Илманийлик-секуляризм Исламдан чыгаруучу эң чоң куфр болуп, ага Куръан, Сүннөт жана Ижмадан далил бар

1480
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Илманийлик-секуляризм Исламдан чыгаруучу эң чоң куфр болуп, ага Куръан, Сүннөт жана Ижмадан далил бар

 Устаз Мухаммад Ахмад Надий

Иордания вилаяты

Акыркы кездерде илманийлик-секуляризм жөнүндө көп сөздөр айтылууда. Мисалы, Эрдаган бир нече ирет илманийликке чакырып, Мисир калкына да илманий мамлекет курууну насаат кылды.

Баса белгилеп айтсак, “العَلْمَانِيَّةُ“ (алманийлик-секуляризм) саясий термин болуп, анын мааниси дагы эле көпчүлүккө сыр бойдон калууда. Айрыкча, Эрдаганга алданган жана аны колдоп жаткан мусулмандар бул сөздүн маанисин туура эмес түшүнүшүүдө. Т.а. алар илманийлик илим сөзүнөн алынган, Ислам буйругандай жана көптөгөн хадиси шарифтерде келгендей, илим талап кылууга үгүттөгөн нерсе деп ойлошууда.

Деги, илманийлик дегени эмне? Кайдан келген? Чыныгы мааниси кандай? Ага карата Ислам кандай позицияда? Бул нерселерди ушул кыска макалада ачыктап өтмөкчүбүз. Аллах жетиштирсин:

“العَلْمَانِيَّةُ“ (алманийлик) сөзү т.а. секуляризм араб тилинде العَالَمُ аалам сөзүнөн алынган. Ал эми, англис жана фрунцуз тилдеринде грек тилинен алынып, эл жана калк деген маанини түшүндүрөт. Т.а. илманийлик руханийлик же өкүмдар диний тайпа сөздөрүнүн антоними. Ойгонуу доорунда бул термин белгилүү бир адамдарга тиешелүү болгон маселелерден айырмаланып, коом же жалпы адамдарга байланыштуу маселелерди түшүндүрдү.

Семит тилдерине келсек, сурий тилинде илманийлик сөзү аалам же дүйнөгө таандык болгон нерселерди түшүндүрөт. Т.а. руханий же метафизикалык дүйнөнү этибарга албоо дегени. Ибраний тилинде, бабил тилинде жана башка тилдерде да дал ушундай. Жалпысынан алганда, илманийлик сөзүнүн илимге же башкасына тиешеси жок, ааламга, дүйнөгө, жер жүзүндөгү маселелерге гана тиешелүү. “Илманийлик” сөзүн биринчилерден болуп миладий онунчу кылымда жазуучу Северус ибн Мукаффа ачыктаган. Ал өзүнүн «Мисбахул акл» китебинде “илманийлик” сөзүн колдонгон.

Британия энциклопедиясында илманийликке мындай түшүндүрмө берилген: «Илманийлик – Акырет жөнүндө кайгыруунун ордуна дунявий иштер менен алектенүүгө ыктаган социалдык аракет. Ал ойгонуу доорунан бери өкүм сүргөн гуманизмдин бир бөлүгү болуп эсептелет. Турмуш иштеринен обочолонууга өтө берилүү жана Аллах менен Акырет жөнүндө көбүрөөк ойлоонун ордуна, адамдын кадыр-кыйматына жана ага байланыштуу нерселерге чакыруу».

Илманий мамлекет доорунда адамзаттын түрдүү маданий жетишкендиктери илманий башкаруу системасын карманган жана динге байланыштуу маселелерге бейтараптык расмий түрдө кепилденген белгилүү бир өлкө же мамлекетте ишке ашкан. Илманий мамлекет бардык жарандарына, алардын диний өзгөчөлүгүнө, пикирлерине карабастан, тең мамиле жасайт, ал тургай, теңдик илманий мамлекетке мүнөздүү болбосо да. Анткени, мамлекет илманий болбостон, анын конституциясында жарандар итикад-ишеним жаатында тең экендиги баса белгиленген болушу да мүмкүн.

Саясий жактан алганда, илманийлик дин менен бийликти бөлүүгө багытталган аракет. Көбүнчө илманийлик чиркөө, синагога, ибадаткана жана мечит таалимдерин мамлекеттин таалиминен бөлүү деп да аталат.

Саясий жактан караганда, илманийликти бийлик менен мамлекеттеги диндин байланышына чекит коюу деп түшүнсө да болот. Мында ыйык жазууларга негизделген мыйзамдардын (мисалы, яхудий жана масихийлердин он буйругу жана шариятынын) ордуна жарандык мыйзамдарды орнотуу жана дин негизинде кемсинтүүнү жоюу максат кылынган.

Дагы мындай деп да айтылат: илманийлик диний «азчылыктын» укугун коргоо аркылуу демократияга илманийлик жана демократиялык коомдун эрежелеринин үстөмдүгүн кабыл алган негизги чоң диндерди да кошот. Бирок, бул чоң диндер баары бир саясий чечимдерге таасир өткөрүүгө, белгилүү бир артыкчылыктарга ээ болууга же чиркөө менен мамлекеттин ортосундагы келишимдер аркылуу таасир өткөрүүгө умтулушу мүмкүн.

Кээ бир мамлекеттер илманий мамлекет экендиги конституцияда жазылган. Мисалы, Канада, Франция, АКШ, Түркия, Түштүк Корея сыяктуу. Негизи, бул мамлекеттердин эч биринин башкаруу формасы бири-бирине окшобойт. Ошол эле учурда, мамлекеттин кандайдыр бир динди расмий кабыл алышы же кабыл албашы анын илманий же илманий эместигин белгилей турган нерсе эмес.

Исламдын илманийликке болгон позициясы.

Илманийлик Исламдан чыгаруучу эң чоң куфр болуп, ага Куръан, Сүннөт жана ижмадан далилдер бар:

Куръандан далил: Аллах Таала мусулман өкүмдарга адамдарга Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм жүргүзүүнү фарз кылды. Аллах Таала бул жөнүндө Мухаммад ﷺга хитаб кылган. Аллахтын Өз Пайгамбарына кылган хитабы ал заттан кийинки Умматка кылган хитаб болуп эсептелет, эгер Пайгамбар алайхиссаламдын өзүнө хостогон (ага гана таандык кылган) далил келбеген болсо. Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَن يَفْتِنُوكَ عَن بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللهُ إِلَيْكَ

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын, алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе жана Аллах сага түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени (буруп) фитнага салып коюуларынан этият болгун»                                                                 [5:49]

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер»            [5:44]

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер»         [5:45]

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар»          [5:47]

﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللهِ حُكْماً لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ

«Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да чырайлуу өкүм кылуучу ким бар?!»                                                                                [5:50]

Жогорудагы аяттардын бардыгы умумий (жалпы) келип, Аллах түшүргөн нерселер менен өкүм жүргүзбөгөн бардык адамдарга тиешелүү. Алардын хос экендигине далил келбеген. Анткени, «Ырас, хостоочу далил келбеген болсо, умумий нерсе умумийлиги боюнча калат» деген шаръий эреже бар.

Сүннөттөн далил: Ибн Мажа өзүнүн «Сунан»ында, Табароний «Муъжамул Авсат»та Абдуллах ибн Умар розияллаху анхумадан Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«يَا مَعْشَرَ الْمُهَاجِرِينَ، خَمْسٌ إِذَا ابْتُلِيتُمْ بِهِنَّ وَأَعُوذُ بِاللَّهِ أَنْ تُدْرِكُوهُنَّ؛ لَمْ تَظْهَرْ الْفَاحِشَةُ فِي قَوْمٍ قَطُّ حَتَّى يُعْلِنُوا بِهَا إِلَّا فَشَا فِيهِمْ الطَّاعُونُ وَالْأَوْجَاعُ الَّتِي لَمْ تَكُنْ مَضَتْ فِي أَسْلَافِهِمْ الَّذِينَ مَضَوْا، وَلَمْ يَنْقُصُوا الْمِكْيَالَ وَالْمِيزَانَ إِلَّا أُخِذُوا بِالسِّنِينَ وَشِدَّةِ الْمَئُونَةِ وَجَوْرِ السُّلْطَانِ عَلَيْهِمْ، وَلَمْ يَمْنَعُوا زَكَاةَ أَمْوَالِهِمْ إِلَّا مُنِعُوا الْقَطْرَ مِنْ السَّمَاءِ وَلَوْلَا الْبَهَائِمُ لَمْ يُمْطَرُوا، وَلَمْ يَنْقُضُوا عَهْدَ اللَّهِ وَعَهْدَ رَسُولِهِ إِلَّا سَلَّطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ عَدُوّاً مِنْ غَيْرِهِمْ فَأَخَذُوا بَعْضَ مَا فِي أَيْدِيهِمْ، وَمَا لَمْ تَحْكُمْ أَئِمَّتُهُمْ بِكِتَابِ اللَّهِ وَيَتَخَيَّرُوا مِمَّا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَّا جَعَلَ اللَّهُ بَأْسَهُمْ بَيْنَهُمْ»

«Эй мухажирлер жамааты мен силерге беш нерсе жетишинен Аллахтан баанек сураймын. Кайсы бир коом фахш (бузуку) иштер менен ашкере алектенсе, аларда ата-бабаларында болбогон өлөт жана оорулар көбөйөт. Кайсы бир коом тараза жана өлчөөдөн уруп калса, кургакчылык жана тыңкыстыкка о.э. акимдердин зулумуна дуушар болушат. Эгер, мал-мүлкүнөн зекет беришпесе, асмандан жамгырдын жаашы азаят, айбандар болбогондо, жамгыр таптакыр жаабай коёт эле. Эгер, Аллах жана Расулуна берген убадаларын аткарышпаса, аларга душмандарын өкүмдар кылып коёт. Ошондо ошол душмандар алардын колундагы байлыктарын тартып алат. Эгер, имам-жетекчилери Аллахтын Китеби менен өкүм жүргүзүшпөсө жана Аллах аларга түшүргөн нерселерди тандашпаса, Аллах алардын кээ бирин кээ бирлерине душман кылып коёт».

Ижмадан далил: Сахабалар, эгер иш ээсинде (жетекчиде) ачык куфр көрүнсө, бул жөнүндө аларда Аллахтан ачык хужжат болсо, албетте ага каршы чыгуу шарт экендигине ижма кылышкан. Алар адилеттүү халифа Умар ибн Хаттабга «Аллахка касам, эгер сенде кандайдыр кыңыр ишти көрсөк, курч кылычыбыз менен оңдоп коёбуз» дешкен.

Исламда мамлекеттин динге болгон мамилесине тиешелүү дагы бир көз караш бар:

  • Исламда шексиз мамлекет болушу керек. Себеби, Исламды даъват жана жихад менен жаюу, шаръий өкүмдөрдү аткаруу, укуктарды коргоо, Исламды дин, акыл, намыс жана мал-мүлктү сактоодон турган өз максат жана идеясына жеткирүү жана дагы башка иштер үчүн мамлекет зарыл.
  • Исламды бийликтен четтетүү жана анын өкүмдарлыгын бекер кылуу менен анын өкүмдөрү жана мыйзамчылыгы кагазда жазылган сыяга айланат. Себеби, өч алууну колдонуу, зекетти чогултуу, жолдордун коопсуздугун камсыздоо, тынчтыкты орнотуу, келишпестиктерди жоюу, жихад жана ушуга окшогон өкүмдөрдү адам жеке өзү аткара албайт. Ислам үстөм болушу, андан эч нерсе үстөм болбошу үчүн Батыштын инсан ойлоп тапкан мыйзамдары Исламдан үстөм коюлбайт.
  • Ислам адамдардын Роббиси менен болгон мамилелерин жана турмуштун бардык тармактарындагы иштерди тартипке салуу үчүн келген. Аллах Тааланын назарындагы кабыл болчу дин – бул Ислам. Ислам – атынан көрүнүп тургандай – Аллахка моюн сунуу, итаат кылуу жана ширктен кутулуу дегени.
  • Аллахтын буйрук жана кайтаруулары турмуштун бардык тармагын камтыган, турмуштун же андагы түзүмдөрдүн баары жөнүндө Аллахтын өкүмү бар. Бул өкүмдөр акыйда, социалдык, тарбиялык, экономикалык жана саясий турмушта кандай мамиледе болуу талаптарын белгилеп, алардын айрым жактарын кеңири ачыктап берген.
  • Куръан андан мурунку кабарлардын арасынан пайдалуу болгондорун, келечек жөнүндөгү билимдерди, халал жана харамды, адамдар бул дүйнө жана Акырет иштеринде, динде жана күнүмдүк турмушта муктаж болгон нерселердин баарын өзүндө камтыйт. Аллах Таала айтат:

﴿وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَاناً لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدىً وَرَحْمَةً وَبُشْرَى لِلْمُسْلِمِينَ

«Сага бардык нерсени баян кылган, хидаят, рахмат жана мусулмандар үчүн сүйүнчү болгон Китепти-Куръанды түшүрдүк»                                                                                    [16:89]

Ибн Касир айтат: «Ибн Масъуд айтат: Мунун мааниси “бул Куръанда биз ар бир илимди жана ар бир нерсени” баян кылдык дегени».

 Роя гезити, №448, 2023-жыл, 21-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here