“израил”дин баскынчылыгын геноцид катары таануу аракетинен максат эмне?
Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соту бүгүн 26-январда Түштүк Африка Республикасынын “израил”ге каршы арызы боюнча баштапкы чечимин жарыялады. Анда жөөттөр Газадагы “геноцид” аракеттерин алдын алуу үчүн болгон чараларды көрүүгө, андай аракеттерге тиешеси барларды жазалоого жана сектордогу гуманитардык кырдаалды жакшыртууга милдеттендирилди. Бирок, “ок атышуу токтотулсун” деген чечим болгон жок. Ошондой эле, сот “израил” бир айдын ичинде бул чечимдин аткарылышы боюнча маалымат бериши керек деген бүтүмгө келди. Ал эми геноцид боюнча акыркы чечимди кабыл алууга бир нече жыл талап кылынышы ыктымал.
Түштүк Африка 29-декабрда БУУнун Гаагадагы Эл аралык сотуна арыз менен кайрылган. Аталган өлкө “израил”ди Газа секторунда палестиналыктарды геноцид кылып жатат деп айыптап, согуштук аракеттерин токтотуу талабын коюуну өтүнгөн.
Белгилүү болгондой, 1948-жылы геноцид тууралуу эл аралык конвенция кабыл алынган. Анда геноцид деген түшүнүк «улуттук, этностук, расалык же диний топту толук бойдон же жарым-жартылай жок кылуу ниетинде жасалган аракеттер» деп аныкталган. Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, согуш башталгандан бери 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. Аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп, азык-түлүк жетишсиздиги жогорку чекке жетти. Ал арада бир катар өлкөлөр палестиналык БУУга тиешелүү “Качкындар” агенттигине каржылык жардамды токтотконун билдиришти. Буга агенттиктин айрым кызматкерлери ХАМАС уюмуна аралашкан деген шылтоо себеп болгон. Расмий маалымат боюнча Газада агенттиктин 13 миңдей кызматкери иштейт. Ушу тапта АКШ, Британия, Канада, Финляндия, Италия, Германия, бардыгы болуп 9 мамлекет териштирүү аяктагыча акча бөлүүнү убактылуу токтотконун билдиришкен. Муну менен бул өлкөлөр Газа калкын ачкачылык менен бетме-бет таштап, жөөттөрдүн геноцидине шерик болушууда.
Белгилүү болгондой, Түштүк Африка өзүн Ислам өлкөсү катары жарыялаган эмес. Муну менен өздөрүн Ислам өлкөсү катары көрсөтүп келген кыянатчы бийликтердин абийири айрандай төгүлдү. А бирок, окуянын саясий өңүтүнө келе турган болсок, бүгүнкү күндө капитализмдин эки жүздүү, кош стандарт иштери дүйнөлүк коомчулук алдында зулумдуктун башаты катары көрүнүп калды. Ошондуктан, эл аралык уюмдар жасалма жол менен болсо да эл аралык мыйзамдар иштеп жатканын көрсөтүүгө аракет кылууда. Башкача айтканда, “израил”ди геноцид кылуучу катары таануу аракетинин артында БУУ баштаган эл аралык уюмдардын аброюн тикелөө максаты жатат. Муну менен катар, АКШ бийлиги үчүн Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук максатка ылайыктуу эмес. Айрыкча, ички саясаттагы тирешүүлөр, шайлоо кампаниялары күчөп жаткан чакта. Ошондуктан, АКШ жөөт бийлиги өз планына ылайык жүрүшү үчүн Гаага сотун басым катары колдонууда. Тагыраагы, 90 күндүк тынчтык орнотуу планын жүзөгө ашыруу жолунда жөөт бийлигинин каршылыгын токтотмокчу. А бирок, ар дайым АКШ артынан бычак урууга даяр турган Британия бийлиги жөөттөрдүн чабуулун колдоп-кубаттоодо. Башкача айтканда, Британия өзүнүн Жакынкы Чыгышта орду бар экенин билдирип коймокчу. Ушул максатта өлкөнүн Тышкы иштер министри Кемерон Жакынкы Чыгыш туруна чыкты жана тынчтык орнотуу боюнча өз планын жарыялады. Бул абал АКШ администрациясын ыңгайсыз абалга салып койду. Ошондуктан, жөөт бийлигине каршы оппозициянын аракеттерин күчөтүп жатат. Муну “израил”дин оппозициясы АКШ сунуштаган 90 күндүк планды колдоп-кубаттоолору далилдеп турат.
Жыйынтыктап айтканда, Газадагы мужахиддердин каршы туруу аракеттери дүйнөлүк системаны, аны жайып жаткан куфр державаларын оор абалга кептеп койду. Тилекке каршы аймактагы кыянатчы мусулман өлкөлөрүнүн малайлыгы болбогондо жөөттөрдүн абалы мындан да аянычтуу болмок. Бул кыянатчылардын жөөттөрдүн коргоочусуна айланып калганын ушул мисал ачык көрсөтүп турат.
Иордания парламентинин депутаты Усама Ажарий эки жыл мурдагы жөөттөрдүн Палестинага чабуулу учурунда ушундай деген: “Иордан армиясы кааласа бешим намазын Амманда, аср намазын Аксодо окуй алат”. Депутат бул сөзү менен “израил”дин жасалма кубатын ашкере кылып, аны жок кылуу бир нече сааттык иш экенин белгиледи. Бирок, иордан бийлиги депутатты мандатынан ажыратып, 12 жыл абакка камоо чечимин чыгарды…
Мумтаз Маверанахрий