Саламаттык сактоо министри COVID-19га каршы эмделүүгө чакырды

3206
0

Саламаттык сактоо министри COVID-19га каршы эмделүүгө чакырды

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарды COVID-19га каршы эмделүүгө чакырды. Министр бул тууралуу 8-январда “Синовак” вакцинасын алып жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус боюнча абал туруктуу, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бардык өлкөлөрдү беткап тагынууга жана эмделүүгө чакырууда.

Министрлик билдиргендей, Кыргызстанда “Синовак” вакцинасынан жарамдуулук мөөнөтү быйыл июнь айына чейин болгон 150 миң доза бар. Быйыл биринчи кварталда 20 миң доза Pfizer вакцинасы келиши күтүлүүдө.

2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстан 6 млн 889 миң 780 доза вакцина алган. Анын 1 млн 548 780 дозасы COVAX тутумунун алкагында келсе, 2 млн 780 миң 200 доза гуманитардык жардам катары алынган. Ал эми республикалык бюджеттен 2 млн 560 миң 800 доза “Синофарм” вакцинасы сатып алынган.

Белгилүү болгондой, коронавирусту колонизатор капиталисттер кошумча киреше булагы кылып алышты. Капиталисттер өздөрү айтып келген адамдардын “эркин аракеттенүү укугун” тебелеп, адамдар каалабаса да вакцина алууга мажбурлап жатышат. Колонизатор мамлекеттердин бул саясатын ишке ашырууда биздеги жергиликтүү малайлар олуттуу кызмат көрөстүп жатышат. Ушул жол менен учурдагы капиталисттик система бир ууч байлардын калган катардагы адамдарды эксплуатация кылуусуна шарт түзүп берүүдө. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору жана кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти. Ошондой эле, Оксфам уюму өткөргөн изилдөөдө көрсөтүлүшүнчө, коронавирус пандемиясынан эң көп киреше тапкандар технологиялык компаниялар болгон.

Оксфамдын маалыматына ылайык, пандемияга карабастан дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен. Ошол эле маалда, катардагы адамдардын абалы өтө кейиштүү. Ушул эле Оксфамдын изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, пандемия башталган учурда жакырчылыктын чегинде жашаган миллиарддаган адамдар кирешелеринен кур жалак калышкан, алардын кризистен чыгуусуна үмүт жок.

Ушундай болгон соң, министрдин элди вакцина алууга чакыруусу капиталисттердин капчыгын кампайтуудан башка нерсе эмес. Буга кошумча, Кыргызстанга окшогон алсыз мамлекеттер бул вакциналардын курамын, калктын ден соолугуна зыяндуулугун текшере албайт. Анткени, мындай лабораториялар жок жана аны текшерүү укугу берилген эмес.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here