Мабдага негизделүү – калыстык жана сиратул мустакимдан четтебей жүрүү

749
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мабдага негизделүү – калыстык жана сиратул мустакимдан четтебей жүрүү

Мусулман боордошум, билип койгун, акыйдаң – хидаятыңдын нуру, мабдаңдын башы, акылыңдын өзөгү, пикир жана сакафатыңдын руху, нафсияңдын борбору, шахсиятыңдын пайдубалы, такваңдын булагы жана тууралыгыңдын негизи. Ал эми, «исламдашкан» куфр жана Ислам пардасы менен оролгон кафир илманийлик – сени диниңден бөлүү үчүн коюлган тузак о.э. учур жана келечегиң үчүн коркунуч салып жаткан үрөй учурган коркунуч. Бул тузактын коркунучу аны силерге өткөрүүнү өз мойнуна алган жана өзү силерден болгон Батыш малайларында өз тастыгын табат. Алардын арасындагы Ислам чөйрөсүнө таандык жамааттар, адамдар, даъватчы жана саясатчылар эң кооптуулары болуп эсептелет. Себеби, алар адамдардын арасында кылып жаткан иштери өтө зыяндуу жана кыйратуучу. Андан да жаманы, алар өздөрүнүн тышкы көрүнүшү, атагы жана руханийлиги менен адамдардын ишенимине жетишти. Натыйжада, адамдар алардын жалгандарын тастыкташты. Муътадил исламий жамааттардын илманийликке карай, айрыкча, Эрдагандын руханийликке бөлөнгөн илманийлигине карай умтулушу мунун ачык-айкын далили!

Ушул себептен улам, Аллах берекеңерди берсин, ушуну унутпагыла, мабдага негизделүү – калыстык жана сиратул мустакимден четтебей жүрүү. Аны менен нажатка жана ааламдар Роббисинин ыраазылыгына жетишет. Ал эми, ылайыкташуу туура жолдон ооп, адашуу жана адашкандардын арасында тентирөө болуп, аны менен – Аллах сактасын – анык зыянга жана ааламдар Роббисинин ачуусуна туш болосуң.

﴿أَفَمَنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَى تَقْوَى مِنَ اللهِ وَرِضْوَانٍ خَيْرٌ أَم مَّنْ أَسَّسَ بُنْيَانَهُ عَلَىَ شَفَا جُرُفٍ هَارٍ فَانْهَارَ بِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ وَاللهُ لاَ يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

«Анан бул курулуштарын Аллахтан коркуу жана Анын ыраазылыгынын негизине курган адам жакшыраакпы же курулуштарына жемирилип бара жаткан жар жакасын негиз кылып алып, ошол себептүү өзү да тозок отуна кулаган адамбы?! Аллах мындай залим коомду хидаят кылбайт»                                                                                                                     [9:109]

 Роя гезити, №450, 2023-жыл, 5-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here