болобу, Америкадагы жарандык коом уюмдары жана калк арасында болобу, айырмасыз, Америкада коомдук пикир өзгөрдү. Бул жөнүндө Трамп доорунда яхудийлердин элчиси болгон Жэвид Фридман басма сөзгө берген интервьюсунда: «Республикачылар изоляциясынан турган кооп-коркунучту түшүнөмүн, анткени республика партиясы ичинде бул багытта аракет кылып жаткан тенденция бар», – деди! 2024-жылы 20-мартта «RT Arabic» веб-сайтында кабарланышынча: «Өткөн аптада АКШ сенатындагы көпчүлүк палатанын жетекчиси, демократ Чак Шумер (израилде) жаңы шайлоолорду өткөрүүгө чакырып: “Премьер-министр Биньямин Нетаньяху адашты, ал тынчтык жолуна токсоолдук болууда”, – деди»! АКШ ичинде жана тышында, ошондой эле конгрессте жүз берген мындай өзгөрүү жана басымдардын тушунда эки атаандаш, тагырак айтканда Трамп менен Байден бул өзгөрүүлөрдөн шайлоо багытында пайдалана башташты. Трамп жана анын республикачылар партиясындагы айрым саясий жардамчылары жарыялаган нерсе абалдын чыныгы көрүнүшү болуп эсептелип, бул азыркы саясатка ылайык келет. Трамп өзүнүн шайлоо кайыгын алдыга жылдыруу үчүн бул окуялардан пайдаланууда жана бул нерсе биринчи жолу болуп жаткан жок. Ал мурун Украина согушунан да ушул максатта пайдаланып, согушту токтотууга чакырган! Дональд Тармп бул маселени (Газа согушун) 2024-жылы 26-мартта яхудийлердин «Israelhayom» гезитине берген интервьюсунда билдирип, (израиль) Газадагы согуш себептүү эл аралык колдоонун абдан чоң бөлүгүн жоготуп жатканын эскерткен. Ошондой эле Газа согушун токтотушу жана тынчтык жараянын баштоого кадам коюшу керектигин айтып: «(израилдин) соккулары Газа секторунун көпчүлүк бөлүгүн урандыга айлантты», – деди! Трамптын бул жаңы позициясы согуштун башында карманган позициясынан айырмаланат. Башында ал яхудий вужудуна жардам бербей жатканы үчүн Конгрессте президент Байденге кысым өткөрүү позициясын карманган. Өз кезегинде, бул нерсе Байденди яхудий вужудуна бериле турган жардам пакетин Украина жана Тайванга бериле турган жардам маселесине, чегара проблемасына байлоо аркылуу бир нече жолу туңгуюктан чыгууга үндөгөн. Батыштын саясаты, өзгөчө, Америка жетекчилеринин саясаты принципке эмес, прагматизмге негизделет. Башкача айтканда, бул саясат реалисттик жана пайдапарастык сыпаттары менен өзгөчөлөнүп турат, ошондой эле аткарылышы зарыл болгон нерсеге маани берүүдөн көрө көбүрөөк учурдун агымына көңүл буруп, ар дайым баштаган нерсенин өзүнө эмес, акыбет жана натыйжаларына карайт, тагырак айтканда колдонуп жаткан каражаттарына көз жумуп, натыйжа жана кызыкчылыктар жөнүндө ойлойт. Бул саясат агымдан пайдаланат жана ага карап аракет кылат, айрыкча, шайлоо этабында америкалык шайлоочуларды (элди) ыраазы кылуу жолдорун издейт. Америка калкы азыр Газадагы окуяларга карата көз караштарын өзгөрттү жана согуштун токтотулушун талап кыла баштады. Бул америкалыктар арасында дээрлик коомдук пикирге айланды, жада калса саясий элитада жана конгресс ичинде да. Түпкүлүгүндө, бул сыяктуу билдирүүлөр Демократтар партиясын саясий туңгуюкка кептейт, ошондой эле анын шайлоолордо америкалык шайлоочулар алдында туш боло турган кризисти дагы да күчөтөт. Бул Байдендин согушту токтотуу жөнүндөгү билдирүүлөрүнөн жана бул билдирүүлөрдө америкалык коомдук пикирге жана конгресстеги Демократ мүчөлөрдүн көз караштарына ылайык сүйлөгөнүнөн, Хамастын “кылмышы” жөнүндө ооз ачпаганынан да даана көрүнүп турат. Демократтар жана Республикачылардан турган эки партиянын саясаты шек-күмөнсүз оболу Американын кызыкчылыгына кызмат кылат, ошондой эле яхудий вужудунун кызыкчылыгына да кызмат кылат. Газа согушун колдоп-кубаттоодо алгач эки партия жетекчилеринин тең шайлоо кызыкчылыктары болгон. Ошондой эле, Америка калкын ыраазы кылуу жана конгресстин саясатына шайкеш болууга багытталган. Ал эми азыр коомдук пикир согушка каршы тарапка өзгөргөндө шайлоо кампаниясы жана Ак үйгө келүү багытында өзгөрүүлөр жүз берди. Ошондуктан Трамптын жаңы билдирүүлөрү агымга карап сүзүү жана окуядан америкалык шайлоочулардын багытында пайдалануу тарапка бурулду. Бул нерсе анын Нетаньяхуну жана яхудий вужуду өкмөтүн колдоп-кубаттоо боюнча мурунку позициясына тескери келет. Корутунду катары мындай дейбиз: кафир мамлекеттердин позициялары, негизинен Американын позициясы жада калса яхудий вужудуна каршы позиция болсо да мусулмандарга таптакыр жакшылык алып келбейт. Бул мамлекеттер мусулмандар маселесинен оболу өз кызыкчылыктары үчүн, андан соң албетте яхудийлердин кызыкчылыгы үчүн пайдалануу позициясын карманышат. Американын “эки мамлекет” чечими алкагында согушту токтотуу жана Хамасты согуштук жол менен жок кылуу толугу менен яхудийлердин кызыкчылыгына кызмат кылат. Бул мусулмандардын кызыкчылыгына да, Газа калкынын кызыкчылыгына да таптакыр кызмат кылбайт. Уммат мындай кордуктан, ошондой эле Газада болсун, башка өлкөлөрдө болсун Батыш өкүмдарлыгынан арылышы зарыл. Мунун жалгыз жолу – Умматтын бир мамлекет астында биригүүсү. Себеби, Халифалык мамлекети гана бардык куфр мамлекеттеринин, негизинен Америка жана яхудий вужудунун саясатына каршы тура алат. Азыр берекет жана нусрат айынын акырында турабыз, Аллах Тааладан Ислам Умматын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык саясында тезирээк жарык күндөргө жеткирип, үстөмдүк менен сыйлашын сурайбыз, Аллахумма аамин.

Роя гезити, №490, 2024-жыл, 10-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here