Түркиядагы шайлоого назар

1824
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркиядагы шайлоого назар

 Устаз Халид Ашкар (Абу Муътазз Биллах)

Мени бул макаланы жазууга үндөгөн нерсе кувейттик бир даъватчынын шайлоодо Эрдоган жетишкен натыйжа жөнүндө айтканы болду. Бул даъватчы бир-бирине жакын болгон жана Эрдоган Кылычдароглудан бир аз үстөм болгон ушул натыйжа туурасында: «Эрдогандын тарапкерлери менен өзүнүн илманийлигин ачык көрсөтүп жаткан Кылычдароглунун тарапкерлери ортосундагы бул айырма калктын жарымы же жарымына жакыны Исламды каалабастыгын тастыктайт», – деди. (Ал Эрдоганды Исламдын өкүлү деп эсептейт). О.э. бул даъватчы Мисирдеги шайлоо жөнүндө Шафик менен Мурсийдин ортосундагы натыйжа боюнча Мурсийдин тараза ташы оңой эле оор келди деп, ушул суроолорду ортого салды: негизи, Эрдоган же Мурсийге добуш берүү Исламга добуш берүү эмеспи? Эрдоганга же меселен Ганнушийге добуш бербөө Исламды кабыл албоо болуп эсептелбейби?!

Бул, билимсиздик чаташтыруу болуп, бул туурасында ушуларды баса белгилейбиз:

Биринчи: кимде-ким жыйырма жыл бийликте болуп, бирок ушунча убакыт коомду Исламды жана Ислам үчүн аракет кылып жаткандарды жакшы көргөн коомго айланта албаса жана адамдарды Исламды жакшы көргөн кишилерге айлантуу үчүн өзүнүн өкүмдарлык кылган доорун жетиштүү эмес деп эсептесе, демек, Аллах андайлардын өзүнө да, ушунча убагына да береке бербеген болот! Анткени, адамдар өз пикирлерин жана түшүнүктөрүн өзгөртүшү үчүн бир нече он жылдыктар зарыл деген сөз таптакыр туура эмес. Себеби, Набий ﷺ адамдардын жүздөгөн жылдар сыйынып келген өз динин жана түшүнүктөрүн өзгөртүшү үчүн бир нече жыл жетиштүү болгон. Бул үчүн Ислам өкүмдөрүн адамдарга колдонуу жана жахилият мыйзамдары менен өкүм жүргүзбөө жетиштүү болгон. Мунун тескериси катары, бүгүнкү күндө Исламды жамынып алган адамдар же жамааттар жахилият мыйзамдары менен өкүм жүргүзүшүүдө. Адамдар аларды четке кагышканда же башка бирөөнү колдошкондо, бул Исламды жамынгандар добуш алуу үчүн Исламдан пайдаланышууда!

Экинчи: Эрдоганга добуш бербеген адамдар туурасында алар Ислам башкаруусун каалашпайт, тескерисинче илманийликти каалап жатышат деп өкүм чыгаруу туура эмес. Партиясы дээрлик чейрек кылымдан бери бийликте болуп, али да Мустафа Кемал түзгөн конституцияны аткарып жаткан Эрдоган өкүлдүк кылып жаткан бул кандай Ислам?! Анын тарапкерлери «бир нече ондогон жылдар өкүм сүргөн илманийликке каршы Эрдоган эч нерсе кыла албайт» деген сөздү эмнеге мынчалык катуу кармашат?! Аларга жообубуз ушул – Набий ﷺ Мадинаи Мунавварага кирип келгенде мусулмандар калктын болгону бештен бирин түзгөн. Ага карабастан, ал биринчи күндөн тартып Исламды колдонду. Бирок, Мадина элинин куфрга катуу үйрөнүп калышкандыктан же Исламдын колдонулушун каалашпагандыктан ага каршы чыгышкан деген нерсеге таптакыр күбө болбогонбуз!

Үчүнчү: Эрдоган чейрек кылымга созулган өкүмдарлыгында Ислам менен өкүм жүргүзүүнү кааласа, ага эч нерсе тоскоол болбойт эле. Себеби, Түркиядагы адамдар Исламды жакшы көрүшөт жана Ислам менен өкүм жүргүзүлүшүн каалашат. Буга эң күчтүү далил – бир нече жыл мурун дүйнөлүк изилдөө борборлору Халифалык жөнүндө өткөргөн сурамжылоонун натыйжасы. Сурамжылоодо адамдар Халифалык мамлекетинде жашоону абзел көргөн мамлекеттердин бири Түркия болгон. Андыктан, Эрдоганга жана анын илманий партиясына добуш бербеген инсандарды катип Исламды каалашпайт деп айтууга болот?!

Төртүнчү: “Адилет жана Өнүгүү” партиясы эч качан өзүн исламий партия деп айтпаган. Тескерисинче, анын тарапкерлери бул партияны ошондой деп ойлошот. Тескерисинче, “Адилет жана Өнүгүү” партиясы ал илманий партия экенин жана Түркияда Исламдын колдонууга эч качан умтулбаганын ачык-айкын баса белгилеп келет. Бул партия Халифалыкты кулаткан динсиз, кылмышкер Мустафа Кемалдын сүрөтүсүз бир да конференция жана жолугушуу өткөрбөйт. Эгер, мектеп жана университеттерде хижабга уруксат берген болсо, бул анын исламий партия болгондугу үчүн эмес, Батыштын эркиндиктер моделин ишке ашырып жатканы үчүн болууда. “Адилет жана Өнүгүү” партиясы уруксат берген нерсеге Америка, Испания жана яхудий вужуду да уруксат берет. Андыктан, бул жердеги абзелдик каякта?!

Бешинчи: Эрдоган жана анын партиясы Исламды колдонбогону үчүн үзүр-актоо жок. Себеби, чейрек кылымдык өкүмдарлык адамдарды Исламдын колдонулушуна ыраазы кылуу үчүн жетиштүү убакыт. Ага карабастан, анын тарапкерлери «Эрдогандын Исламды колдонуусуна тоскоолдук кылып жаткан нерсе Түркияда салмактуу күчкө ээ илманийлер» деп айтышат! Аларга жообубуз ушул – Эрдоган айрыкча 2016-жылдагы төңкөрүш уюштуруу окуясынан кийин судья жана офицерлерден турган ага каршы ар кандай адамды камакка алды жана узак жылдарга эркинен ажыратууга өкүм кылды. Арийне, мамлекеттин толук өкүмдарына айланды. Башкарууда анын бир да реалдуу атаандашы калбады. Андыктан, эгер Эрдоган Исламды толук колдонууну каалаганда, албетте колдонмок. Мына ошондо анын колдоочусу табигый болмок т.а. Түркиядагы мусулман калкка таянмак. Биз ушуну унутпайбыз, Түркиядагы инсандар кырк миллион квадрат километрден ашуун аянтка өкүмдарлык кылган жана беш кылымдан ашуун дүйнөнүн кожоюндары болгон. Алар алигече өз перзенттерине Эртугрул, Фатих, Сулайман жана Салим деп ысым берип келишет… Андыктан, Түркия жана Эрдоганга эмне жетишпей жатат жана аларды Исламды колдонуудан эмне тосууда?! Эрдоган өлкө ичинен коркуп жатат десек, жогоруда бул туура эмес экенин баян кылдык… Анда, чет мамлекеттерден коркуп жатабы? Бул кимсе чиркөөнү мечитке айлантууну каалаганда Европадан да, башкасынан да коркподу го! Түркиянын газ изилдөө компаниялары газ кендерин издеп, Жер ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндө жүргөндө Эрдоган эл аралык реакцияга таптакыр маани бербеди. Демек, эмнеге Исламды колдонуу жөнүндө сөз болгондо, анын тарапкерлери бул мүмкүн эмес дешет?! Таң калычтуу парадокс – Эрдоган Исламды колдонмокчу экендигин, бирок бул нерсеге эл аралык позиция каршылык кылып жатканын же Исламга каршы болгон кафир оппозиционерлерди жок кылмакчы экенин эч качан айтпаган. Жыйынтык ушул – бул кимсенин Исламды колдонууга кудуреттүү эместиги жалган. Тескерисинче, ал Исламды колдонууну каалабайт. Ал үчүн үлгү Эртугрул же Фатих эмес, тескерисинче Мустафа Кемал. Андыктан, Эрдогандын тарапкерлери падышаны анын өзүнөн да көбүрөөк коргоп алышпасын. Себеби, Эрдоган өзү да, партиясы да илманий… Тарапкерлери буга ыраазы болобу же жокпу, алардын чындыгы ушундай.

Жыйынтыктап айтканда, Исламды колдонуу сыймыгын Аллах ар кимге эле, айрыкча, адамдар менен намаз окуп, куфтанда аларга имамдык кылган, андан соң мубарек жерди басып алган жана жигиттер, карыялар, аялдар жана наристелерди өлтүрүп жаткан яхудий вужудунун президентин тосуп алган кимсеге насип кылбайт… О.э. Аллах бул сыймыкты бир тараптан Айя Сафия мечитин ачып, башка тараптан «Түркияга кирүүгө уруксаты жок» деген шылтоо менен Шам калкын мамлекетке киргизбей, чегараларда алардын өлүмүнө себепчи болгон кимсеге да, же Рамазанда адамдар менен бирге ифтарлык кылып, башка тараптан Афганистан, Ирак жана Шамдагы мусулмандарды кыргын кылууга учактарын берип жаткан кимсеге да насип кылбайт.

Кыскасы, эрдоганчыларга ушуну айтабыз – эгер Түркиянын башына Ислам жана мусулмандарга күнү-түнү душмандык кылган кемалчылар кайра келип, экинчи турдагы шайлоодо жеңип чыгышса, мунун жоопкери Эрдоган жана партиясынын мүчөлөрү болот. Аллах алардан чейрек кылым бийликте эмне кылдың, Исламдын кайсы өкүмүн колдондуң деп албетте сурайт.

Түркия Эрдоган жана анын партиясынын жоопкерчилигиндеги аманат эле. Эгер, экинчи турда адамдар алардын атаандашына добуш беришсе, бул алардын Исламды каалашпагандыгын түшүндүрбөйт, балким, Эрдоган жана анын партиясы ушул аманатка кыянаттык кылышканын түшүндүрөт. Аллахка ант болсун, эртең Эрдоган да, анын партиясы да күч-кубат Ээси алдында «аттиң, бул аманатты бир күн болсо да аткарганыбызда» деп калары анык.

 Роя гезити, №444, 2023-жыл, 23май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here