Кыргызстан Борбор Азиядагы сакал жана никабга каршы күрөшүү кербенине кошулмакчы

2608
0

Кыргызстан Борбор Азиядагы сакал жана никабга каршы күрөшүү кербенине кошулмакчы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев никаб жана узун сакалга тыюу салуу керектиги тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу Чүйдүн Панфилов районундагы УКМК башкармалыгынын жаңы имаратын кечээ ачып жатып айтты.

Анын айтымында, кыргыздар эч убакта шалбырагандарды кийип, эч качан 20-25 жаштагы балдар сакалдарын киндигине чейин түшүргөн эмес. Азыркы тапта башка журттардын, башка диний агымдардын салттарын Кыргызстанга алып келүү аракеттери болуп жатат.

Мунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда никаб жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарылган. Ал мындай чара өлкөдөгү коопсуздук үчүн маанилүү экенин белгилеген. Документте эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу сунушталууда.

Мажитова буга чейин 7-сентябрдагы сессияда кыз-келиндердин никаб кийгенин сындап чыккан. Ал Өзбекстандын парламенти никаб кийүүгө тыюу салганын мисал келтирип, Кыргызстанда да ушул өңдүү чараларды көрүү зарылдыгын айткан.

Ал арада Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши аталган мыйзам долбоору боюнча билдирүү таркатты. Анда, никаб парз эмес экендиги, азыр хижабдын деңгээлине да жете албагандар арбын экендиги айтылды. О.э сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан болуп, аны тыкан, таза кармоо адептерден экендиги белгиленди. Мындан улам, аталган мыйзам долбоорунун негизги демилгечиси расмий бийлик экендиги ачыкка чыгып отурат.

Белгилүү болгондой, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстанда да сакал жана никаб шылтоосу менен Исламга каршы бийликтин күрөштөрү жүрүп келген. Учурда кыргыз бийлиги бул күрөш кербенине кошулуу босогосунда турат. Аталган өлкөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин сакал коюп, намаз окуган жана хижаб кийген адамдар жергиликтүү бийликке чакыртылып, алар менен “түшүндүрүү иштери” жүргүзүлүп келүүдө. Мезгил-мезгили менен рейддер жүрүп, полиция көчөдө бара жаткан сакалдуу адамдарды токтотуп, “диний экстремизм” шеги менен полиция бөлүмүнө алып барышууда.

Албетте, Борбор Азиядагы бийликтердин Исламга каршы күрөшү дароо эле башталган эмес. Балким, өз оппоненттерин жок кылып, диктаторлук режимди орноткондон кийин башталган. Маселен, Өзбекстан канкору Каримов 1999-жылы, 16-февраль жардыруусун уюштургандан кийин массалык түрдө Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн баштаган. Ал терроризмге каршы күрөш шылтоосунда коомдогу Исламий баалуулуктарды жок кылууга аракет кылды. Эркектердин сакалына, ак топусуна жана аялдардын хижабына каршы тиш-тырмагы менен күрөш алып барды. Мектеп жана колледж окуучуларынын мечитке баруусуна о.э. диний билим алуусуна тыюу салынды. 5-сентябрда болсо Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасына никаб кийип жүргөндөрдү административдик жазага тартуу жөнүндө мыйзам долбоору киргизилген.

Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон болсо терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда, ал тургай жаңы төрөлгөн балдарга Исламий ат коюуга тыюу салды. Тажикстан бийлиги он миӊдеген кишинин сакалын мажбурлап алдырып, миңдеген аялдын хижабын чечтирди.

Түркмөнстанда болсо расмийлер өздөрү “динчил” деп эсептеген жарандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшүп, Куръандан башка ар кандай диний адабиятты конфискациялап келет. Түркмөнстан өкмөтү Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Өзбекстан жана Тажикстандан кем калбайт. Мамлекеттин күч түзүмдөрү тарабынан 50 жашка чейинки мусулмандардын сакалын мажбурлап алдыруу, андан соң арак ичүүгө  мажбурлоо, буга моюн сунбаган ыймандуу мусулмандарды катуу таяктап, эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга камап салуу адаттагы көрүнүшкө айланып калган. Мамлекеттик кызматкерлер жана аскер кызматкерлери үчүн намаз окуу сыяктуу ибадаттарга тыюу салынган. Буга моюн сунбагандар дароо иштен алынышат жана ар түрдүү материалдык жана физикалык кысымдарга кабылышат.

Казакстанда Исламий баалуулуктарга каршы күрөш мектептердеги окуучу кыздардын жоолук салынуусуна тыюу салуунун аркасынан катуу күчөгөн. Алыс барбай жакынкы эле окуяга кайрылсак, Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги 6-октябрда коомдук жайларда хижаб жана никаб кийип жүрүүгө тыюу салуу маселесин көтөрүп чыкты. Мекеме муну улуттук коопсуздукка байланыштырды. Тагыраагы, коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөндөрдүн ким экенин аныктоо өтө кыйын имиш.

Кошуна өлкөлөрдө болуп жатканы сыяктуу эле, Кыргызстанда да диний тармак боюнча кабыл алынып жаткан мыйзамдар негизинен Ислам динин жана мусулмандарды чектөөгө багытталган. Кыргызстан бийлиги да коомдо терең тамыр жайып бара жаткан исламий чөйрөнү көзөмөлгө алуу үчүн баскычма-баскыч аракет кылууда. Алгач, “Аллах буйруган амру маъруф жана нахий мункар үчүн пендесинен уруксат алуу шарт эмес”, – дегендерди “Якын Инкар”чылар деп бөлүп, аларды сот аркылуу  “экстеремисттик” уюмдар тизмесине киргизишти. Ал эми, даъватка чыгуу үчүн муфтияттан жана ИИМден уруксат алуу шарт кылынды. Ошентип, “Таблиг” жамаатынан таасирленген даъватчылар экиге бөлүндү.

Учурда Кыргызстан бийлиги өз каршылаштарын сындырып бүткөнүнө ишенүүдө. Ошондуктан, алдыда бийлик үчүн коркунуч катары диний, ыйманий чөйрөнү көрүп жатат.

Түпкүлүгүндө, никаб жана сакалга тыюу салуу өздөрү улуулап жаткан демократиялык баалуулуктарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, Батыш эл аралык майданда өз идеясынан баш тартууну эчак эле баштаган. Башкача айтканда, Батыш үчүн бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандардан башкаларга гана колдонулат. Маселен, сатанизм же дагы башка бузукулуктар үчүн дин экриндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Муну Франциянын 2004-жылы окуу жайларда хижаб кийүүгө тыюу салуусу, хижаб кийген кызматкер муслималарды мамлекеттик мекемелерден кууп чыгаруусу, 2010-жылы коомдук жайларда никаб кийип жүрүүгө тыюу салуусу ачык көрсөтүп турат! Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет! Айрыкча, Ирак, Ооганстан, Сирия жана акыркы Газадагы болгон окуялар эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар бомбалар менен кошо жерге көмүлүп калганын көрсөтүп койгон.       Түпкүлүгүндө, мусулмандар никабды ачкөз демократтар уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кийбейт. Тескерисинче, Исламий баалуулук жана жакшы иш деп кылат. О.э сакалды кафирлер жана анын малайлары тыйып койгону үчүн өстүрбөй калбайт. Тескерисинче, жашоонун бардык тармагына өрнөк болгон Мухаммад мустафа (с.а.в)дын сүннөтү болгону үчүн өстүрөт. Ушундай болгон соң, биз мусулмандар кыргыз бийлигинин диктатура жолунда Исламга каршы күрөшүнө жапа тырмак каршы туруубуз шарт. Анткени, бүгүн никаб менен сакалга тыюу салган бийлик, эртең дааватыбызга, намазыбызга, орозобузга да тыюу салаары табигый.

Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here