Бишкекте жол акы кымбаттады

2001
0

Бишкекте жол акы кымбаттады

Бишкек шаарында 30-январдан баштап коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом болуп белгиленди.

Бишкекте буга чейин кичи автобустардын жол киреси 15 сом, автобус менен троллейбуста 11 сом болчу.

Өкмөт мындан тышкары, айдоочулар үчүн милдеттүү камсыздандыруу мыйзамын күчүнө киргизип, жол үчүн салык салууну сунуштап жатат. Жол үчүн алына турган каражат автунаага куюлган ар бир литр бензинге 1 сом кошулуп алынмакчы. Булардын баары ансыз да каржалып турган калктын жакырчылыгын дагы да күчөтүшү талашсыз.

Дүйнөлүк банктын отчётуна ылайык, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга өскөн. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда.

Үстүбүзгө капитализм колдонулганы себептүү бүт дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан калкы да мына ушундай зулумдар чеңгелинде жашап жатышат. Жогорулаган айлык-акылардын каршысында инфляция, тагыраагы, товар жана кызматтардын баасы эселеп өсүп жатат.

Мунун каршысында Ислам байлык бир ууч капиталист-монополисттердин колуна топтолуп калышына да, карапайым калктын түрдүү салыктарды төлөп калышына да уруксат бербейт. Тескерисинче, байлыкты байлардан алып муктаждарга бөлүштүрүү менен, коомдогу бакубат жашоону, тең салмактуулукту ордуна коёт! Бул тең салмактуулукту зекет жана үшүр о.э. мурас өкүмдөрү сыяктуу өкүмдөр толук камсыздап берет. Анткени, ал мыйзамдар алсыз адамдын акылынан чыккан эмес, балким, алар күч-кудурет ээси болгон Аллах Тааланын пенделери үчүн берген мыйзамдары!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here